Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

20-декабрь: Үч өлкөнүн темир жол долбоору башталат, Москвада өзбек жараны эки айга камалды


Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун картасы. Жогорку Кеңештеги презентациядан алынган скриншот.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун картасы. Жогорку Кеңештеги презентациядан алынган скриншот.

20-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Жапаров: Балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоо - негизги милдет

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулук көбөйгөн көрүнүштү сындады. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалады. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун . Бишкекте “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлдү. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет. Темир жол “Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Мэрия Бишкек ЖЭБине бюджеттен 1 млрд сом насыя алууну сунуштады

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тиешелүү сунушу шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Мэр Бишкек жылуулук борбору азыр өтө оор финансылык кырдаалда турганын, ушундан улам насыя алуу керектигин белгилеген. Шаар бийлиги насыяны ЖЭБ өндүргөн жылуулук жана электр энергиясын сатуунун эсебинен чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен төлөөнү пландаштырууда. Кредит беш жылга алынат. Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң кВт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60% жакынын тейлейт. ЖЭБде жалпысынан 15 отказан бар.

2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнө турганын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 20-декабрда Элдик курултайда билдирди. Анын сөзүнө караганда, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогорку билим жана илим министрлиги өзүнчө болот.

Германия: Жаңы жылдык жарманкеге чогулгандарды машине сүзүп, кеминде эки киши набыт болду

Магдебург шаарында алтымыштан көп адам жараат алганын Саксония жергесинин администрация башчысы Райнер Хазелофф. Ал набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Машине менен сүзгөн шектүү кармалды. Хазеллоф кармалган киши 50 жаштагы теги сауд арабиялык экенин айтты. Ал Германияга 2006-жылы келип, дарыгер болуп иштеп жүргөн. "Франс-пресс" агенттиги жазгандай, кара түстөгү жеңил автоунаа топ адамды 400 метрдей жиреп барып токтогон.

Орус армиясы Украинанын аймагына ракетадан жапырт сокку урду, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылды

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко билдиргендей, орус армиясы бир гана баш калаага сегиз ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан "Кинжал" жана "Искендер/КН-23" баллистикалык ракеталары менен сокку урган. Попко кошумчалагандай, чабуулда газ түтүгү жабыркады. Мындан улам 630дай турак-жай, 16 медициналык мекеме, ондогон мектеп жана бала бакча жылуулуксуз калды. Ал эми Киевдин мэри Виталий Кличко калаанын төрт районунан орус армиясынын атып түшүрүлгөн дрондорунун сыныктары табылганын билдирди.

Орусияда генералдын өлүмүнө шектелген өзбек жараны эки айга камалды

Москвадагы Басман райондук соту Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбоновду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы жазды. Маалыматка караганда, ага "адам өмүрүн алган теракт уюштурган, жардыруучу заттарды даярдаган жана сактаган" деген айып тагылууда. Сот жараяны тергөөнүн суранычы менен жабык өттү. Сот материалдарынан белгилүү болгондой, Курбонов 1995-жылы туулган. Үйлөнгөн, эки кичинекей баласы бар. Орусиянын Тергөө комитети жана ФСБ 18-декабрда жасаган билдирүүсүндө украин атайын кызматы 29 жаштагы шектүүгө 100 миң доллар жана европа өлкөлөрүнүн биринде туруктуу жашоону сунуш кылганы айтылат. Бирок ага эч кандай далил келтирген эмес.

Казакстанда "Казахмыс" корпорациясынын шахтачылары иш таштады

Сатбаев шаарындагы "Казахмыс" корпорациясынын шахтачыларынын иш таштаганына үч күн болду. Алар айлык акынын көтөрүүнү жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылууда. Корпорациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Арман Алибектин айтымында, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында айрым кендерде иш калыбына келтирилди. Ал эми "Түштүк Жезказган" кенинин жумушчулары менен сүйлөшүүлөр уланууда. Алибек кошумчалагандай, иш таштаган жумушчуларга айлык акыны 8,5% көтөрүү сунушталды. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы 20-декабрда иш таштагандардын бири менен байланышканда азырынча "эч нерсе чечиле электигин" айтышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG