Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:45

Грузия: Талаштуу мыйзамга каршы чыккандар чагымга кабылды


Тбилисидеги талаштуу мыйзамга каршы акция

3-майга караган түнү Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акциянын катышуучулары чагымга кабылганын айтышты. Акция өтүп жаткан жерге бир нече киши барып, айрымдарды ур-токмокко алганын «Азаттык» радиосунун грузин кызматы билдирди.

Грузин парламенти оппозиция жана жарандык коом Орусиядан көчүрүп алган деп каршы чыгып келаткан "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды.

Документти 150 депутаттын 83ү - бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү жана алардын өнөктөштөрү колдоду. Добуш берүүгө оппозициялык маанайдагы депутаттар катышкан жок. Мыйзам долбоорун толук кабыл алуу үчүн документ үчүнчү окууда кабыл алынышы керек. Добуш берүү 17-майга белгиленген.

30-апрелде аталган документ экинчи окууда каралып жатканда парламенттин жанында митингчилер менен полиция кагылышты. Оппозиция жана жарандык коом документ Орусиянын "чет элдик агент" мыйзамынан алынган деп, долбоорго каршылыгын билдирүүдө.

1-майга оогон түнү полициянын атайын күчтөрү акцияга чыккандарга атайын каражаттарды колдонду.

Кагылышуу маалында күч түзүмдөрү суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды, калемпир газын, ошондой эле резина ок колдонгону кабарланды.

Оппозициянын жыйырмадан ашык өкүлү Руставели проспектисинде нөөмөттө турган "тез жардам" машинелеринин дарыгерлерине кайрылды. Жабыр тарткандар көзү жарым-жартылай көрбөй калганына даттанышкан.

Социалдык тармактарга “Улуттук кыймылдын” лидери Леван Хабеишвилинин бети-башы көгөрүп, жаракат алган сүрөтү да тарады. Оппозиционердин көзү көгөрүп, кашы жарылып, мурду сынганы, тиши түшкөнү айтылууда.

Леван Хабеишвили
Леван Хабеишвили

Анын партиялаштары Леван Хабеишвили акция учурунда полиция тарабынан катуу сабалганын билдиришкен. Оппозиционер өзү клиникадан видео кайрылуу жасап: “Менин эч жерим ооруган жок. Көзүм айыгат, денем жана башкасы өтүп кетет. Путинчилер менен күрөш уланышы керек” деп билдирди.

Полиция менен болгон кагылышта "Жарандар" партиясынын лидери Алеко Элисашвили да жаракат алган. Соцтармактарда тараган видеолордо ал полициячыларга барган учурда аны жерге басып жыгышканын көрүүгө болот.

Ага чейин "Агмашенебели Стратегиясы" партиясынын лидери Георгия Вашадзе да полициядан жабыркаганы айтылган.

Жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүктөрү митингге чыккандарды парламент имаратынын жанынан толугу менен сүрүп чыгарды. Ички иштер министрлиги каршылык акциясына чыккандардан 63 киши кармалганын кабарлады. Акциянын катышуучулары "сөз эркиндигинин чегинен чыгып, полицияга каршы күч колдонуп жиберди" деп билдирди.

30-апрелде Грузия парламенти өлкөдө массалык нааразылык жараткан "чет элдик агент жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, бирок аны кабыл ала алган эмес. Иш кечке чейин созулуп, талкуу 1-майга жылган болчу.

Полиция депутаттарды имараттан араңдан зорго чыгарды, себеби акциянын катышуучулары имараттын бардык чыга бериш эшиктеринде "Грузин кыялы" бийликчил партиясынын депутаттарына "абийир коридорлорун" уюштуруп, аларды уяткарышмак болду.

Акцияга Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймылы", "Лело" партиясынын жана башка оппозициялык күчтөрдүн лидерлери катышты. Алардын айтымында, "орус мыйзамынын" кабыл алынышы жарандык коомго каршы репрессияны мыйзамдаштырып, Грузияны демократиялык жолдон чыгарып, "Орусиянын басып алышына" алып келет.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген "чет элдик агент" мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы каршы чыккан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партия сунуштаган. Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп отурат.

29-апрелде "Грузин кыялы" мыйзам долбоорун колдоп ири акция өткөрдү. Анда сөз сүйлөгөн миллиардер, экс-премьер жана "Грузин кыялынын" негиздөөчүсү Бидзина Иванишвили чет элдик чалгын кызматтарын өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады.

Эгер мыйзам кабыл алынса, чет өлкөдөн каражат алгандар "чет элдик агент" катары каттоодон өтүшү керек болот.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтууда.

Документти сындагандар аны Орусиянын окшош мыйзамынын көчүрмөсү деп, Кремль аны оппоненттердин оозун жабуу үчүн колдонуп жатканын баса белгилешти.

Батыш Грузия парламентинде талкууланып жаткан мыйзам долбоору жарандык коомду көзөмөлдөө максатын көздөй турганын эскертүүдө.

29-апрелде АКШнын эки таасирдүү депутаттары Жерри Коннолли жана Остин Скотт грузин бийлигин талаштуу мыйзамдарды кабыл алуудан баш тартууга чакырышты.

"Путин бул мыйзамды Орусияда сөз эркиндигин кескин чектеп, жарандык коомду иш жүзүндө жок кылып, катаал диктатордук бийлигин андан ары бекемдөө максатында колдонгон", - деп белгилешти алар.

Грузия өткөн жылдын декабрында Европа биримдигине кошулууга мүмкүнчүлүк алган, шаркет эгер бул мыйзам кабыл алынса, өлкө биримдикке мүчө болбой калышы ыктымал деп билдирди.

"Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" (бул мыйзам Кыргызстанда "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам катары белгилүү - ред.) деп аталган мыйзам эгер ал кабыл алынса, Грузияда каржылоосунун 20% көбү сырт жактан келүүчү уюмдар атайын каттоодон өтүшү зарыл болот.

Грузин парламентиндеги азыркы талкуу оппозицияны жана эркин журналисттерди чектөө менен коштолууда.

Миңдеген кишилер мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, борбор калаа Тбилисиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, айрым конгрессмендери жана сенаторлору грузин бийлигин мыйзамды кабыл албоого чакырып, аны орус президенти Владимир Путиндин «антидемократиялык инструменти» деп аташты жана Кошмо Штаттардын демократиялык өнөктөшү болгон, Европа Биримдигине талапкер макамын алган Грузиядагы мындай демилге кооптонууну жаратып жатканын белгилешти.

XS
SM
MD
LG