Котормочу жана ауэзов таануучу айым
Даңазалуу казак жазуучусу, аалымы, коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун (казакча Мұхтар Омарханұлы Әуезов; 1897––1961) чыгармачылыгы атпай кыргыз журтуна совет доорунан бери жакшы таанымал. Бул чыгаан казак айдыңы кыргыздын “Манас” эпосунун элдик мүнөзүн тастыктоо үчүн алатоолук айдыңдар жүргүзгөн күрөшкө өзгөчө салым кошкон жана 1950-жылдардагы жаш кыргыз калемгери Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын сырткаркы дүйнөгө таанытууга да үлүшү бар инсан экенин Кыргызстанда карысы да, жашы да дурус билет.
Муктар Ауэзовдун кара сөздөгү эпикалык чыгармасы болгон көп томдуу “Абай” романы XX кылымдагы казак жана борбордук азиялык түрк калктарынын адабияты үчүн бараандуу сере болуп калган.
Биз чакан блогубузда жалпы ауэзов таануу көйгөйлөрүнө эч киришпестен, бул романдын алгачкы эки китебин орус тилдүү окурмандардын мухиттей чоң дүйнөсүнө тааныштырган котормочу жана жазуучу Анна Борисовна Никольская тууралуу азыноолак кеп куруу менен чектелмекчибиз.
Адатта, котормочу дегенде кишилер ийнин куушуруп коюшу мүмкүн: которсо, которгондур да! Бирок бул түйшүктүү иштин артында да чоң тагдыр жатат да!
Албетте, текстти сөзмө-сөз котортуп алып, андан соң ошол деңгээлди башка тилдеги адабий калыпка салып, ийисине жеткирген, бирок өзү которгон китептин түп нускада жазылган тилин эч билбеген котормочулар арбын экендиги талашсыз.
Бирок Анна Борисовна Никольская андай котормочулардан эмес болчу. Бир катар славян тилдеринен тышкары, жаштайынан француз жана немис тилдерин мыкты өздөштүргөн Анна Никольская үчүн агглүтинатив тилдердин бири болгон казак тилин өздөштүрүү жеңилге турган.
Казакча текстти ал кантип аки-чүкүсүнө чейин аңдай алгандыгы анын котормо маалындагы мындай учур тууралуу эскерүүсүнөн эле айкын болот:
«… есть казахское слово “жорга”… Это слово имеет два значения: а) иноходец; б) дипломат. Умеющий словами добиться желаемого, заворожить собеседника своей речью. Одного из второстепенных героев романа М. Ауэзова – Жумабая – так и называли “Жорга-Жумабай” за его дипломатические способности. Ага-султан (то есть старший султан орды) посылает его к старейшинам других казахских родов со сложным поручением.
И вот фраза подстрочного перевода: “Жорга-Жумабай сел на своего жорга и точно слился с ним в одно целое. Настоящий жорга был Жорга-Жумабай!”
На этом я споткнулась. Автор сказал, что он понимает трудность, даже невозможность игры этого слова в переводе. Он предложил мне отступить от казахского текста. Не получилось ни эквиритмии, ни нагнетания шипящих и гортанных звуков, заполнявших фразу оригинала».
Булак: Кешин К. Святая Анна // Литературная Алматы. – 2017. –– № 11; Дагы караңыз: Библиотека и судьба: А.Б.Никольская: Сборник материалов к 120-летию со дня рождения / Составитель Валерий Павлович Леонов. –– СПб.: БАН, 2019. –– Б. 26.
“Казак тилинде “жорго” деген сөз бар... Бул сөз кош мааниге ээ: а) жорго ат; б) дипломат. Мындай киши чечендиги менен өз мүдөөсүнө жетип, өзү менен баарлашканды тим эле арбап алат. М.Ауэзовдун романындагы көмөкчү орундагы кейипкерлердин бири –– Жумабай; аны дипломаттык эпчилдиги үчүн дал ушундайча кылып “жорго Жумабай” деп атап коюшкан. Ага-султан (б.а. ордонун ага султаны) аны бир татаал маселенин түйүнүн чечүү үчүн башка казак урууларынын аксакалдарына жөнөтөт.
Сөзмө-сөз котормонун фразасы мындайча: “Жорго Жумабай өзүнүн жоргосуна минди да, аны менен тим эле бир бүтүнгө жуурулушуп калгандай болду. Жорго Жумабай нагыз эле жорго болчу!”
Мына ушул жерге мен такалып калдым. Автор болсо бул сөздү которгондогу кыйынчылыкты, ал түгүл сөз оюнун которууга мүмкүн эместигин аңдап турганын айтты. Ал (М. Ауэзов. –– Т.Ч.) мага казак текстине байланбастан, чегинүүгө сунуш кылды. Бул фраза казакча түп нускада камтыган эквиритмия (татаал ыргакты сактап калуу принциби) да сакталбады, ошондой эле, шуулдама жана таңдайда жасалчу добуштардын күчөтүлүшү да которууга эч жатпады”.
Котормочулуктун мүшкүлдөрү ар бир беттен учурайт:
“Еще пример: слово "бауыр" означает "печень", а также "родственник", "сородич". Фраза: "Пусть сгорит у тебя бауыр, если ты скажешь, что Қодар тебе бауыр!"
“Дагы бир мисал: казакча “бауыр” сөзү “боор”, “жакын тууган”, “уруулаш” деп да аңдалат. Эми фраза келтирелик: “Эгерде Кодорду (казакча “Қодар”) өзүмдүн боорум дей турган болсоң, анда бооруң күйүп кетсин!”
Буга чейин да “Кыз Жибек” дастаны сыяктуу бир далай чыгармаларды казак тилинен орусчага которууга үлгүргөн дасыккан котормочу Анна Никольскаянын кээде өз алсыздыгын ачык мойнуна алуусу – бул казак тилинде түп нускада чыгарма камтыган керемет дал ошол тилде гана сакталышы мүмкүн экендигин тастыктаган тыянак болуп саналат.
Албетте, башка кошумча каражаттар аркылуу көркөм касиет мүмкүн болушунча оригиналга жакындатып берилээри бышык. Анна Никольская да ушундай усулду жактаган.
Бул чыгарма толук жазылып бүтө электе эле Анна Никольская аны сындагандардан коргоп чыккан. 1944-жылы 15-майда романды коомдук талкуулоо маалында котормочу айым мындайча сүйлөгөн:
«… Книга носит название «Абай». А я бы сказала, что это больше, чем Абай. Это подлинная эпопея, книга о Казахстане третьей четверти ХIХ века, книга самого широкого познавательного значения, в которой найдет интересный материал и историк, и этнограф, и литературовед, и психолог. А центр ее – растущий Абай…
…Вокруг Абая и неотделимо от него встает народ: народ в праздниках, радости, горе, бедствиях, междоусобицах, народ в песнях и искусстве, в быту…»
“Китеп “Абай” деген аталышка ээ. Мен мындай деп айтаар элем: бул –– Абайдан да чоң нерсени камтыйт. Бул –– нагыз эпопея, бул –– ХIХ кылымдын үчүнчү чейрегиндеги Казакстан тууралуу китеп, абдан кеңири агартуучулук мааниге ээ китеп; андан тарыхчы да, этнограф да, адабият таануучу да, психолог да кызыктуу материал таба алат. Китептин өзөгү –– жетилип келе жаткан Абай...
...Абайдын айланасында жана андан эч ажырагыс болуп эл турат: мында элдин майрамдары, кубанычы, кайгысы, азаптары, ич ара уруштары, элдин ырга жана көркөм өнөргө, тиричилик жагдайларына ширелген турмушу сыпатталган...”
Котормочу Анна Никольская, ошентип, ауэзов таанууга да илимпоз адис катары салым кошо алган.
Эки ирет жазыксыз жазаланса да, кайышпаган
Орус элинин совет доорундагы таланттуу адабият таануучусу, орто кылымдардагы чыгыш славян адабиятын изилдөөчү (маселен, “Игордун кошууну жөнүндө баянды” да изилдеген), китепканачы, котормочу катары таанымал Анна Борисовна Никольская XX кылымда орус эли дуушарланган оор сыноолорду жон териси менен тарткан.
Ал 1889-жылы 14-декабрда Санкт-Петербургда туулган. Ал укук адистиги боюнча профессор, көз карашы жагынан падышалык жеке менчик башкарууну жактаган инсан –– Борис Владимирович Никольскийдин кызы болгон. Атасы 1919-жылы большевиктер тарабынан атууга кеткен (2002-жылы июлда Түндүк флоттун аскер прокуратурасы Б.В.Никольскийди атууга кескен кылмыш ишин кайра карап чыгып, аны кайра оолугу менен актаган). Б.В.Никольский топтогон өзгөчө бай жекече китепкананын кору кийинчерээк Советтик Орусиядагы бир нече китепканага, анын ичинде Ленинграддагы Коомдук китепканага, Китеп палатасына ж.б. өткөрүлгөн.
Анна Никольская болсо 1917-жылы аксөөк айымдарга таалим берген Александровдук институтту алтын медал менен аяктаган. Атасы 1919-жылы атууга кеткен соң, оорукчан энеси жана иниси Романга каралашуу түйшүгү Аннага жүктөлгөн (кийинчерээк анын инис Роман өзүнүн “буржуазиячыл жана монархист” атасынан кечип, ОГПУдагы чекисттик кызматка өткөн, бирок өзү 1937-жылы баары бир атууга дуушарланган).
Анна Никольская Маскөөгө келип, чокундурган атасы, алыскы тууганы Георгий Васильевич Чичеринден (ал кездеги тышкы иштер министринен) көмөк сурайт. Анчейин жардам ала албай калган соң, ал Волховкурулушка келип, жумушчулардын сабатын жойгон жана башка мугалимдик кесиптерди аркалаган.
Жумушчу табынын арасында иштеген эмгек стажы ага Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛГУ) Коомдук илимдер факультетине окууга өтүүгө мүмкүндүк берген. Бирок ата-теги монархиячылардан болгону үчүн аны улам окуудан чыгарып салып турушкан. Акыры ал окууну аяктап, ЛГУнун Батыш менен Чыгыштын адабиятын жана тилдерин салыштырма иликтөө илим-изилдөө институтуна аспирантурага кабыл алынган. Бирок 1930-жылы аны “элге жат элемент” катары аспирантурадан чыгарып салышкан.
1931-жылдан тартып ал СССР ИАсынын Китепканасында (ИАК; орусча БАН) иштей баштайт. Илимий макалалар жазат.
1933-жылы жайында Анна Никольская камакка алынган. Анын өзүнүн баамында, ИАКта каттоого алынбаган каражаттарды жогортодон берилген көрсөтмөгө ылайык ары-бери мыйзамсыз таркаткан ИАКтын деректири И.И.Яковкинди Анна сындап койгону үчүн бул төбөл аны каматып койгон.
Анна камакка алынган соң, оорукчан энеси өз жанын өзү кыйып өлгөн.
Аннаны чекисттер ойдон чыгарган “Слависттер иши” боюнча камакка алышкан (ошол эле жылдары Кыргызстанда жок жерден “Социал-Туран партиясы” дегенди ойлоп таап, нечендеген кыргыз айдыңдарын камай башташкан эмеспи!)
ОГПУнун бир коллегиясынын 1934-жылы 2-апрелдеги чечимине ылайык, Анна Никольскаяны Алматы шаарына сүргүнгө айдашкан. Анна Никольская Муктар Ауэзов менен 1935-жылы Алматыдан таанышканын жазат. Бирок чынында алар 1920-жылдардын соңунда эле ЛГУда таанышкан болушу ыктымал деген жоромол бар. Биографиялык маалыматтын айрым барактарын жаап-жашырып коюу СССРде “сактыкта кордук жок” дегендей кеңири таркалган усул болчу. Маселен, Муктар Ауэзов өзү деле 1940-жылдары Сталиндик сыйлыкка талапкер кезинде жазган автобиографиясында 1930-жылдары убактылуу камакка алынган кезеңин эч эскерген эмес. Алматыда сүргөндө жүргөндө Анна Никольская казак тилин үйрөнүп, бир катар казакча чыгармаларды орус тилине которо баштайт (бул котормо ишин табууга ага М.Ауэзов көмөктөш болгон). Алардын арасында “Кыз Жибек”, “Козу Көрпеш – Баян сулуу” лирикалык поэмасы, казак эл жомоктору, ж.б. чыгармалар болгон. Ал Казак пединститутунда француз тилинен жана байыркы орус адабияты сабагынан да сабак берген. Саат басып, сталиндик жазалоолор доорундагы “ежовчулук” кезеңи келип, 1937-жылы Анна Никольская Алматыда кайрадан камакка алынган. Аны ОГПУнун Атайын жыйналышынын 1937-жылдын 10-декабрындагы чечими менен 10 жылга “эл душманы” катары абакка кесишкен.
1943-жылдын жазына чейин ал Свердлов облусунун түндүгүндө Уралдагы ГУЛагда болгон. Майып болуп калганына байланыштуу, аны 1943-жылы Алматыга жайкын сүргүнгө айдашкан. Анна Алматынын жанындагы Тастан жергесинде эптеп бир жертөлөдө жашап калган.
Абак жана сүргүн жылдары ал кургак учук жана башка ооруларга чалдыккан. Түрмөдө сурак маалындагы токмоктоонун айынан анын башы көп ооручу болгон.
Алматыда Анна Никольская М.Ауэзовдун көмөгү менен кайрадан улам жаңы котормо тапшырыктарына ээ болуп, калем акы менен күн көрө баштаган.
Дал ушул маалда ага Муктар Ауэзов өзүнүн “Абай” романынын алгачкы эки китебин которткон.
Ошол эле маалда ал Алматы пединститутунда да сабак берүүсүн уланткан.
1948-жылы ал Казакстан Жазуучулар Биримдигине мүчө болуп калган жана бул уюмдун орус бөлүмүндө иш алып барган.
1950-жылдардын башында ал орустун чыгаан окумуштуусу, биохимик Борис Иванович Ильин-Какуев (1886––1972) менен баш кошкон. Анын күйөөсү да француз, англис, немис тилдерин мыкты билген. Ал эч качан эч бир саясий партияга мүчө болгон эмес.
Болочокку МГУда (мурдагы императордук Москва университетинде) эки башка адистикте таалим алган профессор Б.Ильин-Какуев 1931-жылы декабрда Алматыга келип, 1932-жылдан тартып Казак мамлекеттик медициналык институтунда жаңы ачылган биохимия кафедрасын башкарып, 30 жылдан ашуун мезгил ушул кафедраны жетектеп турган.
1956-жылы Анна Никольская 1930-жылдардагы бардык айыптоолордон толук акталып чыккан. Ошол жылдан тартып ал өзүнүн сталиндик абактагы оор кезеңин чагылдырган өмүрдүк башкы чыгармасын –– “Андан ары узат” («Передай дальше») повестин жаза баштаган. Бул повесттин толук тексти Анна Никольскаянын 1989-жылы (“Кайра куруулар” кезеңинде) Алматы шаарында жарык көргөн бир томдук чыгармалар жыйнагына киргизилген.
Анна Никольская котормочулук жана ар кыл илимий-педагогдук иштерден тышкары, залкар казак аалымы Чокон Валихановдун чыгармалар жыйнагын басмага даярдоо ишине да катышканы маалым.
Анна Борисовна Никольская өзүнө экинчи мекени болуп калган Алматы шаарында 1977-жылы 21-ноябрда көз жумган.
Котормочу, адабиятчы, ауэзов таануучу Анна Никольская орус жана казак айдыңдарынын достугун ширелткен инсан катары Казакстанда ар дайым эскерилип келет. Анын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында ар кыл чаралар өткөрүлүп келет. Анын ысымы Алматыдагы өзү жашаган көчөгө да берилген.
Кыскача адабият:
Библиотека и судьба: А.Б.Никольская: Сборник материалов к 120-летию со дня рождения / Составитель Валерий Павлович Леонов. –– СПб.: БАН, 2019. –– 224 с. –– ISBN 978-5-336-00258-4.
Кешин К. Святая Анна // Литературная Алматы. – 2017. –– № 11.
Кунаев, Диар. Об Анне Никольской – переводчице великого романа Мухтара Ауэзова // Новая газета. – 23.2.2017.