Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:02

"Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) интимдик кызмат көрсөтөт делген кыз-келиндердин сүрөттөрүн ачык жарыялаганы коомдо талкуу жаратты. Укук коргоочулар муну жеке маалымат коопсуздугун бузуу жана адам укугун басмырлоо катары баалашты.

Эки күндө 70 кыз кармалган

Коопсуздук кызматы 25-26-ноябрда атайын иш-чарада интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын тармагы аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди.

УКМК "секс кызматкери" деген ондогон кыз-келиндердин сүрөттөрүн ачык көрсөтүп, айрымдарынын паспортун, ата-энесинин аты-жөнүн, телефон номурларынан бери жарыялады. Мекеме муну "профилактика" деп түшүндүрдү.

“Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ошондой эле атайын кызмат өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз кармалганын, арасында борбордогу жогорку окуу жайларда окуган студенттер да бар экенин билдирди.

УКМК тараткан видео, фотолор социалдык тармактарда, айрыкча ТикТок сегментинде желдей тарап жатат.

"Адамдын жеке маалымат купуялуугу сакталган жок"

Бирок коомчулукта УКМКнын сойкулукка каршы күрөшүндөгү кыз-келиндердин жүзүн ачык жарыялап, аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары таркатып жатканы кызуу талкууланууда.

Айрымдар секс кызматын актоо эмес, бул окуяда жарандардын жеке маалыматынын купуялуугу, укуктарына көңүл буруу зарылдыгын белгилешет.

Журналист, жарандык активист Перизат Сайитбурхан буларга токтолду:

“Адамдардын жеке маалыматтарын таратып, анын үй-бүлөсүнө шек келтирүүгө эч кимге укук берилген эмес. Адамдардын укугун бузган, ар-намысына шек келтирген коркунучтуу көрүнүш. Эмне үчүн кылмышкердин, педофилдердин же коррупционерлердин бетин жаап чыгарышат? Ошол коррупциянын айынан ушул ишке баргандарды ачык жазалаганыбыз адамгерчиликке дагы жатпайт”.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарын УКМК берген фото, видеолорду таратпоого чакырат.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстандын адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске салды.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

“Албетте, бул жерде кыздардын укугу бузулду. Себеби, мамлекет биринчи кезекте ар бирибиздин ар-намысыбызды сактоого кепилдик берет. Экинчиден, биздин жеке маалыматтарыбыздын коопсуздугун сакташы керек. Биздин мамлекет "Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияга" кошулган. Аял болгону үчүн эле анын укугу тебеленбеши керек. Эгерде мындай ишке каршы күрөш болсо, аларды уюштургандардын, ал кыздардын кызматын пайдалангандардын сүрөтү кана? Биздин уруксатыбыз жок фото, видео, паспорттогу жеке маалыматтар, байланыш номурларын жарыялаганга мыйзам тыюу салат. Эми аларга зомбулук көрсөткүсү келген эркектер ар бурчтан кармап алса, коопсуздугуна ким жооп берет? Милиция кыздын зордуктоо боюнча экспертизасынын жыйынтыгын жарыялап жиберип, ал үч жолу өзүн өлтүрүүгө аракет кылган окуя болгон. Бул ирет да эч кандай соттун чечими жок айыпталгандардын арасында өзүн-өзү өлтүрүү аракети болбойт деп ким кепилдик берет?” - деди мурдагы акыйкатчы.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева 29-ноябрда тийиштүү мамлекеттик органдарды “сойкуканадан кармалды” деген кыздардын жана аялдардын укугу корголушун камсыздоого чакырды.

“Акыйкатчы аталган аялдардын жүзүн ачык көрсөтпөөгө жана алардын жеке маалыматтарын жарыялабоого чакырат, анткени бул алардын мыйзамда белгиленген укуктарын бузат. КР мыйзамдарына ылайык, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамда белгиленген жагдайдан башка учурда алардын өздөрүнүн макулдугусуз жарыялоого жол берилбейт. Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда да жеке маалыматты жайылтууга жол бербөө керектиги белгиленген”, - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Интимдик кызмат көрсөт жайларга каршы күрөш

Буга чейин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жайларда иштегендердин көбү студент кыздар экенин, муну менен күрөшүү керек экенин айткан болчу. Ташиев “кыздар - улуттун келечеги” деген.

Бирок жарандык активист Мавлян Аскарбеков сойкулукка каршы мындай жол менен күрөшүүнү туура эмес деп эсептейт.

“Бул маселе рейд кылып, жайларды жаап же сүрөттөрдү жарыялаганда чечилбейт. Мамлекет жана коом аларга социалдык жардам бериши керек. Балким, окутуу же ишке орноштуруу сыяктуу көмөк зарыл. Алардын социалдык абалы өтө оор. Ушул иш менен алектенүүгө мажбур болгондору бар. Сурөттөрүн жарыялап, айыптап, басынтуу маселени чечпейт. Буга гумандуу, заманбап мамиле кылышыбыз керек”, - деди Аскарбеков.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин акыркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында 10 интимдик кызмат көрсөткөн жайлар, аны уюштурууга шек саналып 10 киши кармалганын билдирди.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул берене менен кармалгандардын күнөөсү далилденсе, айып пулга жыгылат же жети жылга чейин абакка кесилет.

"Ажиевдин сүрөтүндө көзү жабылган..."

Кыргызстанда интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу аракети буга чейин деле болуп келген. Мындай жайларды күч кызматкерлеринин арасынан калкалагандар бар экени айтылып келет.

Андан тышкары интимдик кызмат сунуштаган бир нече интернет сайттар иштейт. Аларга канча кыз-келин тартылганы белгисиз.

Вебкам деген атка конгон бул бизнестин башында турган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтү 29-ноябрда каралып, 2024-жылдын 29-январына чейин узартылды.

Ажиев быйыл июнь айында Кыргызстандын атайын кызматынын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына учууга аракет кылган жеринен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” кабарлаган.

Маалыматка ылайык, Ажиев ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор иштей турганы аныкталган. Ар кандай интернет-платформаларда акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Ажиев түзгөн аянтчаларда иш алып барып, ири киреше алып турганы, ага “модел” делген кыздар тартылганы ашкере болгон. Атайын кызмат кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Даниел Ажиевди кармоо учуру. Үстүбүздөгү жумада кармалган кыздардан айырмаланып УКМК тараткан сүрөттө Даниел Ажиевдин көзү жабылган болчу.
Даниел Ажиевди кармоо учуру. Үстүбүздөгү жумада кармалган кыздардан айырмаланып УКМК тараткан сүрөттө Даниел Ажиевдин көзү жабылган болчу.

"Азаттык" радиосу 2021-жылы чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, Телеграм топтордогу ормон опузаны иликтеген.

Иликтөө көптөгөн кылмыштарды ачыкка чыгарган. Анын ичинде шантаж, зордуктоо жана доксинг, тагыраак айтканда вебкам-студиялардан акча табууга аракет кылган кыздардын жашыруун жеке маалыматтарын жарыялоо жагы да бар.

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөндөргө жаза жок, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренеси менен айыппул салынат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG