Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан жолдордун сапаты боюнча сындарга жооп берди.
Ал 7-апрелде “Кабар” агенттигине курган маегинде жол салууда сапат жагынан кемчиликтер болуп жатканын айтып, ал 3-5 жылда калыбына келе турганын тактады.
Буга чейин президент Транспорт министрлиги жолду жеке компанияларга салдырып, бычылган баанын 10% өздөрүнө алып келгенин, кийин бул ишти министрлик өзү аткара тургандай шарт түзүлө баштаганын белгиледи.
Анын айтымында, министрликтин жетиштүү техникасы болбогону үчүн 2022-2023-жылдары 297 техника алып келинген, быйыл дагы 453үнүн келиши күтүлүүдө.
“Былтыр гана өзүбүздүн күчүбүз менен жолдорду масштабдуу салууга киришти. Анда деле адистердин тартыштыгынан мөөнөтүндө бүтүрүш үчүн салына турган жолдордун бир аз бөлүгүн жеке компанияларга берүүгө аргасыз болушууда. Ошого карабай жыйынтык, жылыштар бар”.
Жапаров соңку жылдары жолдорду асфальттоо иши пландан ашыкча аткарылып жатканын, былтыр 673 миң чакырым жолго жаңы асфальт төшөлгөнүн кошумчалады. Алдыда жети облуста асфальт-бетон заводдору ачыларын, жол курууда керектүү битум былтыртан бери өндүрүүчүлөрдөн ортомчусуз түз алына баштаганын белгиледи.
Президенттин маалыматына караганда, былтыр Бишкек шаарындагы 18 көчөнүн жолун капиталдык оңдоодо 15 жеке компания тартылган, алардын алтоосунун жумушунда кемчиликтер аныкталып, өз каражатынын эсебинен кайра оңдошот.
Быйыл жаздын келиши менен Бишкектеги жолдордо аң-чөнөктөр көбөйгөнү коомчулукта талкуу жаратып, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Айрым депутаттар жолдун сапатына нааразы болуп, чара көрүлүшү керектигин белгилешкен.
Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы калаадагы жолдорду оңдоп, жамоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.