Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Украина: балдар ооруканасына сокку урулду, жапырт аткылоодон 40тай адам каза тапты


Киевдеги балдар ооруканасына жасалган чабуулдун кесепети
Киевдеги балдар ооруканасына жасалган чабуулдун кесепети

8-июлда орус армиясы Киевдеги балдар ооруканасына сокку урду. Бул күнү Украинанын бир нече шаары аткыланып, андан 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Кеминде 140 киши жараат алды. Алардын арасында балдар да бар.

Курмандыктардын көбү Киевге жана Кривой Рогдо.

Көптөгөн адамдар дүйшөмбү күнү эртең мененки чабуулдан каза тапкан. Акырында Киевге дагы бир ракета чабуулу жасалган. Шаардык администрациянын маалыматы боюнча, бир канча имараттар кыйрап, өрт чыккан. Социалдык медиада уюлгуган түтүн жана жарылуунун үнү жаңырган фото-видеолорду көрүүгө болот.

Аба чабуулуна Днепр, Славянск, Краматорск шаарлары да кабылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги жапырт ракеталык сокку урганын ырастап, Украинанын аскердик жайларын бутага алганын билдирди.

Киевдеги эң ири деп саналган "Охматдет" ооруканасына жасалган ракеталык соккудан кийин тартылган сүрөт, видеолордон онкологиялык илдеттер менен жабыркаган балдар көчөдө тамчылатма дары алып жатышканын көрүүгө болот. Ал эми урандыларды тазалоо иштерине Киевдин тургундары аралашты.

"Биз бул жерге, ооруканага чабуул болордон беш мүнөт мурда келгенбиз. Педиатрия бөлүмүнө жетип калган элек, билбейм, эмне болуп кетти. Мен ракета түштүбү же анын сыныктары түштүбү, тушүнө да албай калдым", - дейт баласын көтөргөн энелердин бири.

Буга чейин баш калаанын мэри Владимир Кличко "уранды алдынан добуштар угулуп жатканын, арасында балдар да болушу мүмкүндүгүн айткан.

Саламаттык сактоо министри Виктор Ляшконун айтымында, 8-июлдагы ракеталык соккудан гемодиализдеги балдар жаткан корпус толугу менен талкаланган. Ооруканага жасалган чабуулдан эки киши мүрт кетти. Алардын бири дарыгер, 30 жаштагы нефролог Светлана Лукьянчук экени маалым болду. Жабыркагандардын арасында балдар бар.

Көчөдөн тамчылатма дары алып жаткан балдар. Киев. 8-июль, 2024-жыл.
Көчөдөн тамчылатма дары алып жаткан балдар. Киев. 8-июль, 2024-жыл.

Калаанын Шевченск районундагы жайкын тургундар жашаган үйгө тийген соккудан бир подьезд толугу менен урап калган. Жардыруудан кийин өрт тутанып, беш кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Ал эми Днепровск районундагы медициналык борборго ракетанын сыныктары түшүп, төрт киши мүрт кеткенин шаардын аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский “40тан ашуун ар кандай түрдөгү ракеталар” менен өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Киев, Днепр, Кривой Рог жана чыгыштагы Донецк облусунун Краматорск жана Славянск шаарларына сокку урулганын билдирди.

“Орусия ракеталары кайда багытталганын билбегенин айта албайт жана кылмыштары үчүн, адамдарга, балдарга, жалпы адамзатка каршы кылмыштары үчүн толук жоопкерчиликти алышы керек”, - деди Варшавага күтүүсүз барган Зеленский. Ал бул оорукана бир гана Украинадагы эмес, Европадагы эң маанилүү балдар ооруканасынын бири болгонун кошумчалады.

Талкаланган ооруканадан коопсуз жакка көчүрүлүп жаткан бейтаптар. 8-июль, 2024-жыл. Киев.
Талкаланган ооруканадан коопсуз жакка көчүрүлүп жаткан бейтаптар. 8-июль, 2024-жыл. Киев.

Украинанын Ички иштер министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча 8-июлда ракеталык соккулардан набыт болгондордун саны 40тан ашты. 140тай киши жараат алды.

Президенттин администрациясынын башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазгандай, “Украинанын аймактары көчөдө эл көп жүргөн маалда аткыланды”. Ал бул үчүн “орусиялык террорчуларды” айыптады.

Соңку алты айдан бери Орусия украин калктуу конуштарына, энергетикалык объектилерге жана башка инфратүзүмдөргө абадан чабуулду күчөткөнү менен, күндүз сейрек сокку урулчу.

Ракеталык соккудан жабыркаган оорукананын жанындагы балдар. 8-июль, 2024-жыл. Киев.
Ракеталык соккудан жабыркаган оорукананын жанындагы балдар. 8-июль, 2024-жыл. Киев.

Украин аскерлеринин айтымында, дүйшөмбүгө караган түнү кеминде үч канаттуу ракета абадан атып түшүрүлгөн.

Генерал Николай Олещук ал ракеталар Житомир жана Черкассы аймактарына багытталганын Телеграмга жазды. Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын лидери билдиргендей, “душмандын абадан жасалган жапырт чабуулунан” Зеленскийдин кичи мекени Кривой Рогдо ондой адамдын өмүрү кыйылып, 30дан ашууну жараат алды.

"Охмадит" ооруканасына жасалган орус армиясынын ракеталык чабуулунун кесепети. 8-июль, 2024-жыл.
"Охмадит" ооруканасына жасалган орус армиясынын ракеталык чабуулунун кесепети. 8-июль, 2024-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагына абадан жапырт чабуул койгонун ырастап, "Украинанын аскердик өндүрүш объектилерин" жана "украин куралдуу күчтөрүнүн аба базаларын" бутага алганын билдирди.

Ошондой эле министрлик украин бийлигинин билдирүүлөрүн төгүндөдү.

Согуш башталгандан бери, көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып келет.

Украинанын коопсуздук кызматы балдар ооруканасына Х-101 ракетасы менен чабуул коюлганын ырастоодо. Буга далил катары ракетанын арткы бөлүгүнүн калдыктары жана айрым башка бөлүктөрү аныкталганы маалымдалды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Киевге жасаган соккуну айыптаган билдирүү таратты.

"Орусия Украинанын жайкын тургундарына аёосуз сокку урууну улантууда. Бүгүнкү аба чабуулдарда ондогон адамдар набыт болуп, жараат алды. Киевдеги ири балдар ооруканасы талкаланды. Украинага абадан коргонуу системалары шашылыш зарыл. Орусиянын аскер кылмыштарына күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартылат", - деди ал.

Киев: Орусиянын соккусу балдар ооруканасын талкалады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

XS
SM
MD
LG