Орусиянын Коргоо министрлиги 13-апрелде Сумы шаарына эки “Искандер-М” ракетасы менен чабуул жасалганын ырастады. Министрлик "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командалык штабынын жыйыны" өтүп жаткан жерди бутага алууну көздөгөнүн билдирди.
"Жекшемби күнү орусиялык аскерлер Сумы шаарында Украинанын Северск оперативдүү-тактикалык тобунун командалык штабынын жыйыны өтүп жаткан жерге "Искандер" ракетасы менен чабуул койду. Анда 60тан ашуун украин аскери набыт болду", - деп жазылган маалыматта.
"Киев режими украин калкын тирүү калкан катары колдонуп, калк жыш жайгашкан шаардын борборунда аскер кызматкерлеринин катышуусунда иш-чараларды өткөрүүдө", - деп айтылат орус армиясынын билдирүүсүндө.
Согуш маалында эки тараптын тең маалыматын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаган. Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.
Украин тарап соккудан 35 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт. (AiA)
Шерине