Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Ала-Букада сел машинени агызып, үйдүн короосун каптады


Сел. Иллюстрациялык сүрөт.
Сел. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 14-апрелде саат 15:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгыр жаап, натыйжада сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин Фейсбуктагы баракчасында жарыялангандай, мөндүр аралаш жааган жаандан улам, кокту-колоттордон сел түшүп, бир үйдүн короосун каптаган. Сел “ВАЗ 2017” үлгүсүндөгү автоунааны агызып келип, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.



Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылды. Учурда тактоо иштери жүрүүдө, кырдаал көзөмөлгө алынды деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен. Министрлик ӨКМдин аймактардагы башкармалыктары менен чогуу жергиликтүү бийликтерге сел өтүүчү арык-каналдарды тазалап, коркунуч жараткан суу жээктерин бекемдөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашкан. Жыйырмадан ашуун киши каза тапкан. Табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян келтирилген. (ZКo)


Шерине

XS
SM
MD
LG