Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

“Конституциялык сот жөнүндө” долбоор комитетте биринчи окууда өттү


Конституциялык сот.
Конституциялык сот.

5-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды.

Документке бир гана депутат - Гуля Кожокулова каршы добуш берди.

Тармактык комитеттин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра караларын билдирди.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылган.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG