Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

"Бомба түшүп, ок жааганда өлөт экем дедим". Орусия согушка салган чет элдиктер


Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышып жүргөн индиялык жаран. 22-февраль, 2024-жыл.
Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышып жүргөн индиялык жаран. 22-февраль, 2024-жыл.

Орусия чет өлкөлүк жарандарды Украинадагы урушка азгырууну улантууда. Британ чалгын кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн Москва чет элдиктерге 2000 доллар айлык акы жана орус паспортун убада кылууда. Орусиянын азгырыгына илингендердин арасында борбор азиялыктар жана түштүк азиялыктар да бар.

Непал, Индия, Шри-Ланка сыяктуу мамлекеттердин жарандарынын айрымдары жанга баткан жакырчылыктан улам акча табуу үчүн армияга кошулууга аргасыз болушса, кээ бирлери ортомчуларга алданып калганын айтышууда.

"Согушка барууга аргасыз болдум"

24 жаштагы непалдык Шарма аттуу жигит согушта алган жарааттарынан ушул күнгө чейин жакшы баса албайт. Ал чет жактан акча таап келүүнүн жолдорун караштырып жүрүп, ортомчулар аркылуу Орусияга студенттик виза менен баруунун айласын тапкан. Ортомчуга төлөө үчүн Шарма насыя алган. Бирок Орусияга жеткенде ал мындай виза менен иштөөгө уруксат жоктугун билген. Мындан улам ал согушка барууга аргасыз болгонун айтат.

“Насыяны төлөш керек эле. Мен болсо жетиштүү акча жибере албай койдум. Ошондуктан армияда жакшы акча төлөнөрүн эшитип, согушка барууну чечтим. Мен аябай каалагандыктан эмес, кырдаалдан улам ушундай кадамга барууну туура көрдүм”, - дейт Шарма.

Жыл сайын жүз миңдеген непалдык чет жакта жумуш издөөгө аргасыз. Расмий эсеп боюнча алардын саны 400 миңге жетет. Көбү бул үчүн ортомчу агенттерге миңдеген доллар төлөйт.

Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка аралашууга аргасыз болгонун айткан Сурия Шарма. Катманду. 6-февраль, 2024-жыл.
Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка аралашууга аргасыз болгонун айткан Сурия Шарма. Катманду. 6-февраль, 2024-жыл.

Шарма Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн. Ал жеке менчик аскердик компаниялардын катарында согушуп жүргөн непалдыктар бар экенин уккан. Медициналык текшерүүдөн, эки айдай аскердик даярдыктан өткөн.

"Нускамалардын баары орус тилинде болгондуктан, көп нерсени жакшы деле түшүнгөн жокпуз", - дейт ал.

Шарманын сөзүнө караганда, негизинен орусиялыктардан жана алты непалдыктан турган бөлүк Украинанын Купянск калаасы үчүн салгылашка жөнөтүлгөн. Бирок ал жакка жеткиче буктурмага кабылган. Кулак тунган жарылууларда Шарманын жердештери мүрт кеткен.

“Бомба жарылып, ок жаай баштаганда өлдүм деп ойлодум. Өмүр менен коштошууга даяр да болдум. Тирүү калдым. Жаңы жашоом башталгандай”, - дейт Шарма.

Шарманын болжолдуу эсеби боюнча, орус армиясынын катарында Украинада 2000-2500дей непалдык согушуп жүрүшү мүмкүн. Алардын ичинен 150-200дөй мекендеши уруш талаасында жок болгон. Ал эми Непалдын Тышкы иштер министрлиги согуш талаасында 12 непалдык каза болуп, дагы беш жаран украин армиясынын туткунуна түшкөнүн билдирген. CNN телеканалы бир катар булактарына таянып, орус армиясынын катарында Украинада 15 миңдей непалдык согушуп жүргөнүн жазды.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, бул өлкө ички дүң өндүрүмдүн жан башына үлүшү жагынан эң жакыр мамлекеттердин бири болуп саналат.

Шарма буктурмага кабылганда жараат алып, бир нече ай ооруканада жаткан. Кийин эптеп Непалга чыгып кеткен.

Непалдык Сурия Шарма Украинада алган жарааттарын көрсөтүүдө. 6-февраль, 2024-жыл. Катманду.
Непалдык Сурия Шарма Украинада алган жарааттарын көрсөтүүдө. 6-февраль, 2024-жыл. Катманду.

Расмий Катманду өз жарандарына Орусияга жана Украинага ишке барууга тыюу салды. Непалдын өзүндө жарандарды алдоо жолу менен согушка жибергени үчүн кеминде 12 киши камалганы маалым болду.

Катмандудагы саясатчы жана коомдук ишмер Криту Бхандари Украинада согушуп жүргөндөрүн жакындарынын тобун жетектейт. Анын айтымында, соңку жумаларда эле ага 2000дей үй-бүлө согушта дайынсыз жоголгон жакындары менен байланышууга жардам берүү же аларды кайтаруу өтүнүчү менен кайрылган. Алтургай укук коргоочулар Орусиянын Катмандудагы элчилигин алдына чыгып, непалдыктарды согушка азгырууну токтотууну талап кылышты.

Орусиянын Катмандудагы элчилигинин алдына чыккан укук коргоочулар непалдыктарды согушка азгырууну токтотууну талап кылышты. 5-февраль, 2024-жыл.
Орусиянын Катмандудагы элчилигинин алдына чыккан укук коргоочулар непалдыктарды согушка азгырууну токтотууну талап кылышты. 5-февраль, 2024-жыл.

Орус армиясынын катарында согушкан индиялыктар

Орус армиясынын катарында бир гана непалдыктар эмес, индиялыктар жана шри-ланкалыктар да согушуп жатканы маалым болду.

2024-жылы мартта X социалдык түйүнүндө Индиянын жети жаранынын видеокайрылуусу жарыяланган. Аларды орус бийлиги Украинага каршы согушууга мажбурлап жатканын айтышкан. Индиялыктар Орусияга турист болуп 2023-жылдын соңунда келишкен. Көп өтпөй алар турагенттин сунушу менен Беларуска барышкан. Ал жактан милиция кармап, Орусияга өткөрүп берген. Орус полициясы кармалган индустарды котормочусу жок орус тилиндеги келишимге күчтөп кол койдурган.

Индиянын бийлиги расмий Москвага кайрылып, орус армиясы менен келишимге кол койгон индиялыктарды тез арада бошотуп кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган. Бул тууралуу Индиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Рандхир Джайсвал билдирген. Ал орус армиясынын катарында салгылашып жүргөн индиялыктардын санын тактаган эмес.

Reuters өз булактарына таянып, алардын саны болжол менен 100гө жетерин жазды.

Андан тышкары маалымат каражаттары жазгандай, Украинадагы согушка орус тарапта жүргөн жүздөгөн шри-ланкалыктар бар.

Бул өлкөлөрдүн жарандарынын көбү орус армиясына жакырчылыктын айынан кошулууга аргасыз. Шри Ланкадагы 2022-жылкы экономикалык кризистен улам жаралган саясий туруксуздук отун-суунун, дары-дармектин жана азык-түлүктүн тартышсыздыгын пайда кылды. Алтургай бул өлкөнүн армиясында кызмат өтөп жаткан аскерлер айына 65 доллар табарын айтып, мүмкүнчүлүк болсо Орусиянын катарында согушууга даяр экенин билдирген.

Түштүк Азиянын тургундарын орус армиясына азгыруу негизинен социалдык тармактар, айрыкча TikTok аркылуу жүрөт. Индиянын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, айрым индиялык жарандарды фронтко эмес, жөн гана орус армиясындагы кошумча иштерге деп азгырышкан.

Орусия тарапта согушуп жүргөн индиялык Азад Кумардын атасы Юсуф баласын күчөп эле келишимге кол койдуруп, урушка алып кетишкенин айтат.

"Баламды кечинде армиянын лагерине жеткиришиптир. Алар Орусиянын армиясынын катарына кошулуш керек дешкен экен. Бир нерсеге кол коюуга мажбурлашыптыр. Алар жакшы деле түшүнгөн эмес. Интернеттен карап түшүнүүгө аракет кылышыптыр, бирок телефондорун тартып алып коюшуптур", - дейт ал.

Ал эми дагы бир индиялыктын агасы Мохаммад Имран бир тууганына ортомчулар армияда жакшы иш убада кылып, ал үчүн акча да алышканын айтат.

"Алар инимди паспортунун сүрөтүн сурашкан. Ошондой эле иш үчүн 3619 доллар алышкан. Алар аскердик жардамчы болорун, согушка барбастыгын айтышкан. Бирок согуш талаасына азгырып кетишкен", - дейт индиялыктын агасы Мохаммад Имран.

Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышып жүргөн иниси Мохаммед Асфандын орус аскердик формасын кийген сүрөтүн кармап турган Мохаммед Имран. 22-февраль, 2024-жыл.
Орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышып жүргөн иниси Мохаммед Асфандын орус аскердик формасын кийген сүрөтүн кармап турган Мохаммед Имран. 22-февраль, 2024-жыл.

"Чет өлкөлүктөрду азгырган акча жана орус паспорту"

Британиянын Коргоо министрлиги 15-апрелде тараткан билдирүүгө ылайык, Орусиянын бийлиги чет элдиктерди армияга азгыруу үчүн атайын англис тилиндеги китепчелерди чыгарып, таркатууда. Анда бардык шарттар так жазылган. Маселен, Украинадагы согушка орус тарапта согушууга макул болгон чет өлкөлүктөргө бир жолку 2000 доллар төлөм, андан тышкары 2200 доллар айлык акы, Орусиянын паспорту, бекер медициналык тейлөө жана бекер билим алууну убада кылышкан.

“Орусия өлкө ичинде мындан ары калк арасында өтө кеңири мобилизациялык чараларды кабыл албай турууну көздөгөндөй. Орто эсеп менен 913 аскерди күн сайын жоготуп жатканын эске алганда, Орусия куралдуу күчтөрүнүн жеке курамынын санын өстүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктүрүн караштырууда", - деп жазылат Лондон тараткан билдирүүдө.

Британ чалгын мекемесинин маалыматында былтыр 2023-жылдын орто ченинде Интернеттин орус сегментинде борбор азиялык мигранттарга жумуш сунуштаган онлайн жарнамалар жайнап кеткени белгиленген. Анда айына 1973 доллар жана 5140 бир жолку төлөм убада кылынган.

2023-жылы 15-майда Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жөнөкөй жол менен алуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, чет өлкөлүктөр Коргоо министрлиги менен бир жылдык келишимге кол коюшу керек. Мындан көп өтпөй Орусиянын жарандыгын алууга документ тапшырган мигранттарды аскердик комиссаритаттарга каттоодон өтүүгө жиберген учурлар көбөйгөн. Ал жактан борбор азиялыктарды армия менен контракт түзүүгө мажбурлашкан.

Орус паспортун алган мигранттарды аскердик комиссариаттарга чакыруу "Крокус Ситидеги" кол салуудан кийинки рейддерде кайра жанданды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ростов облустук башкармалыгынын өкүлү Дмитрий Ладыгин билдирди.

"Документтерди текшерүү учурунда орус жарандыгын алган 48 адам аскердик каттоого турбагандыгы аныкталган. Аларга аскердик комиссариаттарга жолдомо тапшырылды", - деди ал.

Ал эми Екатеринбургда эл аралык айдоочулук күбөлүгүн орус күбөлүгүнө айырбаштоону көздөгөндөргө дагы аскердик комиссариаттарга жолдомо таратылып жатат.

Орус жарандыгын алган мигранттар бир жыл ичинде эч кандай сынаксыз өз күбөлүктөрүн алмаштырып алса болот.

Борбор Азия мамлекеттеринин баарында чет жакта согушууга мыйзам уруксат бербейт. Мындан улам Орусиянын армиясы менен келишим түзгөн мигранттар кош жарандуулугуна карабай өз өлкөлөрүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Тажикстанда 5тен 12 жылга, Өзбекстанда 5тен 10 жылга чейин, ал эми Кыргызстанда 10-12 жылга эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG