Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Мандатынан ажыратылган депутаттар боюнча комиссия түзүү сунушталды


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков мандатынан ажыратылган депутаттар жана алардын айланасындагы иштер боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

Бул тууралуу эл өкүлү 13-мартта депутат Шайлообек Атазов мандатынан ажыратуу боюнча Бишкектин административдик сотунун чечими, Жогорку Кеңештин айланасындагы окуялар тууралуу сөзүнөн кийин маселе көтөрдү.

“90 депутаттан 13 депутат кетти. Биз бул мыйзамсыз экенин дайыма айтып жатабыз. Биздин укуктарды тебелеп-тепсеп атышат. Мындай болбош керек. Парламент – бийликтин башка бир бутагы. Элдин шайланып келген өкүлдөрү. Элдин үнү ушул жерде айтылат. Сиз төрага катары (Нурланбек Шакиев) реакция кылышыңыз керек”, - деди Чыңгыз Айдарбеков.

Спикер Нурланбек Шакиев “депутаттарга мыйзамсыз иш козголсо күрөшө турганын” айтып, комиссия түзүү үчүн тиешелүү комитетте маселе каралып, кагаз жүзүндө сунуш берилиши керек экенин билдирди.

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда - диплом чыры, кылмыш иши, өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин 9 депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев.

2021-жылы “Ата Журт -Кыргызстан” партиясынын депутат болгон Бакыт Төрөбаев 2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалып, мандатын тапшырган.

Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фрациясынын лидери Адахан Мадумаров “Мамлекеттик чыккынчылык” жана “Алдамчылык” беренелерине шек саналып 2023-жылдын сентябрь айынан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. (BTo)

XS
SM
MD
LG