Активистке "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу" беренеси менен айып тагылды. Активист эки ай мурда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн камалган.
29-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда жарандык активист Афтандил Жоробековдун иши каралып, ага айыптоо актысы угузулду.
Жарым саатка жетпеген отурумда мамлекеттик айыптоочу Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусундагы чакырыктар боюнча айып тагылганын айтты:
"Жоробеков "Беспредел kg" баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда ар кандай коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга, масссалык башаламандыктарга, Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана саясий абалды курчутууга багытталган чакырыктарды айтып, видео кайрылуу жасаган. Ал 2023-жылдын 9-декабрында коомчулукту митингге чыгууга үгүттөп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган. 7-декабрдагы №006334 сандуу Юстиция министрлигине караштуу соттук-лингвистикалык экcпертизанын корутундусуна ылайык, төмөндөгү жагдайлар аныкталган: Изилдөөгө берилген материалдарда автор азыркы бийликке карата алардын иш-аракеттерине болгон жеке нааразылыгын билдирет жана негативдүү пикирлерин өтө эмоционалдуу жана экспрессивдүү лингвистикалык бирдиктер аркылуу билдирген. Ал азыркы бийликти кулатууга чакырык таштаган".
Афтандил Жоробеков сот отурумунда тагылган айыпка макул эместигин айтып, "бул токулган жомок" деди. Активист Кыргызстандын жараны катары өз укугун колдонуп, мамлекеттик тууну өзгөртүүгө гана каршы пикирин билдиргенин белгиледи.
"Макул эмесмин. Мен эч кандай кылмыш кылган эмесмин. Мен уруксат берилген Горький багында чогулуш уюштурам дегем. Ал чогулуш 9-декабрда тынч өттү, эч кандай бийлик басып алууга аракет болгон жок. Тагылган айыптар жомок, менин эч кандай күнөөм жок".
Сотко активисттин экинчи адвокаты Жаныш Бараков жана лингвистикалык экспертизаны жүргүзгөн Нурлан Сакпаев келбегенине байланыштуу отурум 12-мартка жылды. Мындай чечимди Ленин райондук сотунун сульясы Темирбек Маматов чыгарды.
Жоробековдун адвокаттары тагылган айыптар менен макул эместигин айтууда.
"Биринчи кезекте массалык башаламандыктар болушу керек, ошонун негизинде чакырыктар болду деп 3-бөлүктүн негизинде айып такса болот. Бул жерде башаламандык деле болгон эмес, ал эмес тынч митинг да болгон жок. Афтандил Жоробеков өзү алардын бирине да катышпады. Анан биз кайдагы "массалык башаламандыктарга чакырык деп айтабыз? Экинчи маселе, Жоробековдун иши тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотуна өткөндөн кийин биз дароо өтүнүч жазганбыз, бирок ал каралбай калды. Бул маселени да караштырып жатабыз", - деди адвокат Акмат Алагушев.
Жоробековго колдоо көрсөтүп сотко Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, укук коргоочу Рита Карасартова, Жоробековдун жакындары, бир туугандары жана үй-бүлөсү келген.
Укук коргоочу Рита Карасартова активист кайрылуусунда митинг өткөрүүгө уруксат берилген жерге чакырганы үчүн эле айыпталып жатканын сынга алды:
"278-беренеде бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар деген бар, бул үчүнчү бөлүгү. Бул айыпты койгон туура эмес, анткени өтө оор берене. Жоробеков болгону тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жана Горький гүлбагына чогулабыз деген. Бул үчүн Бишкек мэриясына кат менен кайрылып, расмий уруксат алган. Президент Жапаров өзү "Горький багына чыкмак турсун, барып жашап алгыла" деп айткан. Эмнеге тандалма саясат болууда? Желекти коргоп чыккан кишини эле оор кылмышка айыптап, камай берсе анда башка маселелер эмне болорун билбейм".
Жарандык активисттин жакындары өлкө жетекчилерине кайрылып, бул ишти калыс карап, акыйкат чечим чыгышына жардам берүүнү суранды.
"Силер Афтандилдин ишин жакшылап карап, бардык жагдайларды тактап, өз көзөмөлүңөргө алып берсеңер жакшы болот эле. Ал бийликтин сөзүнө каршы чыккан жок. Ошондукан апасы катары суранам, колдоп, жакшы карап берсеңер", - деди Жоробековдун кайненеси Сагыйда Садыкова.
Афтандил Жоробековдун келинчеги Мээрим Садыкова болсо кызыкдар тараптар анын күйөөсүнүн абактагы мөөнөтүн болушунча узартууга аракет кылып жатат деп шек саноодо:
"Бүгүн биринчи соттук отурумга нааразы болдум. Свердлов райондук соту биздин өтүнүчтү бул сотко жөнөтпөй койгону аз келгенсип, эксперт да келбей койду. Мындай аракеттер менен алар Жоробековдун абактагы мөөнөтүн болушунча узартып жатат. Биздин өлкөдө жемкор болуш жеңил экен, алар камалганда эле алган акчасынын жарымын бере салып, эркиндикке чыгып кетүүдө. Ал эми жарандык позициясын ачык, активдүү билдиргендер ушинтип абакта отурганга мажбур. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Ошондуктан интеллигенция адамдары, билимдүүлөр Кыргызстанда чыгып кетүүгө аргасыз болууда. Жарым күндө эксперттик бүтүм чыгарып бере салган Сакпаев отурумга келсин, жазгандары үчүн жооп берсин. Биздин өтүнүчтөр каралып, Афтандил боштондукка чыксын дейм. Себеби, анын кыпындай да күнөөсү жок".
Бирок президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мурда айтып келгендей эле, сөз эркиндигине кысым болуп жатканын четке какты. Ал "ачык пикирин айтам дегендер кээде аша чаап кетип жатат" деген пикирде:
"Пикирди билдирүү менен ачык чакырык таштагандын айырмасын түшүнбөй жатат. Тагыраагы, мыйзамды жакшы түшүнбөгөндөр болууда. Туу жөнүндө жеке пикирин жүздөгөн адам айтты. Алардын эч кимисин камаган жок, аларга суроо да жаралган жок. Көбү Фейсбук, Инстаграм өңдүү платформаларда "мен жаңы тууга каршымын" же "эски тууну калтыргыла" деген пикирин жазып атышты. Ал эми айрымдары "эмне жатып алдыңар, турбайсыңарбы, көчөгө чыкпайсыңарбы, аянтка чогулбайсыңарбы, келгиле, буларды кубалап жок кылалы. Булар тууну алмаштырса, эртең биз келип кайра ордуна коебуз" деп жатат. Бул деген бийликти кулаталы, аны күч менен басып алалы, бүгүнкү бийликке каршы чыгалы деген эле чакырык. Сөз эркиндиги кудайга шүгүр, Садыр Жапаров да бизде сөз эркиндигине кысым жоктугун айтты. Жеке пикири үчүн бирөөгө эч ким эч нерсе деген жери жок. Жеке пикирин билдирүү менен элге чакырык таштоонун айырмасы бар, ошону билбеген адамдар болууда. Бул мыйзамдын жолдорун түшүнбөстүктөн чыгууда. Укук коргоо органдары кармап, суракка алса, "мен өз оюмду айткам" дешет. Оюңду айта бер, сени эч ким тыйган жок. Бирок элди чакырба, "бийликти кулаталы, революция жасайлы" дебе".
Буга чейин Жоробековдун адвокаттарынын бири Жаныш Бараков анын ишин сотко өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берилгенин айткан. Бараковдун айтымында, 2-февралда Свердлов райондук сотуна түшкөн кылмыш иши ошол эле күнү Ленин райондук сотуна токтом менен жөнөтүлгөн.
Мындан улам адвокаттардын алдын ала угууларды өткөрүү өтүнүчү эки сотто тең каралбай калган. Анда жактоочулар камактагы активистти үй камагына чыгарып, техникалык экспертиза алынган компьютерлерден эч нерсе таппагандыктан аларды далил зат катары карабоону өтүнгөн.
Адвокат активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн, бул мыйзамсыз экенин билдирүүдө.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун камалганына эки айдан ашты. Анын бөгөт чарасы узартылып, 13-апрелге чейин камакта калган.
Афтандил Жоробековду абактан бошотуу маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. Активисттин апасы уулун бошотууну талап кылып, бийликке кайрылуу жасаган. Жоробеков социалдык тармактар аркылуу пикирин ачык билдирип, мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыз көрүнүштөргө сын айтып жүргөн активдүү жаран катары таанымал.
2019-жылы дагы УКМК аны "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Активистке "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып тагылган.
Жоробеков модераторлук кылган Фейсбуктагы "БеспределKG" баракчасына ошол кезде кыргыз бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. Кийин ал үй камагына чыккан. 2020-жылы май айында активистке каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.