Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

НАТО: жаңы коркунучтар, Украинага колдоо


НАТОнун 32 мүчөсү Вашингтонго чогулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

НАТОнун 32 мүчөсү Вашингтонго чогулду

Вашингтондо 9-июлда НАТОнун 75 жылдык мааракелик саммити башталды. Эки күндүк жыйында мүчө мамлекеттердин лидерлери альянстын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жолдорун жана Украинага көрсөтүлө турган колдоону талкуулашары күтүлүүдө.

Вашингтондогу Эндрю Меллон залында 9-июлдун кечинде НАТОнун 75 жылдык мааракелик саммитинин ачылыш аземи өттү.

Анда АКШ президенти Жо Байден сөз сүйлөп, Түндүк атлантикалык альянстын жетишкендиктерине жана алдында турган жаңы сыноолорго кеңири токтолду.

"Бүгүн НАТО качандыр бир кездегиден да күчтүү", - деди Байден.

Анын алдында сүйлөгөн уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинадагы агрессиясына токтолду. Ал Москва бул согушта жеңишке жетсе, Иран, Кытай жана Түндүк Корея дагы күчтөнө турганын билдирди.

"Бул согуштун аягы алдыдагы ондогон жылдардагы глобалдык коопсуздук кандай болорун аныктайт", - деди Столтенберг.

НАТО түзүлгөн учур СССР менен “кансыз согуш” башталган кез болчу. Ал эми азыр альянстын негизги коркунучу Орусия болууда. Москванын Украинага каршы ачкан согушунан улам жаралган кооптуу жагдай НАТО тарыхындагы эң олуттуу коркунучтардин бири деп мүнөздөлүүдө.

Байден өз сөзүндө Орусия утпай турганын айтты жана Украинага абадан коргонуу системаларын убада кылды.

“Украина Путинди токтото алат жана токтотот, өзгөчө биздин толук жамааттык колдообуз менен. Алар биздин толук колдообузга ээ”, - деди Кошмо Штаттардын президенти.

Анын айтымында, АКШ, Германия, Нидерланд, Италия жана Румыния атынан Украинага абадан коргонуу боюнча стратегиялык системалардан бешөө жөнөтүлөт. Мындан тышкары жакынкы айларда өнөктөштөр Украинага абадан коргонуу үчүн ондогон кошумча тактикалык системаларды беришет.

Украинанын аймагында азыркы тапта жалпы дүйнөнүн тагдыры чечилип жатканын НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг белгиледи:

“Жана эсиңиздерден чыгарбаңыздар, эң чоң чыгымга жана эң чоң коркунучка эгер Орусия Украинада жеңсе кептелебиз. Андайга жол берилбеши керек. Эгер Путин жеңсе, ал жалгыз өзү гана күчтөнбөйт. Бул Ирандагы, Түдүк Кореядагы жана Кытайдагы авторитардык лидерлерге да кубат берет. Алар баары Орусиянын бул ырайымсыз согушун колдоп жатышат. Алар баары тең НАТО жеңилип калса экен деп турушат. Бул согуш кандай жыйынтыкталат, глобалдык коопсуздуктун алдыдагы он жылдыктарга келечеги ошого жараша болот. Эркиндикти жана демократияны коргой турган мезгил келди. Ошонун орду – Украина”.

Вашингтонго НАТОнун мааракелик иш-чараларына катышуу үчүн учуп барган жана Батыштагы союздаштарынан “Patriot” системаларынан кеминде жетини сурап келаткан украин президенти Владимир Зеленский негизги жыйынга эмес, "Рейган" институтундагы жолугушууга катышты.

Ал өнөктөштөрдүн көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылыгын айтып, АКШ америкалык курал менен Орусиянын аймагындагы аскердик объектилерге сокку урууга койгон чектөөсүн алат деген үмүтүн билдирди. Бул саммитке караганда жалпы дүйнө коомчулугун ноябрда өтө турган АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы көбүрөөк кызыктырып жатканын кошумчалаган Владимир Зеленский Кошмо Штаттардын лидерлигин жана жоопкерчилигин белгиледи:

“Америка дүйнөлүк иштерге кам көрбөсө дүйнө лидери жана дүйнө кыялын жаратуучу боло албайт. Америка өзүнүн күчтүү жактарынан качпашы керек. Дүйнө үчүн эркиндикти сактаган Америка”.

НАТО кантип негизделген?

Мааракелик жыйындын Вашингтондо жана Эндрю Меллон залында өтүп жатканы да жөн жеринен эмес.

Кошмо Штаттардын баш калаасындагы бул залда 1949-жылы 12 мамлекет — Бельгия, Канада, Дания, Франция, Исландия, Италия, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Португалия, Британия жана АКШ Түндүк атлантикалык келишимге кол коюшкан, ал НАТОнун түптөлүшүн негиздеген документ болуп калды.

"Макулдашуу жөн гана документ. Ага кол койгон өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык принциптерин сактоого, бири-бири менен болгон достук мамилени жана экономикалык кызматташууну колдоого, алардын аймагына же көз карандысыздыгына коркунуч жаралганда бири-бирине кеңеш берүүгө макул болушат", - деген эле документке кол коюп жатып Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Гарри Трумэн.

НАТО келишиминин бешинчи беренесинде жазылган принципке ылайык, эгер ага кол койгон өлкөлөрдүн бири кол салууга дуушар болсо, бул калгандарынын баарына чабуул катары каралат.

Ушул убакка чейин бешинчи берене бир гана жолу, 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттарга жасалган террордук чабуулдан кийин колдонулган.

Бул тууралуу НАТОнун ошол жылдардагы баш катчысы Жорж Робертсон жарыялаган.

"12-сентябрда Түндүк Атлантикалык Кеңеш кечээ Америка Кошмо Штаттарына жасалган укмуштуудай кол салууга жооп кайтаруу үчүн чогулду. Эгер бул Кошмо Штаттарга каршы кол салуу чет жактан жасалганы аныкталса, Кеңеш ал Вашингтон келишиминин бешинчи беренесинде каралган аракет катары кароого макул болду",-деген Роберстон.

НАТОну түптөп жатканда АКШ бул макулдашууга жана анын ичиндеги бешинчи беренеге скептикалык көз караш менен карагандардын бири болчу.

Көп өтпөй 2003-жылдын 11-августунда НАТО алгачкы жолу, Европа менен Түндүк Америкадан тышкары жакта - Ооганстанда коалициялык күчтөрүн жайгаштырды. Ал жактан альянска мүчө мамлекеттердин аскерлери кандуу кагылышууга катышууга аргасыз болушту. Ал эми 2005-жылдын декабрь айында НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Ооганстандагы тынчтык орнотуучу күчтөрдү кеңейтүү планын жактырышкан.

Түндүк атлантикалык келишимге кол коюп жаткан АКШнын ошол кездеги президенти Гарри Трумен. 24-август, 1949-жыл.
Түндүк атлантикалык келишимге кол коюп жаткан АКШнын ошол кездеги президенти Гарри Трумен. 24-август, 1949-жыл.

Вашингтондогу саммиттен эмне күтүлөт?

Ушуну менен НАТОнун саммити төртүнчү жолу Кошмо Штаттарда өтүп жатат. Буга чейин ар кандай жылдары эки жолу Вашингтондо, бир жолу Чикагодо уюштурулган.

Бул жолку жыйынга Түндүк атлантикалык альянска мүчө 32 мамлекеттин лидерлеринен тышкары Украина менен Түштүк Кореянын президенттери, Еврокеңештин төрагасы, Еврокомиссиянын төрайымы жана Жапония менен Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары катышат.

Бул жыйынга Швециянын лидери НАТОнун жаңы мүчөсү алгачкы ирет катышат. Ал эми альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин соңку жыйыны. 1-октябрда анын ордуна Нидерланддын мурдагы өкмөт башчысы Марк Рютте келет.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бул жолу альянстын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жолдорун жана Украинага көрсөтүлө турган колдоону талкуулашат. Андан тышкары НАТОнун Европадагы мүчөлөрү курал-жабдык сатып алууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүшөрү жана Украинага 43 миллиард доллар көлөмүндө жардам көрсөтүлөрүн жарыялары күтүлүүдө.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешиндеги НАТО иштери боюнча улук директору Майкл Карпентердин 8-июлда журналисттерге айтымында, өнөктөштөр Украинанын коопсуздугун бекемдөө тууралуу жаңы чараларды жарыялашат. Анын ичине абадан коргонуу системалары жана F-16 учактары да кирери маалым болду.

НАТОнун кызматтан кетип жаткан баш катчысы Йенс Столтенберг. 14-июнь, 2024-жыл.
НАТОнун кызматтан кетип жаткан баш катчысы Йенс Столтенберг. 14-июнь, 2024-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бир нече айдан бери НАТОго мүчө мамлекеттерден абадан коргонуу системасын күчтөндүрүүгө жардам берүүнү, орусиялык күчтөрдү бомбалоосунан аскерлерин, шаар-кыштактарын, маанилүү инфратүзүмдөрүн коргоо үчүн өзгөчө "Патриот" ракеталык системаларынан каралашууну өтүнүп келет.

НАТОнун ачылышындагы сөзүндө Байден Орусия "Украинаны картадан жок кылууга" аракет кылып жатканын айтып, Орусиянын президенти Владимир Путин жаңжалда жеңишке жете албасын ишенимдүү билдирди. Вашингтон жана анын союздаштары Украинага кошумча курал-жабдык, анын ичинде абадан коргонуу системаларын бере турганын жар салды.

Байден менен Зеленский 11-июлда жолугат. Аларга Украина менен коопсуздук тууралуу эки тараптуу макулдашууга кол койгон жыйырмадай өлкөнүн лидерлери кошулат.

“Бул саммит Украинага кандайдыр бир пайда алып келет деп ойлобойм”, - деди АКШнын НАТОДогу элчисинин кызматын 2008-2009-жылдары аткарып турган Курт Волкер.

Ал ошондой эле 2017-2019-жылдары Американын Украинадагы атайын чабарманы болгон.

Байден үчүн маанилүү саммит

Cерепчилер бул жыйын АКШ президенти Жо Байден үчүн маанилүү болорун белгилеп жатышат.

Буга чейин Дональд Трамп менен болгон анча ийгиликсиз теледебаттан кийин Байдендин экинчи мөөнөткө баруу дарамети тууралуу талкуулар күч алды. Айрымдар анын жашынан жана жүрүм-турумунан улам президенттик жарыштан четтөөгө чакырып жиберишти.

Байден өнөктүктү улантууну убада кылууда. 84 жаштагы президент үч күн катары менен НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери менен жолугуп, биргелешип ар кандай иштерди жүргүзөт.

"Менимче, бүтүндөй альянс, НАТОго .мүчө мамлекеттер, Украина Байдендин экинчи мөөнөткө барышын тиленип отурат. Анткени Байден чындап бул альянстын жаңы демин ачты. Украинага колдоо көрсөтүү аракеттеринин башында турду. Ал эми Трамп президент болуп турганда өнөктөштөр менен кызматташуудан баш тарткан. Ал НАТОдон чыгуу тууралуу ойлонуп жаткан. Трамп кайра Ак үйгө келсе, АКШ уюмдун катарынан чыгышы мүмкүн деген кооптонуу бар", - дейт Жоржтаун университетинин профессору Чарльз Капчан.

XS
SM
MD
LG