Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда


"Тазалык" ишканасынын жумушчулары иш үстүндө. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары иш үстүндө. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жолдорго бир күндө 96 тонна өндүрүштүк туз чачылды.

Шаардын көчөлөрүн тазалоого Бишкек шаардык патрулдук башкармалыгынын кызматкерлери алты автоунаанын коштоосунда жардам беришүүдө.

Учурда 45 атайын техника, анын ичинен 27 кар тазалоочу машина, кум себүүчү бир машина, 9 трактор, эки жаңы атайын кар тазалоочу “Bobcat” жана башка атайын техникалар иштеп жатат. Ал эми тротуардагы, жол четтериндеги карды күрөөгө “Тазалык” ишканасынын жумушчулары чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорология кызматы 16-февралда Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктап, 17-февралдан баштап аба ырайы өзгөрө турганын эскерткен. Борбор калаада сууктун күчү -20 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG