Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Аба ырайы: күн жылуу болот


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Калган аймактарда күн жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндуз 11…16 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG