Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорун сунуштады.
Документте Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра каралат деп жазылган.
Юристтер долбоор кабыл алынса, Конституциялык соттун ишине бийликтин кийлигишүүсү күчөп, мекеме ого бетер көз каранды болуп калат деп кооптонууда.
“Соттор да ката кетирет”
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору президенттин сайтына жарыяланды. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайларда кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, 2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса, 3) чечим кыргыз элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
Президент Садыр Жапаровдун Конституциялык соттогу атайын өкүлү Алмазбек Молдобаев мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди.
“Соттор да ката кетирет. Кээде туура эмес документтер берилиши мүмкүн. Конституциялык сот чечимин өздөрү эле карайт. Аларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Конституциялык сотто да ката кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын камсыз кылуу үчүн керек. Чечим президенттин жана Конституциялык соттун сунушу менен кайра каралат. Соттун чечиминде кандайдыр бир ката кетсе, президент аны кайра кароону сунуштай алат. Казакстанда да, Өзбекстанда да мындай тажрыйба бар. Убакыт өзгөрөт, сот чечими туруп калбашы керек. Өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек”.
Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылган.
Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле "Жогорку соттун чечими акыркы болот" деп жазылганын, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирди.
Конституцияны өзгөртүүгө жол чабылып жатабы?
Документти юристтер ар кандай чечмелешүүдө.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова коомдук талкууга коюлган документти Конституцияга каршы келет деп баалады.
“Бул мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени “матроним” боюнча Камчыбек Кыдыршаевич “эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса, ошол кайра жокко чыгарышы керек” деп жазгандан кийин эле бир нерсе даярдалып жатканын билгем. Ошондуктан Конституциянын талаптары дагы бир жолу бузуларына даяр болчумун. Бизде Конституция бар, жана ал негизги мыйзам. Ага каршы келген бир да мыйзам кабыл алынбашы керек. Баш мыйзамдын 97-беренесинде “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп жазылып турат. Андыктан юридикалык жагынан караганда сунушталган мыйзам долбоору такыр туура эмес. Ал эми саясий жагынан караганда бизде Конституцияны да, мыйзамдарды да көзгө илбей калышты. Мен “матчество” жөн гана шылтоо болду деп эсептейм. Эми мунун арты менен Конституцияны өзгөртүү маселеси көтөрүлөт. Себеби, юристтердин баары Конституциялык соттун “матчество” боюнча чечими эч кандай трагедия болбогонун түшүнүп турат. Бул чечим менен бардыгы тең балдарын апасынын атына которууга чуркаган жок. Ал алдыда Баш мыйзамды өзгөртүүгө жөн гана шылтоо болду”.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “матроним” тууралуу жарандык пикирин билдирген.
Ал Фейсбуктагы баракчасына “матчество боюнча ким чечим кабыл алса, ошол кайра жокко чыгарышы керек” экенин жазган.
Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “матроним” боюнча арызын карап, активисттин бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Мекеме бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген.
Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюу өзгөрүүсүз калат.
18-июнда "Медиа полиси" уюму "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушуна байланыштуу билдирүү таратты.
Уюм анда сунушту аталган органдын "матроним" боюнча чечимине байланыштырып, Конституциялык соттун ишине кийлигишүү катары баалаган.
"Мунун баары президенттик администрациянын Конституциялык соттун укуктарын чектөөсүнө себеп болуп берди. Анткени Конституциялык сот 30-июндагы чечимин Кыргызстанда адамдар улутунан, жынысынан, дин ишениминен жана башкадан көз карандысыз тең укуктуу экенин даңазалаган Баш мыйзамга ылайык чыгарды. Соттун чечими жаран аты-жөнүн 18 жашка толгондон кийин каалагандай өзгөртүүгө укугу бардыгына негизделген. Президенттик администрация муну түшүнүп туруп, "Конституциялык сот тууралуу" мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатканы - сот адилеттигине орой жана ачык кийлигишүү", - деп жазылган билдирүүдө.
"Медиа полиси" уюму президенттик администрациянын сунушу автократтык системага алып бара турганын айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөгөн.
Мыйзам долбоору боюнча юристтердин пикири
Конституциялык соттун бул түшүндүрмөсү талкууга жол ачып, мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге көтөрүүгө негиз болду. Юрист Нурбек Токтакунов президенттин администрациясы сунуштаган долбоор тууралуу комментарий берди.
“Бул Конституциялык сотту жокко чыгара турган мыйзам долбоору. Эгерде ал кабыл алынса, анда Конституциялык соттун кереги деле жок болуп калат. Ар кандай чечимдерди Конституциялык соттун судьялары кабыл алат. Бирок алар кабыл алган чечим кийин жокко чыгарылса, анда маселени кайра ким карайт? Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болот. Конституциялык соттун жокко чыгарылган чечимин кайра кароо үчүн судьялардын апелляциялык курамы болушу керек. Бирок бизде андай жок. Дүйнөдө Конституциялык соттордо мындай апелляциялык курам жок жана болушу да мүмкүн эмес”.
Конституциялык соттун “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген Конституциядагы талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганы, ал максат экени тууралуу берген түшүндүрмөсү да сынга кабылган.
Министрлер кабинети февраль айында Конституциянын ушул маселеге байланыштуу 44-беренесинин 2-бөлүгүн чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылып, мекеме чечимди апрель айында чыгарган.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Курманбек Осмонов сөз болуп жаткан долбоор тууралуу мындай деди:
“Дүйнөдө Конституциялык сот өндүрүшүндө процесуалдык стандарттар бар. Анда кабыл алынган чечимди кайра кароо боюнча бир да талап жок. Мейли коомдогу маанилүү маселелер боюнча президенттин сунушу менен чечимди кайра караса болот. Бирок иш каралып жатканда кабыл алынган түшүндүрмөгө Конституциялык соттун төрагасы да добуш берген эмеспи. Анан өзү добуш берген маселени кайра кароо тууралуу сунуш бергени туура эмес болуп калат. Ал эми президент улуттук каада-салтка каршы келген чечимдер боюнча өзүнүн далилдерин келтирип арыз берсе болот. Бирок мындай прецедент эч жерде жок. Кыргызстанда кандай гана сот болбосун бийликке, айрыкча президентке кандайдыр бир деңгээлде көз каранды”.
Конституциялык сот Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келиши тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет.
“Конституциялык сот чечим кабыл алганга чейин бир катар иштер жүрөт. Алар бир маселени алты ай карайт. Эч качан бир күндө же бир айда чечим чыкпайт. Экинчиден, Конституциялык сот бир жылда көп болсо 30-40 ишти карайт. Көбүнчө конституциялык түзүлүш, улуттук коопсуздукка байланыштуу маселелер. Ал эми Жогорку сот кылмыш, административдик жана башка тармактагы иштерди карайт. Ошондуктан Конституциялык соттун ишин башка укук коргоо органдарынын иши менен салыштырганга болбойт”, - деди юрист Таттуубүбү Эргешбаева.
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлгөн. Конституциялык соттун тогуз мүчөсү бар. Төрагасы Эмил Өскөнбаев.