Кыргызстанда 1-июлга чейинки аралыкта катталган 236 сел кырсыгыын чыгымы 170 миллион сомдон ашты. Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден кеминде 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ушу тапта Ноокатта тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Ноокаттагы сел: Таза суу жок, калыбына келтирүү иши уланууда
10 чакты айылда таза суу түтүктөрү жараксыз болгондуктан, ичүүчү сууга муктаждык бар.