Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

"Бизди коркута алышпайт". Грузияда "чет элдик агентке" каршылар сабалды


Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акциянын катышуучулары.
Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акциянын катышуучулары.

Грузияда “чет элдик агент” мыйзамына каршы толкундоолор уланууда. Бир гана баш калаа Тбилисиде эмес, башка аймактарда дагы демонстранттар мыйзам долбоорун артка кайтарууну талап кылып жатышат. Оппозиция "Орусиядан көчүрүлдү" деп сындаган мыйзам парламентте эки окуудан өткөн. Ал арада демонстрацияны уюштурууга катыштыгы бар активисттер сабалганы маалым болду.

Сабалган активисттер

8-майга караган түнү сөз болуп жаткан мыйзамга каршылыгын билдирип келген үч активист кол салууга дуушар болду. Алардын бири - эл аралык алакалар боюнча эксперт Гия Жапаридзе. Башы-көзү көгөргөн серепчи жеке клиниканын алдында журналисттерге чакан маек берди.

“Мына ушундай окуялар болуп жатат. Мага орусиялыктар эле кол салышты. Экөө эсимде калды. Алар үч же андан көп болсо керек эле. Үйүмдүн жанынан тосуп алып, сабай башташты. Айрымдары таяк менен ургулашты. Эмне үчүн орусиялык мыйзамга каршы чыгып жатканымды сурашты”, - деди Гия Жапаридзе.

Ушундай эле кол салууга “Улуттук кыймыл” партиясынын мүчөсү Дмитрий Чиковани да кабылган. Аны да белгисиз беш адам үйүнүн жанынан сабап кетишкени байкоо камерасына түшүп калган.

Мээсине доо кеткен Дмитрий Чиковани Хечинашвили атындагы клиникага жеткирилди. Ал “Пирвели” телеканалына курган маегинде буларды айтты:

“Бул режимдин аягы көрүнүп калды... Бизди коркута алышпайт. “Грузин кыялынын” күнү бүттү. Бул өлкөдө орусиялык режимге жол жок”.

Андан тышкары 8-майга караган түнү дагы бир активист Лаша Гвинианидзени дагы сабап кетишкен.

“Бул кол салуу менин активдүүлүгүмө байланышкан. Бүгүн 72 жаштагы атама чалып, коркутуп-үркүтүшкөн экен. Биз аны олуттуу кабыл алган эмеспиз. Кечинде карасанатайлыгын ишке ашырышты”, - дейт Тбилисидеги митингдин уюштуруучуларынын бири.

Грузияда сабалган активисттер: Гия Жапаридзе, Лаша Гвинианидзе, Дмитрий Чиковани.
Грузияда сабалган активисттер: Гия Жапаридзе, Лаша Гвинианидзе, Дмитрий Чиковани.

Грузиянын акыйкатчысы Леван Иоселиани тартип коргоо органдарын мыйзамга каршы чыккан жарандарга болгон кол салууларга токтоосуз жана тийиштүү түрдө реакция жасоого чакырган.

“Сын-пикир айткан жарандарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, балдарына кол салуу, куугунтуктоо, коркутуп-үркүтүү кылмыш болуп саналат”, - деп жазылат акыйкатчы тараткан билдирүүдө.

Грузиянын ички иштер министри Вахтанг Гомелаури үч факты боюнча кылмыш иши козголгонун 9-майда маалымдады. Ал кол салуунун бардык түрүн айыптаарын кошумчалады.

Ал арада полиция митингдердин алты катышуучусу "коомдук тартипти бузду" деген кине менен кармалганын 9-майда билдирди. Алар полицияга кол салып, жеке мүлккө зыян келтиргени үчүн айыпталып жатканы маалым болду.

Тбилиси жана башка шаарларда "чет элдик агент" тууралуу мыйзамга каршы чыккан он миңдеген грузин полициянын катаал мамилесине кабылды. Тартип коргоо органдары демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу чачып, желим окторду колдонгону кабарланды. Өкмөт желим ок колдонулганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө. Анткен менен митингдин айрым катышуучулары дал ошол октордон жараат алганы маалым болгон.

Мыйзамга каршы акциялар уланууда

Грузияда демонстрациялар дагы эле уланууда. Баш калаадан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Телави шаарчасынын жаштары “чет элдик агент” мыйзамына каршылыгын билдирип көчөгө чыгышты. Алар мыйзам долбоору Орусиядагыдай эле маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди жана оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоого жол ачып, Грузиянын Евробиримдикке карай багытына балта чабат деп кооптонушат.

"Колумдагы кагазда “Улут каршы чыккан нерсе эч качан ишке ашпайт” деп жазылып турат. Биз бул мыйзамдын кабыл алынышына жол бербейбиз. Муну ишке ашырбоо үчүн менин курагымдагылар колубуздан келгенин жасашыбыз керек", - дейт митингге чыккандардын бири Ана Заалашивили.

Грузин парламенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды.

“Грузин кыялы” партиясы бул мыйзам грант алуучулардын каржысынын ачык-айкындыгын камсыздаарын билдирип, бийлик муну менен өлкөнүн эгемендигин коргоону көздөп жатканын жүйө тартып келет. Мыйзам 17-майда үчүнчү окууда каралат. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбооруна вето коюуга ниеттенип жатканын айткан.

Грузиялыктар Евробиримдикке визасыз кире албай калабы?

Ал арада Евробиримдикке мүчө мамлекеттин элчилери Брюсселде 8-майда Грузиядагы кырдаалды жана “чет элдик агент” тууралуу мыйзам кабыл алынып калса, кандай чаралар көрүлөрүн талкуулашты.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун редактору Рикард Йозвак жазгандай, “Грузин жарандарына визасыз режим токтотулушу” да ыктымал.

Евробиримдик грузин жарандарына шенген аймагына 90 күнгө визасыз кирүүгө 2017-жылы апрелде уруксат берген. Быйыл 25-апрелде Европарламент Грузия жөнүндө резолюция кабыл алган.

Анда парламентарийлер “Грузин кыялы” партиясынын төрагасы Бидзина Иванишвилиге санкция киргизүүгө, мурдагы президент Михаил Саакашвилини түрмөдөн чыгарууга чакырышкан.

Санкция киргизүү тууралуу чечимди эми Еврокеңеш жактырыш керек, ал эми Еврокомиссия бул мыйзам визасыз режимдин критерийлерин аткарууга канчалык таасир тийгизип жатканын карап чыгышы зарыл.

Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили буга чейин Европарламенттин резолюциясын комментарийлеп жатып, эки тараптын ортосундагы визасыз режимге эч кандай коркунуч жок экенин билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, айрым конгрессмендер жана сенаторлор грузин бийлигин мыйзамды кабыл албоого чакырып, аны орус президенти Владимир Путиндин "антидемократиялык инструменти" деп аташты. Кошмо Штаттардын демократиялык өнөктөшү болгон, Европа Биримдигине талапкер макамын алган Грузиядагы мындай демилге кооптонууну жаратып жатканын белгилешти.

Кыргызстанда да талаштуу “чет элдик өкүл” мыйзамына президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон жана “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп ишендирүүгө аракет кылган. Эл аралык, жарандык уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG