Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы иш сапары башталды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Казакстандын иш сапары менен Астана шаарына барды. Мамлекет башчы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат. Көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Дастан Дүйшекеев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков бар.

Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG