Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Орусияда экстремизмге айыпталган "Жахаба күбөсү" соттон акталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда экстремизм үчүн айыпталган «Жахаба күбөсү» соттон акталып чыкты. Орусиянын курамындагы Кабардин-Балкар республикасынын Май райондук соту 2-майдагы чечими менен Кирилл Гущинди «экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштурган» деген айыптан актады.

Кылмыш иши 2020-жылы козголгон. Прокуратура аны жалпы тартиптеги колонияга жети жылга камоону, сот чечими чыкканча абакта кармоону сунуш кылган. Сот прокурордун сунушун четке кагып, Гущинди сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошоткон.

Бул республикада буга чейин «Жахаба күбөлөрү» акталган эки окуя болгон. 2020-жылы Юрий Залипаев, 2019-жылы Аркад Акопян күнөөсү жок экени сотто аныкталган.

«Жахаба күбөлөрүнүн» иш козголгон мүчөлөрү адатта эркинен ажыратылган, президенти Владимир Путин православ болгон Орусияда 2017-жылы Жогорку сот бул диний уюмду «экстремисттик» деп жарыялап, ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин өлкө аймагында бир нече кылмыш иши козголгон. Мындай куугунтукка чогуу сыйынуулар, диний кызматтар, жолугушуулар жана диний китептерди чогуу окуулар негиз болуп жатканы кабарланган.

2021-жылы ошол эле соттук мекеме «Жахаба күбөлөрүн» экстремисттик деп таанууга негиз жоктугу тууралуу чечим чыгарган. Адам укуктары боюнча Европа соту бул уюмдун мүчөлөрүнүн куугунтукка алынышын мыйзамсыз деп атаган.

Орусияда экстремизм үчүн айыпталгандар соттон акталган окуялар, укук коргоочулардын белгилешинче, сейрек катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG