Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Украинадагы баскынчыл согуш: Табыт менен келген акча орусиялыкка бакыт тартуулабайт


Орусиянын элчилигинин жанындагы символдук картон табыттар. 2.6.18.
Орусиянын элчилигинин жанында «№200 Жүк. "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясы» деген жазуусу бар символдук картон табыттар коюлду. Киев. 02.6.2018.

Орусиянын карапайым калайыгында путиндик режимдин эгемен Украинага каршы баскынчыл согушуна каршы маанай акырындап гана өсүүдө. Өзгөчө жакындары жексур согушта набыт кеткендердин үй-бүлө мүчөлөрү эми чет-четинен нааразылыктарын айта башташты. Арийне, маалымат эркин таркалбаган орусиялык коомдо согушту калыс аңдоодогу көйгөйлөр арбын. Тарыхчынын блогу.

Ар бир согуш – коомдогу алааматтын булагы. Ал эми жакының адилетсиз, баскынчыл согушка акчанын айынан барып, мерт тапса, ар жагдайга сергек кароого умтулган үй-бүлөлөр үчүн мындай согуш ого бетер жалаңкыч көрүнөөрү бышык.

Бул – жалпы сөздөр эмес.

Бул – учурда путиндик авторитардык режим таңуулаган эгемен Украинага каршы баскынчыл согуштун зардабын түздөн-түз чегип жаткан орусиялык карапайым кишилердин үй-бүлөлөрүнүн ички күйүтүнүн сыпаттамасы.

Айрым орусиялык жетим-жесирлерге путиндик орден-медалдардын деле кереги жоктугу, эң башкысы – зарылчылыгы жок согушка аттанып, набыт кеткен жакындарынын өмүрү – башкы баалуулук болгондугу эми гана ачуу чындык катары аңдалууда.

Украинага каршы согуш карапайым орусиялыктардын өмүрүн 2014-жылдын башынан тартып акырындап мойсой баштаган.

Ал эми расмий Кремл 2022-жылдын 24-февралында эгемен Украинага каршы баскынчыл согуштун кеңири өлчөмдөгү жаңы баскычын баштаган соң, орусиялык карапайым үй-бүлөлөр согуштагы өлүм-житимди өз керт баштары аркылуу мурдагыдан алда канча көбүрөөк сезе башташты.

Шибердеги чакан элдердин өкүлдөрү бул алааматты өзгөчө сезишти.

“Киевди 3–5” күндө эле каратып алабыз го” деген курулай дымак эми артта калып, орусиялыктар узак мөөнөттүү согуштун сазына кептелишти.

Албетте, бул согуш 2014-жылдын башына чейин тынч жашап келген көп этностуу украин эли үчүн тикелей балаа болгондугун айтпасак да түшүнүктүү (бардык согуш аракеттери дал ушул демократиялык өлкөнүн ички аймагында гана орун алууда).

Жаңы кырдаалда Орусия улам жаңы жоокерлерди күргүштөтүп, согуш талаасына айдап, тээ Экинчи дүйнөлүк согуш кезеңиндегидей жоокердик сан жагынан басымдуулук кылуу ыкмасы менен жеңишке жетишүүнү көздөдү.

Арийне, аскердик технологиянын жаңы ыкмаларын өздөштүргөн жана демократиячыл өлкөлөрдүн каржылык жана курал-жарактык көмөгүнө таянган Украина путиндик режим үчүн таптакыр жеңилбес чеп болуп чыкты.

Улам жоокерлеринин сабы суюлган Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн катарын кайрадан толуктап туруу үчүн путиндик бийлик аскер кызматына жарамдуу эркектерди “көп акча берем” деп согушка азгыруу менен гана чектелбестен, эми өз жоокерлери набыт кеткен учурда маркумдардын жакындарына миллиондогон долларлык “табыттык каражаттарды” да убада кылышууда.

Орусиялык жоокердин сөөгү. Луганск облусу, Украина. 10.6.2016.
Луганск облусунун Крымский кыштагына жакын жерде казылып алынган орусиялык эки жоокердин биринин сөөгү. Украина. 10.6.2016.

Орусиянын аймактарынын басымдуу көпчүлүгүндө (өзгөчө алганда, чакан этностор байырлаган жана башка жакыр чөлкөмдөрдө) Куралдуу Күчтөр менен түзүлчү келишимге ылайык кызмат көрсөтүү үчүн убада кылынган “март” акча көлөмүн мыйзамдуу түрдө табууга орусиялык карапайым жарандарга дээрлик мүмкүн эмес.

Жакында “Азаттыктын” Татар-башкыр кызматынын орус тилинде чыгуучу жана Эдил (Волга) жана Орол тоолорунун аймактарынын көйгөйлөрүн чагылдырган “Idel.Реалии” аттуу интернеттик басылмасы Чувашстандын бир катар тургундары менен маектерди жарыялады.

Алардын айрымдарынын жакындары Украинадагы баскынчыл согушта мерт тапса, кээлери туткунга түшкөн же дайынсыз жоголгон.

Чувашстандык тургун болгон бир Наталья деген ардагер айымдын Дмитрий деген кенже уулу Украиандагы баскынчыл согушта набыт кетти (алардын аты өзгөртүлгөн, анткени аттары так жазылса, анда бул айым согушту сындагандыгы үчүн путиндик режим тарабынан айдан ачык куугунтукка кабылышы ыктымал). Дмитрийдин келинчеги – жесир, балдары – жетим болуп калышты.

Натальянын согушта набыт кеткен кенжеси үчүн орусиялык бийликтер анын үй-бүлөсүнө “табыттык” делген беш миллион рубл акча төлөп беришкен. Чувашстандан да кыйла кошумча жөлөк пул төлөнгөн.

Бирок эми Дмитрийдин “балдары өз атасын такыр көрбөй калышат да, бул “табыттык” делген акча эч кандай бакыт тартуулабайт эмеспи!” – деп Наталья жаны күйүп кабарчыга айткан.

Кенже уулу өлгөн соң гана бул согушту маңызсыз деп терс баалай баштаган Наталья азыр жалгыз эмес.

“Бул согушту токтотууга убакыт жетти. Канчалаган уландар мерт кетип жатышат!.. Көрүстөнгө барчу болсок, ушунчалык көп мүрзө пайда болду. Алардын көбү – жаштардыкы, ал түгүл менин уулумдан да жашы кичүүлөрдүкү!” – дейт Наталья.

Жакында “Рашн филд” деген иликтөө долбоору жарыялаган социологиялык маалыматка караганда, сурамжыланган орусиялыктардын ичинен көбүнесе жогорку билимге ээ эмес жана орусиялык аммлекеттик сыналгылардан маалымат алчу бөлүгү Украинага каршы баскынчыл согушту (“аскердик амалдарды”) “ийгиликтүү жүрүп жатат” деп санашкан.

Бирок мындан ары тынчтык сүйлөшүүлөргө өтүү керек, деген сунушту колдогон орусиялыктардын саны кескин көбөйгөн.

Албетте, бир кездердеги тоталитардык коомдордо байкалгандай эле, путиндик Орусияда баскынчыл согушка каршы маанайдагылар эрезеге жеткен калайыктын 20 пайыздайын гана түзөт, деген адистик пикирлер да бар. Бул жалпы апатия авторитардык режим согушка каршы ачык чыккандарды катаал жазалагандыгы менен да байланыштуу. “Мындай каршылык аракеттер – майнапсыз” деген маанай орусиялык коомдо басымдуулук кылып калды.

Жарандык коом путиндик режим тарабынан өлчөөсүз зор соккуга кабылды. Жарандык коом таяна турган дала көз карнадысыз бейөкмөт уюмдар жабылды, оппозициячыл саясий партиялар муунтуп жок кылынды, алардын лидерлеринин айрымдарынын көзү тазаланды, айрымдары абаккка салынды же бозгунга кетти.

Учурда бозгунда жүргөн орусиялык оппозициячыл саясатчы жана ишкер Михаил Ходорковскийдин айтымында: “Орусиялык коом чындап эле согушууну каалабайт. Биз орусиялыктардын 8% гана согушту көксөөрүн же үй-бүлө мүчөлөрүнүн согушка катышуусун каалай турганын көрүп турабыз. Ал эми бул 8%дын олуттуу бөлүгү, жарымынан көбү, жаш курагына ылайык өздөрү согушка барбай турган кишилер экендигин да түшүнөбүз. Башкача айтканда, бул “падышалыкта” баары жоктун баары Путин шардана кылгысы келгендегидей сонун деле эмес”.

Үстүбүздөгү айда (2024-жылы июнда) Бишкекте айрым орусиялык айдыңдар менен көзмө-көз баарлаша алдык.

Алардын айрымдары Орусиянын Украинага каршы согушу “тажаткандыгын” айтышты, тезирээк тынчтык орносо болот эле, деген тилегин билдиришти.

Албетте, башка мекендештеринин көзүнчө Украинаны “Батыштын тактекеси болуп жатпайбы!” деп негизсиз айыптоого далаалат кылгандар да болду. Деги, кандай бааланган күндө да, Украина эч качан Орусиянын аймагына кол салып, согуш баштаган жок го!

Орусиялыктардын кээлери, – жаныбызда таптакыр эч ким жок кезде биз менен баарлашкан маалда, – бул согуш өз өлкөсү үчүн таптакыр маңызсыз болгондугун моюнга алып белгилешти, бирок баскынчыл согуш жаатындагы мындай терс ойду көптөгөн орусиялык кишилер өз кызмат ордунан айрылып калбас үчүн ачык айта албастыгын да бул топтогулар кошумчалашты.

Ал эми өз эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана демократиячыл тандоосун коргоп калуу үчүн умтулуп жаткан Украина акыркы апталарда Батыштагы шериктеринен кан майдан үчүн зарыл болгон аскердик техниканы жана башка технологиялык жабдууларды арбыныраак ала баштады.

Жеке пикиримде, эгемен Украина өзүнүн мыйзамдуу таламдарын канааттандырууга жетише алат. Ал 1991-жылдагы мамлекеттик чек арасын толук калыбына келтирүүгө эми алда канча кудуреттүү болуп калды.

Ошол эле учурда согуш талаасы ар күнү өмүрлөрдү алып кетип жатат...

Бул алааматты тез токтотуунун бир гана чарасы бар: Орусия өзүнүн баскынчыл саясатынан баш тартып, баскынчы аскерлерин Украинадан чукул арада чыгарып кетүүсү керек.

Болбосо дагы далай орусиялык энелер өз балдарынын сөөгүн (“№200 жүк” деп аны тири шумдуктуудай аташат эмеспи) тосуп алып, кан жутуп ыйлаган соң гана жексур согушту жана аны баштаган путиндик режимди каргап-шилеп кала берген жагдай дагы бир азга улантылышы мүмкүн...

Ошол набыт кеткен орусиялык жигиттер оболу башка эгемен мамлекетке кол салып (мейли, Украинаны “бир тууган чыгыш славян өлкө” деп санабай эле коюшсун!), анан ажал отун украин энелердин бейкүнөө балдарына жана украин энелердин өздөрүнө каршы чачып жүргөндүгүн орусиялык далай ата-энелер этибарга албай жаткандыгы өзгөчө өкүнүчтүү.

Бул адилетсиз согушка путтндик режим борбордук азиялык жана башка чет элдик бечараларды азгырып жаткандыгы үчүн да миң мертебе кейип келебиз.

Адилетсиз согушка катышып, табыт ичинде келген жоокердин куну үчүн путиндик авторитардык режим төлөгөн акчанын эч кандай куту болбойт. Баскынчынын табыт менен кошо келген акчасынын эч куту жок!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG