БУУнун адам укуктары боюнча декларациясынын кабыл алынганына 10-декабрда туура 75 жыл болду. Кыргызстан аны эгемендик алгандан туура үч жылдан кийин, 1994-жылы тааныган. Демократиянын, эркиндиктин жана адам укуктарын бийик баалаган мамлекет катары таанымал болгон Кыргызстанда соңку кезде бул жаатта абал кыйла өзгөрүп, оюн эркин билдиргендердин камалып жатышына укук коргоочулар тынчсыздануу билдирип жатат. 10-декабрда президент Садыр Жапаров декларациянын 75 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоп," Кыргыз Республикасы декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын" айтты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам укуктары сакталып жатабы? Бул багытта абал кандай?
Балдардын укугу
Балдардын укугун коргоо боюнча лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар, оор кырдаалга учураган жана балдарды үй-бүлөнүн чөйрөсүндө сактап калуу стандарттары жакшы ишке ашырылбай калды деп эсептейт.
“Кайсы бир укукту албайлы, ал бюджеттен каржыланышы керек. Мисалы оор кырдаалга кабылган балдарды коргоп калуу үчүн ар бир айыл өкмөттүн деңгээлинде алар үчүн атайын борбор болушу керек эле. Эл аралык стандарттарда булар жазылган, Кыргызстан милдеттемелерин да моюнуна алган. Бирок иш жүзүндө балдарды жана үй-бүлөнү колдогон борборлордон өлкөдө саналуу гана. Алар да ЮНИСЕФтин жардамы менен түзүлгөн. Борборлор алдын ала турган иштерди жүргүзөт да, балдардын өмүрүн, психикалык ден соолугун сактап калууга эбегейсиз салым кошот”.
Турдубекова ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдик чөйрө жана билим берүү бир нукка салына электигин айтты. Маселен, бүгүнкү күндо майыптыгы бар балдардын 50% ашыгы мектепке бара албайт.
“Балдарга өзгөчө көңүл бурулушу керек. БУУнун балдар жөнүндө конвенциясы иштелип чыккан, анда балдардын укугу корголуш үчүн аларга өзгөчө көңүл бурулушу жана өзүнчө мыйзамы керектиги да айтылат. Анын үстүнөн мыкты эксперттер, адистер иштеген. Мындан улам Кыргызстан 2006-жылы кабыл алынган Балдар жөнүндө кодексти азыр жоюу аракети жүрүп жатат. Анын ордуна "Үй-бүлө жөнүндө" кодекс кабыл алынып, балдардын укугу ошонун ичинде каралат деп жатышат. Бирок бириктирилгенде бир катар беренелер алынып калат, бул биз үчүн чоң коркунуч. Балдар укуктарын алдыга жылдырбастан артка тартып аткандай маанай жаралууда”.
Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда жашы жете элек балдар менен иштешкен өзүнчө социалдык кызматкерлер жок. Бул адистер майыптыгы бар, оорулуу, социалдык абалы начар, пенсиядагы жарандар менен катар эле балдарды да карап келет. Азыркы тапта социалдык кызматкерлер 13 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Эл аралык макулдашууларга ылайык Кыргызстан балдар менен иш алып барган өзүнчө адистерди камсыздап бериши керек.
Аял укугу корголуп жатабы?
Кыргызстанда гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктардан коргоо жана адам сатууга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн “Сезим” борбору ушул жылдын 9 айында эле 500 аялга юридикалык, 500 кыз-келинге психологиялык көмөк көрсөткөн. Жыл өткөн сайын мындай борборлорго кайрылгандардын саны көбөйүп баратканын аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова белгилеп, турмуштук оор кырдаалдагы аялдарга коомдун басымы да күчөгөнүн кошумчалады.
“Жалпы адамдын укугу, анын ичинде кыз-келиндердин укугу курч бойдон турат. Буга мамлекет колунан келген реакциясын кылууда. Бирок биринчи кезекте элдин аң-сезими турат. Укук коргоочуларды, ушундай борборлорду жектеп, “адам укугу деп атып аялдарды, балдарды мындай кылып койдуңар” деп атышат. Алар мурдагыдай тартип катуу болсо, ушундай болмок эмес дешет. А бирок илгерки заманда көйгөйүн ачык айта албай канча кыз-келиндер куурады? Аны эч ким билгиси келбейт. Мисалы күйөөсү коңшусун бычып койгон окуяда аялды коом күнөөлөп, интернетте ташбараңга алууга даяр турду. Коомдо “аял өзү күнөөлүү” деген ой көп. Ал эркектин туугандары да, өзүнүн төркүнү да келинди жектеди. Жабыркаган адам жардамсыз калып, зөөкүр соттолбой эркин жүргөн учурлар да бар. Дагы бир маселе, тилекке каршы алыскы айылдарда адвокат, юрист дегендер жетишсиз. Ал эми окуу жайлар даярдаган социалдык кызматкерлер, психологдор аздык кылат. Биздин мыйзамдарда кылмыш кылган зөөкүр адам менен иштеген атайын программа каралган, бирок ал жүзөгө ашпай келет”.
Эркин пикир билдирүү укугу
Кыргызстанда базарлардагы ККМге каршы акциялардан кийин бир нече адам суракка чакырылып, бир адам камакка алынып, кайра бошотулган.
8-декабрда КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева суракка чакырылган.
Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков камакта отурат. Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 23-августтан бери темир тор артында. Ага “Массалык башаламандык” беренесинин негизинде айып тагылып, буга Фейсбуктагы билдирүүлөрү себеп болгон.
Буга чейин коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылган.
Оппозициячыл саясатчы, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, бийликке сын айткан аз гана саясатчынын бири Адахан Мадумаров сентябрдан бери камакта отурат.
Андан тышкары Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин ачык билдирип чыккан бир нече активист, журналист, саясатчы да бүгүнкү күндө камакта.
Камактагылардын дээрлик баары аларга тагылган айыптарды негизсиз деп, муну адам укугун тебелөө, саясий тапшырма катары баалап келишет.
"Эл эркиндиктин баалуулугун унутуп баратат"
Юрист, адвокат Нурбек Токтакунов өлкөдө элдин эркиндиги менен укуктары тебеленип жаткан учурларга көңүл бурду:
"Жаңы Баш мыйзамыбызды эркин эл кабыл албайт эле. Маселен анда башчы эл менен эсептешпей, билгенин кыла берет. Бирок тарых токтобос процесс, ал дайыма өзгөрүп турат. Ошондуктан кыргыз эли үчүн азыр чакырык, челенж болуп аткандай. Азыр балким эл токчулук, тынчтык деп эркиндиктин баалуулуктарын унутуп атат. Бирок эркиндикти жоготсок, жогоруда мен айткан тынчтыкты да, токчулукту да жоготуп алабыз. Саясий укук эркиндиктин бир түрү, бул жаатта да кемчиликтерибиз бар. Биз азыр сөз эркиндигин жогото баштадык, буга бийликти күнөөлөп болбойт. Барыбыз “цензураны жандырып”, тилибизди тиштеп отуруп калдык, демек өзүбүздө күнөө. Эркиндик үчүн күрөшүү керек, аны колдонбой, коркуп жата берсек алсыз болобуз. Ансыз да алсыз болуп баратабыз. Мунун жыйынтыктарын көрө баштадык, бийлик мындан ары да билгенин кыла берет. Кимди камайм десе камайт, жакпаса оозун жабат. Биз буга “ханституцияны” кабыл алып атканда эле макул болуп, баш ийип бергенбиз. Эми акыркысы жаңы тууну кабыл алсак, биз үчүн чоң белги болот. Адам укуктарынын абалы мына ушундай”, - деди Токтакунов.
2021-жылы 5-майда кол коюлган Конституцияга ылайык Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген.
Адам укуктары: Кыргызстандын рейтинги кандай?
Адам укуктары боюнча декларация сакталбай жатканын мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирип жатат:
“Сөз эркиндиги боюнча 20-беренеде “ар бир адам өз оюн эркин айтууга укуктуу” деп жазылган. Бирок азыр андай эмес, сөз сүйлөгөндүн баарын камап, иш козгоп атат. 19-беренеде тынч жыйындарды өткөрүү укугу каралган. Бирок Бишкек шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн жана башка жерлерде буга тыюу салып койду. Эл аралык мыйзамдар боюнча бул оор кылмыш, жазасы катуу. Андан тышкары сот чечими чыкканга чейин адамдарды күнөөлөгөнгө болбойт. Ошого карабастан “булар мамлекеттик төңкөрүш кылганы атат, кылмышкер” деп алдын ала айтып чыгып атышат. Албетте кандайдыр бир деңгээлде экономикалык-социалдык абал жакшырды, бирок саясий укук, адам укуктары тебеленүүдө”.
Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги позициясына кайрылды:
"Иш жүзүндө Кыргызстан жаңы тарыхыбызда адам укугун тандалма негизде сактап келген. Маселен, бийликтин кызыкчылыгына келгенде дароо адам укуктары деп маселени көтөрүп, ага көңүл буруп калат, кызыкчылык жок жерде адамдын укугу сакталбайт. Себеби өлкөдөгү саясий түзүлүштүн, бийликтин тең салмактуулугу жок. Көзөмөл функцияны аткарган парламент эч качан эркин жана көз карандысыз болгон эмес. Ошол эле сот системасы адилеттүү, көз карандысыз болгон эмес, ал телефон укугу менен башкарылып келгендиктен, эки революция жана бир бийлик алмашуу буга далил. Адам укугу жана анын талаптарын, муктаждыктары биринчи орунга чыкканда гана абал өзгөрөт. Акыркы учурларда муну камсыз кылып, түркүк болуп келген сөз эркиндиги. жарандык активизмге кол салуулар болууда, мыйзам долбоорлору сунушталууда. Мунун баары адам укугунун тебеленишине алып келет. Сот реформасы болмоюнча биздин позицияларыбыз төмөндөй берет. Адам укугу тегерегинде болуп аткан окуялар жок дегенде жарыяланып, бул жөнүндө эл билип турушу керек. А бирок бизде сөз эркиндигин да бууп атышат, демек сөз эркиндиги да жабыр тартууда. Сот адилетсиздиги, укук коргоо органдарынын өйдө жактан буйруктарды аткарган өлкөдө адам укугу корголбойт".
Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева өлкөдө адам укуктары сакталып атат деген пикирде:
"Биздин Баш мыйзамдын 42-беренесинде адамдын эркиндиги жана укуктары так жана даана жазылган. Бул беренелер Адам укуктары жөнүндө декларацияда каралган нормалардын негизинде жазылган. Ошондуктан Кыргызстанда Баш мыйзам түз таасир берет. Өлкөбүздө адам укуктары сакталып атат деп эсептейм. Бардык мамлекеттик органдар элге, адам шарт түзүү үчүн бардык аракетин жумшоодо. Бизде активдүү жарандык коом бар, мамлекеттик органдар, ошондой эле парламент, акыйкатчы, депутаттар адам укугу боюнча шарттарды карап атат. Өлкөдө ар дайым бул маселеге көңүл бурулуп келатат".
Президенттин билдирүүсү
10-декабрда президент Садыр Жапаров Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 75 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду.
"Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча эл аралык коомчулуктун жооптуу катышуучусу катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын баса белгилеп кетейин", - деп жазылган кайрылууда.
Президент жалпы кыргызстандыктарды "ар бир жарандын укуктары жана эркиндигин урматтоо жаатында биргелешип иштөөгө" чакырган.
Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу
Ноябрь айынын башында Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялады.
Анда бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканы жазылган.
Саясий жана жарандык эркиндиктердин деңгээлин иликтеген Freedom House эл аралык уюуму 202-жылдын март айында өз изилдөөсүн жарыялаган. Анда бул жаатта Кыргызстандын абалы 150-позицияда көрсөтүлөт. Ал эми адам эркиндигинин индекси боюнча 2022-жылы Кыргызстан 87-орунду ээлеген.
Ушул эле уюмдун демократиянын деңгээли тууралуу рейтингинде 116-орунда турат.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.