Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Кыргыз оппозициясы: көчө митинги онлайнга оойбу?


Бишкектин Ала-Тоо аянты
Бишкектин Ала-Тоо аянты

Эксперттер башкаруунун президенттик формасы Конституция аркылуу бекитилгенден бери өлкөнүн саясий талаасына чоң өзгөрүү киргенин белгилешүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын жана Адахан Мадумаровдун мисалынан кийин бийликке альтернативдүү идея айткандардын кескин кыскарышы Кыргызстанда оппозиция биротоло жоюлдубу деген пикирлерди жаратууда.

"Оппозиция керек"

Былтыр, 2022-жылдын март айында борбор калаада "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" түзүлгөн.

Өзүн оппозициялык деп сыпаттаган ал уюмдун мүчөлөрү демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүүнү, адилеттүү укуктук жана сот системасын түзүүнү, экономикалык кризистик программаны иштеп чыгуу менен бийликке альтернативдүү сунуштарды берүүнү максат кылышкан.

Бирок кыймылдын бул мүдөөсү ишке ашкан жок. Учурда анын бир катар мүчөлөрү Кемпир-Абад ишинин алкагында сот жообуна тартылууда.

Эксперттердин пикиринде, адам укуктары, демократия жана сөз эркиндигин туу тутуп, аны мамлекеттик саясаттын жеңиши катары даңазалап келаткан Кыргызстан үчүн акыркы жылдардагы окуялар бурулуш учур болуп калды.

Саясий илимдердин доктору, профессор, мурдагы депутат Жолборс Жоробеков кандай гана саясий түзүлүш, коом болбосун оппозициянын болгону, ал өз программа, пикир, идеясын айтып турганы пайдалуу деген ойдо:

Жолборс Жоробеков.
Жолборс Жоробеков.

"Оппозиция сөзсүз болушу керек, болбосо аны атайылап болсо да жаратыш керек" деген да пикир бар. Айрыкча кыргызда башкача ойлонгон, өз алдынча ой жүгүрткөн инсандардын көптүгү, бүгүнкү саясатка макул эместер да болгону туура эле көрүнүш. Бирок бизде бир нерсе бар - оппозиция десе эле алар төңкөрүш жасоочулар, кыйраткычтар катары кабыл алынууда. Бул туура эмес. Оппозиция өлкөнүн өнүгүүсү боюнча өз программасын айтып, эл менен жолугуп, ишин жүргүзүшү керек. Көптөгөн мамлекеттерде ошол оппозициядагы жигит-кыздарды бийлик башкаруу системасына чакырып, аларды пайдаланат. Алыс барбай эле бул турган Казакстандын мисалын алалы, мурдагы президент алардын көп тажрыйбасын колдонду. Ошентип, бир сөз менен айтканда, оппозиция керек. Биз азыр бир коомдук пикир калыптанып жатат - коррупционерлердин баарын камап жатат, ошон үчүн оппозиция баш көтөрө албай калды деген. Бул туура эмес пикир. Оппозиция сөзсүз керек".

Саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул жаңы Конституциянын кабыл алынышы Кыргызстандагы оппозициялык кыймылдын басаңдашына алып келди деген пикирде. Ал талкуулардын аянты болгон Жогорку Кеңеш мурда болуп көрбөгөндөй алсыз курамда турганын белгиледи:

"Ар бир мамлекетте, анын ичинен бизде да, өнүгөбүз-өсөбүз десек, оппозиция сөзсүз керек. Оппозиция эки нерсенин сапатын билдирип турат - ойлордун жана ошол идеяларды алдыга жылдырган күчтөрдүн. Тилекке каршы, Кыргызстанда акыркы жылдары анысынан да, мунусунан да аксап турабыз. Анткени бийликтегилер пикир айткан адамдарды "сеники туура эмес" деп оозун жапкан шартты түзүп жатат. Жогорку Кеңеш чыныгы элдин өкүлдөрү болсо, ал жерде альтернативдүү, мыкты идеялар, сунуштар жана ойлордун ордосу болмок, ошол жерде сапаттуу талкуу жүрүп, жакшы пикирлер айтылмак. Мындай сапатсыз курамдын топтолушуна ошол эле шайлоочуларыбыздын да айыбы бар. Эми анчалык шайлангандан кийин азыркы депутаттар да саясий маданиятын, даярдыгын арттырса болмок. Ошондуктан жагдай жакшы эмес".

"Оппозиция жаңы форматка өтүшү керек"

Иликтөөчү журналист Али Токтокунов ар бир бийликке өзөктүү пикир, идея айтып, атаандаштык түзүп турган оппозиция болушу зарыл экенин, ал жок болсо аны түзүш керек деген ойдо.

"Азыр заман таптакыр өзгөрдү. Азыр өзүңдүн үнүңдү элге жеткириш үчүн кайсы бир медиага баруунун зарылдыгы жок болуп калды. Интернетиң болсо, видеого тарта турган телефонуң болсо, үйдө отуруп деле өзүңдүн үнүңдү, пикириңди, идеяңды аудиторияга каалагандай жеткирсең болот. Мына ушундай мүмкүнчүлүктү колдонуп, өзүнүн WhatsApp группаларын түзүп, өзүнүн Facebook группаларын түзүп, алар аркылуу азыркы президент Садыр Жапаров бийликке келди, аны өзү да интервьюсунда айткан. Менимче, альтернативдүү көз караштарын айткан, аны элге жеткирип, сиңирген өзүн "оппозициямын" деген тараптар мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керектигин өздөрү деле билсе керек деген ойдомун. Оппозиция сөзсүз болуш керек, болбосо аны жаратыш керек деген сөз бар эмеспи. Оппозиция эффективдүү болуш керек. Бийлик башындагыларды сүрөп, "ляппай, хоп" деп алардын тегерегинде жүргөндөр көбүнесе аларды аңга түртөрүн биздин тарых тастыктаган. Ошол себептен бийликтин туура эмес иштерин "туура эмес" деп, бирок, аны менен чектелбей, "мына мындай болсо маселе чечилет" деп сунуш, идеяларын айткан оппозициянын болгону оң".

Токтакунов оппозиция заманбап технологияны колдонуу менен башка форматка өтсө болоруна токтолуп, орусиялык саясатчы, учурда түрмөдө отурган Алексей Навальныйдын тажрыйбасын мисалга тартты:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

"Мына Орусияда Алексей Навальный бийликтин мыйзамсыз иштерин ашкерелеген иликтөөлөрү менен, өзүнүн ой-пикирин элге так жеткирген сапаттары менен элдин оозуна алынып, кадыр күтүп, жолун жолдоочулардын катарын көбөйтө алды. Мен эми биздин оппозиционерлерге акыл үйрөткөндөй болбоюн - бул эми элге сиңүүдөгү, ой-пикирин жеткирүүдө дурус жол. Колдорунан келсе Навальныйга окшоп иликтөө жасаса болот, ал болбосо түз эфирге чыгып, видеолорду таратып, соцтармактарды колдонууга эч ким тыюу салган эмес. Анын үстүнө соцтармактардын алгоритмдери андай видеолорду өздөрү алдыга сүрөп, сунуштап турат. Анткени ким жеткиликтүү сүйлөсө, ким маселени чечүүнүн жолдорун айтса, ал видео популярдуу болуп, элге кеңири тарайт, социалдык тармактардын алгоритми аны колдойт. Менимче, бул жолду бийлик да, оппозиция да колдонсо, жакшы трибуна болуп берет".

Бирок ошол эле маалда кыргыз бийлиги Али Токтакунов айткан онлайн митингдерге даярбы деп суроо койгон эксперттер да бар. Буга алар соңку жылдары интернетте пикирин ачык билдирип, бийликке сын айтканы үчүн бир нече активист, блогер жана саясатчыларга кылмыш иштери козголгонун мисал келтиришүүдө.

31-августта онлайн митинг өткөрүүгө чакырганы үчүн жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакир атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

6-декабрда Аламүдүн райондук сотунда өткөн алгачкы отурумда прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирди.

Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган жок.

Абактан жазган каттарында жазуучу онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеп келет.

"Мен жазуучу катары жана гуманисттик идеяларды жайылтуучу жаран катары элди агрессияга үндөөдөн алысмын! Видео кайрылуумда мен өз аудиторияма бир нече жолу кайталап: “Силер мага телефон чалбагыла, мени издеп келбегиле! Баарыңардын колуңарда мобилдик телефондор бар. Демек, онлайн аркылуу айыл-кыштактардан болсун, шаарлардан болсун, 31-август өлкөбүздүн Эгемендик күнүнө карата өз пикирибизди айтууга чакырам!” – дегендин эмнеси кылмыш?!", - деген Олжобай Шакир абактан жазган катында.

Мадумаровдун камалышы, парламенттеги тынчтык

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун камакка алынышы менен парламент тынчый түшкөнсүдү. Эксперттердин баамында, муну менен оппозициялык маанайдагы саясатчылардын эң көрүнүктүүлөрүнүн биринин үнү басылгандай болду.

Көп өтпөй депутат Медер Алиев жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине "Мадумаров бар кезде парламент жандуу эле" деген пикирин билдирди.

Медер Алиев.
Медер Алиев.

"Адахан Мадумаровдун парламентте жоктугу азыр сезилип жатат. Ал мыкты оратор. Мадумаров сүйлөп жатканда, тегерегинде отургандар анын позициясын колдобосо дагы, пикирлерин уккандан кийин ага жан дүйнөсү менен берилип кетет. Ошондой парламентарийлерге мен Өмүрбек Текебаевди да кошот элем. Айрым маселелер боюнча позициясы менин көз карашыма туура келбесе дагы, аларды мыкты депутаттар катары сыйлайм. Ал эми кечээ эле "Дордойдо" байпак сатып жүрүп акча топтоп, мурда-кийин мамлекеттик иштерге, коомдук иштерге катышпай туруп депутаттык мандатка жеткендер мамлекеттик түзүлүш, өлкөнүн келечеги, укуктук система жөнүндө сүйлөгөндө, бул жакта туруп уялат экенсиң".

Былтыр октябрь айында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын бийлик сунуштаган вариантына макул болбогон бир катар саясатчылар, активисттер жана журналисттер тамактануучу жайда өткөргөн жыйындан кийин бийликти басып алууга даярдык көргөн деген шек менен камалган.

Баш-аягы отузга жакын адам тергөө абагына капилет отургузулганы - коомчулукта азыркыга чейин талкууланып келаткан темалардын бири. Азыр “кемпирабадчылардын” он бири дале камакта , үй камагына чыккандары райондук деңгээлдеги сот процессине катышууда.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун кароо маалында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандарды мамлекетке бүлүк салгысы келгендер деп баалаган.

"Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, "эркин билдиргендер каякта отурганын көрдүк" деп мага айтып жатасыз. Алар "эркин билдиргендер" эмес, алар чагымчылар. Мамлекетке бейстабилдүүлүктү алып келебиз, мамлекетте дагы ызы-чуу салабыз, бийликти алабыз, дал ушул бүгүн кабыл алынып жаткан мыйзамды себеп кылып ызы-чуу чыгарабыз дегендердин тамырын кыркуудабыз. Мындан ары да кыркабыз. Мен УКМКнын жетекчиси катары мамлекетте тынчтыкты сактап, туруктуулукту кармап турууга милдеттүүмүн. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ички душман болобу, тышкы душман болобу - мамлекетибизге кимдир бирөө бүлүк салууга ниеттенсе, андайларга чара көрүүгө милдеттүүбүз. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлер өз милдетин так аткарбагандыктан, өлкөбүздө үч жолу төңкөрүш болду", - деген Ташиев.

УКМКнын төрагасы ага чейин депутат Адахан Мадумаровду кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү майды аткезчилик менен соодалагандарды калкалап жатат деп парламент жыйынында айыптап, экөө кайым айтышкан.

Адахан Мадумаров быйыл Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган жылдары кыргыз-тажик чек арасынын Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койгону үчүн камакка алынган. Мадумаров ал документтин эч кандай юридикалык күчү жоктугун айтып келет.

Жогорку Кеңештин азыркы курамында алты фракция жана эки депутаттык топ бар. Алардын ичинен “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы өз ишин азыркы бийликке оппозициялык маанайда жүргүзүүдө. Ал эми “Ыйман нуру” жана “Альянс” фракциялары бейтарап позициясы, жумшак сын айтканы менен белгилүү. Калган “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары бийлик саясатын колдоп келет.

Эл аралык жана жергиликтүү эксперттик уюмдар Кыргызстанда соңку жылдарда адам укуктарын коргоо деңгээли төмөндөп, эркиндик, анын ичинен сөз эркиндиги боюнча да абал начарлап баратканын белгилешүүдө. Айрым журналисттерге кылмыш иши козголуп, кээ бир маалымат каражаттары жабылууда. Ал эми Фейсбук сыяктуу социалдык түйүндөрдө пикирин айткан бир катар жарандык активисттер же карапайым адамдар да “бийликти басып алууга үндөө”, “башаламандык” беренелери менен камакка алынып, айып пул салынып, сот жообуна тартылып аткан учурлар бар.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG