Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстанда үч округ боюнча парламентке шайлоо өтүп жатат


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Бүгүн, 30-июнда саат сегизден баштап №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо башталды.

10-июнда башталган шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-июнь таңкы саат 8:00дө аяктаган. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аялдар. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тартты. Эки талапкерди БШК каттаган эмес. Үч округ боюнча парламентке талапкерлердин тизмесин бул жактан окуңуз.

Ноокаттан 91 миң, Ысык-Көлдөн 97 миң жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан 122 миң адам добуш берет.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG