Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Кечирим суратуунун кезектеги ыкмасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбукта» президентти сындаганы үчүн кээ бир жарандар кечирим суроого мажбур болуп, андан баш тартканда кылмыш иши козголгон учурлар ачыкка чыкты.

Бишкектин бир тургуну пандемияга байланыштуу Интернет аркылуу оюн ачык билдиргени үчүн милиция аны кечирим сураганга мажбурлап, сын пикирин кастыкты козутуу катары мүнөздөп, кылмыш жообуна тартуу аракети жүрүп жатканын айтып, коомчулукка кайрылды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) пандемия маалында өлкө жетекчилигине жалаа жаап, жалган маалымат тараткандардын аракетине укуктук баа берүүгө милдеттүү экенин билдирүүдө.

ИИМ калыс пикирин айтуу менен мазактап, ашкере акарат келтирүүнүн айырмачылыгын аныктап, ага баа берүү саясий туруктуулук үчүн маанилүү экенин жүйө келтирди.

Элдияр Жолдошев аттуу жаран өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратты. Анда ал андан мурдагы видео блогу боюнча 19-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, кечирим суроого мажбурланып, бирок андан баш тартканын айткан.

Ал мындан мурдагы видео кайрылуусунда июль айынын башында Бишкекте таажы вирусу күчөп, даярдык көрүлбөгөн абалдын кесепети үчүн өлкө жетекчилигин айыптаган. Элдияр Жолдошев кийин аны милиция ИИМге да чакыртып, дагы бир жолу кечирим суроону талап кылганын кошумчалаган. Бирок ал экинчи ирет кечирим суроодон баш тартканын, себеби мыйзам бузууга барбаганын белгилеген.

Элдияр Жолдошев ошондон кийин кысым күчөп, аны жоопко тартыш үчүн илинчек издеген аракеттер күчөгөнүн билдирди:

«Азыр алар мени кайсы гана жол менен болбосун кечирим суратууга мажбурлаш үчүн мага же менин жакындарыма кандайдыр бир илинчек табуу максатын гана көздөп турушат. Мындан силер эмне табасыңар? Же бул силердин кайсы бир маселеңерди чечеби? Менин артымда эч кандай саясий күч жок. Мен эч качан, эч кимди мыйзамсыз иштерге чакырган жокмун. Ал менин айтып чыгууга толук укугум болгон жөн гана жеке пикирим болчу. Кандай гана ресурстарды колдонбогула, баары бир менден кечирим суроону күтпөй эле койгула. Биз азыр демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз. Ар бир адам өзүнүн жеке пикирин коомчулукка айтканга толук акысы бар. Видео камерага тартып туруп басым астында кечирим суратуу аркылуу силер эч нерсеге жетпей турганыңарды түшүнгүңөр келбей турат. Бардыгын коркутуп бүтө албайсыңар».

ИИМдин басма сөз кызматы чынында эле Элдияр Жолдошевдин «Фейсбукта» жайгаштырылган баштапкы видео кайрылуусу боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, анын билдирүүсүндөгү маалыматтар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын ырастады.

Анткени мекеменин маалыматы боюнча 1983-жылы туулган Элдияр Жолдошев аттуу жарандын «Фейсбукта» жарыялаган видео кайрылуусунда расалык, аймактык, улуттук жана диний касташууну козутуу боюнча Жазык кодексинин 313-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча материалдар бар деген негизде сотко чейинки иш ачылган.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов пандемия убагында кээ бир жарандар жалган жалаа жана бурмаланган маалыматтарды жайылткан учурлар болгонун айтып, мындай аракеттерге укуктук баа берүү милициянын милдети экенин белгиледи:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Президенттин, мамлекеттин дарегине айтылган же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттарына карата айтылган мыйзамга каршы келген маалыматтар болсо, аларды да биз мыйзам чегинде коргоого тийишпиз. Бул жерде кээ бир адамдардын Интернеттеги пикири үчүн гана алар бул жакка чакыртылып жаткан жери жок. Мисалы, мамлекет жетекчисине же мамлекеттин атрибуттарына карата сындан тышкары ачууга алдырып, ашкере чектен чыгып, акаарат айткан, мамлекеттүүлүктүн бекемдигине шек келтире турган учурларды биз бөлүп карашыбыз керек. Кээ бир учурларда экөө тең аралашып кеткен жагдайлар да болуп калат».

Баш мыйзам президент, премьер-министр жана парламент спикери сыяктуу жогорку кызмат адамдарынын иш-аракеттерин сындоого, ачык талкууга алууга жол берет. Бирок мамлекеттин башка атрибуттары сыяктуу эле аны мазактаган, акарат айткан, аброюн кемсинткен же мамлекет башчысын оор кылмышка айыптаган жалган маалыматтар таратылган учурда анын жагдайлары мыйзам менен корголот. Президент анын ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзам боюнча өзүнүн аброюн коргош үчүн демилге көтөрүп, анын макулдугу менен башкы прокурор жарандык тартипте сотко кайрыла алат.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова укук коргоо органдары сынчыл же акаратчыл жарандарга оор беренелер менен иш козгоп, аларды коркутуп-үркүтүүдөн оолак болуп, мыйзамдуу иш барышса болмок деген оюн ортого салды:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Мамлекет башчысына, парламентке же өкмөткө карата кандайдыр сын айтып коюшса эле ошону «кастыкты козутуу» же «конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык» деп таап, оор беренелердин негизинде жоопко тартууга аракет кылып, ошону менен адамдардын оозун жабуу аракеттери кадимки өнөкөткө айланып бара жатат. Мындай болбошу керек. Бул бийликтин кадырын көтөрбөй эле элдин кыжырын келтирип жатканын түшүнүү керек. Анан албетте, президенттин аброюна шек келтирген учурлар боюнча башкы прокурор анын кызыкчылыгын коргоп, жарандык тартипте сотко кайрыла алат. Бирок ага президенттин өзүнүн жазуу түрүндө макулдугу керек. Азыр эми эгерде президенттин аброюна шек келтирип, чынында эле жалган маалыматтар аркылуу негизсиз жерден асылуу болуп жатса, анда аны «президенттин ишмердигинин кепилдиктери» боюнча мыйзамга ылайык тартипке салса болот. Президент бул боюнча жеке демилге менен чыгып, башкы прокурор доо коюп, жарандык тартипте сотто коргоп чыгышы зарыл».

Буга чейин Афтандил Жоробеков жана Элмир Сыдыманов сыяктуу блогерлердин жана айрым жарандык активисттердин Интернетке жарыялаган материалдары үчүн «аймак аралык кастыкты козутуу» деген кине менен айып коюлуп, кылмыш жоопкерчилиги каралган учурлар болгон. Аларга карата да кастыкты козутуу жана конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык таштоо деген негизде кылмыш иштери козголгон. Анда алардын айрымдары тергөө учурунда коомчулуктан кечирим сурап, жоопкерчиликтен кутулса, кээ бирөөлөрүнүн иши сотко чейин жетип, ал жактан кыскарган же болбосо убактылуу токтотулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG