Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

Франциядагы шайлоо: Мигранттарга каршы Барделланын партиясы жеңип чыгабы?


Франциядагы ашынган оңчулдардын лидери, жаш саясатчы Жордан Барделла.
Франциядагы ашынган оңчулдардын лидери, жаш саясатчы Жордан Барделла.

Францияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү көчөгө чыкты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыктарына караганда, ашынган оңчулдардын партиясы алдыга чыкты. Анын лидери 28 жаштагы Жордан Барделла өкмөт башчы болуу дымагын жар салды.

Түнкү нааразылык акциялары Франциянын баш калаасында башаламандыктар менен коштолду. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү боло баштаганда эле ага нааразылык билдиргендер жекшемби кечинде көчөгө чыккан.

"Үч ай мурда балалуу болдум. Ал азчылыкты сыйлабаган, толерантсыз, бирок өлкөнүн баалуулуктарын сыйлагандай түр көрсөткөндөрдүн өкмөтү башкарган өлкөдө жашашын каалабайм. Биз аларга ишенбейбиз. Мен башка келечек үчүн бул жакка чыктым",- дейт акциянын катышуучуларынын бири.

Марин ле Пен менен Жордан Барделла башында турган “Улуттук биримдик” партиясы добуштардын 34% алды. Экинчи орунга солчулардын “Жаңы элдик фронту” чыкты. Ал эми азыркы президент Эммануэл Макрондун “борборчулары” 20% бир аз көбүрөөк добуш менен үчүнчү орунга араң илинди.

Негизи шайлоо жадыбалга ылайык үч жылдан кийин гана өтмөк. Бирок өткөн айда ашынган оңчулдар Европарламентке болгон шайлоодо ийгилик көрсөткөн соң Эммануэл Макрон мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жарыялап жиберген.

Бул жолку шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 60% катышты. Бул соңку 40 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Шайлоодон кийин башталган нааразылык акциясындагы башаламандык. 30-июнь, 2024-жыл. Париж.
Шайлоодон кийин башталган нааразылык акциясындагы башаламандык. 30-июнь, 2024-жыл. Париж.

Талдоочулардын божомолуна караганда, 7-июлга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасында президенттин альянсы парламентте орундарын жоготуп алышы мүмкүн. Өкмөт башчы Габриэл Атталь дагы кызматында калары күмөн. Анткен менен ал сурамжылоолордун жыйынтыгында Франциядагы эң популярдуу саясатчылардын сап башында турат.

"Бүгүнкү окуянын сабагы ашынган оңчулдар бийликке келүүнүн алдына турушат. Биздин демократиянын тарыхында парламентте ашынган оңчулдар үстөмдүк кыла турган тобокелчиликке жеткен эмес", - деген Атталь шайлоонун экинчи айлампасында ашынган оңчулдардын бийликке келишине жол бербөө зарыл экенин белгиледи.

Ал эми "Багынбас Франция" солчул партиясынын негиздөөчүсү Жан-Люк Меланшон экинчи айлампага өткөн талапкерлерди "Улуттук биримдикти" жеңүү үчүн башка талапкерлерди колдоого чакырды.

Франция: Ашынган оңчул Барделланын партиясы алдыда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Жордан Барделла ким?

Мигранттарга каршы саясатты биринчи орунга койгон ашынган улутчулдардын жаңы жылдызы, 28 жаштагы Барделла 30-июндагы шайлоодон кийин өкмөт башчы болуу дымагын жар салды.

"Мен күнүмдүк турмуш маселелери боюнча өкмөт башчы болоюн деген ниетим бар. Жалпы өлкө боюнча тартип менен коопсуздукту калыбына келтирип, жашоо стандарттарын жакшыртып, анан албетте миграциялык саясатты башкы артыкчылык катары көргөн өкмөт башчы болгум келет",-деген Барделла мындай кадамга анын партиясы парламенттеги көпчүлүк орунга же 289 орунга ээ болгондо гана барарын кошумчалады.

Бул жолку шайлоо өнөктүк болгону 20 күндөй болду. Кыска убакыт ичинде "Улуттук биримдик" партиясы иммиграция, кылмыштуулук жана коопсуздук боюнча өз убадаларын дагы күчөтүүгө жетишти.

Серепчилер белгилегендей, буга чейин ашынган оңчулдарды негизинен улгайган жана орто жаштагылар гана колдоп келчү. Алардын катарына жаштарды дал ушул Барделла тарткан.

Ал өлкөдөгү кымбатчылыкка, жумушсуздукка, турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн аздыгына нааразы жаштардын тилин таап, ТикТокту жакшы өздөштүргөн. Барделланын бул социалдык түйүндө 1,6 миллион катталуучусу бар.

"Улуттук биримдик" партиясынын президенти Жордан Барделла жана парламенттеги фракциясынын жетекчиси Марин ле Пен. 5-ноябрь, 2022-жыл. Париж.
"Улуттук биримдик" партиясынын президенти Жордан Барделла жана парламенттеги фракциясынын жетекчиси Марин ле Пен. 5-ноябрь, 2022-жыл. Париж.

Харизмасы күч, ар дайым тыкан кийинип, мыкты жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн Барделла "Улуттук фронтко" 2011-жылы 16 жашында кошулган. Андан бери партияда бөлүм башчы, аймактык кеңеш мүчөсү болуп жүрүп, 2017-жылкы президенттик шайлоодо лидери Марин Ле Пендин командасына кошулган.

Ал шайлоодо утулгандан кийин Марин Ле Пен "Улуттук фронтту" "Улуттук биримдик" деп өзгөрткөн. 2019-жылы аталган партия Европарламентке болгон шайлоодо утуп, Барделла 23 жашында депутат болгон.

2022-жылы Марин Ле Пен ага партиянын лидерлигин тапшырат. Борделла 27 жашында "Улуттук биримдикти" жетектөөнү өз колуна алган.

Макрондун мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялашынын себеби

Президенттин парламентти таркатуу тууралуу 10-июндагы күтүлбөгөн чечими өлкөдө жер титирөөдөй эле кабыл алынган.

Жергиликтүү байкоочулар Макрон өзүнүн саясий келечегин тобокелге салганын айтышат.

Ал эми айрымдар аны "өлкөнү кесепети оор саясий кризиске кептеди" деп сынга алышты.

Саясат таануучулар белгилегендей, Макрон парламентти таркатуу тууралуу ойлонуп жүргөнүнө бир топ убакыт болуп калган. Анткени эки жыл мурунку шайлоодо бийликтеги борборчул "Бирге" коалициясы парламенттеги көпчүлүк орунга ээ боло алган эмес. Мындан улам Макронго өлкөнү өз каалагандай, натыйжалуу башкарууга тоскоолдук жаралып жаткан.

Башкалар Макрон улутчулардын бийликке келишине жол берип, президенттик шайлоого чейин алардан элдин көңүлүн калтырууну көздөө максаты менен бул кадамга барды.

Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялары менен солчул партиялар ашынган оңчулдардын жеңип кетишине тоскоолдук жаратуу үчүн биригишти.

"Жашылдар", социалисттер, коммунисттер жана ашынган солчулдар биригип "Жаңы элдик фронтту" түзө калышты.

Эми алардын максаты канчалык деңгээлде ишке ашканын 7-июлдагы шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG