Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Азис Сапаралиев
Азис Сапаралиев

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Былтыр марттан бери жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп келген Мелис Тургунбаев быйыл июндун аягында Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. Ошондон бери министрлик орун бош турган.

Азис Сапаралиев 45 жашта. Буга чейин ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, кийин мекеме Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети болуп уюшулган маалда да анын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG