Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Бишкек: орус активисттеринин камактагы мөөнөтү узарды


Украинадагы согушту токтотуу талабы менен Орусиянын элчилигинин алдына акцияга чыккандар. Бишкек. 25-февраль, 2022-жыл.
Украинадагы согушту токтотуу талабы менен Орусиянын элчилигинин алдына акцияга чыккандар. Бишкек. 25-февраль, 2022-жыл.

Украинада согуш башталгандан кийин Кыргызстанга келген орусиялык активисттер Алена Крылованын камактагы мөөнөтү 4-сентябрга, ал эми Лев Скорякиндики 9-сентябрга чейин узартылды.

Укук коргоочулар Орусиядан бийлигине каршы пикирин билдиргендерди экстрадициялоо Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрүп, Бишкек санкцияга кабылышы мүмкүн дешет.

Москва Украинага кол салгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен Алена Крылова 4-июнда Бишкектен кармалган. Жакында анын камактагы мөөнөтү 4-сентябрга чейин узартылганы белгилүү болду.

Мындай чечимди атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 3-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Учурда активист Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.

"Адилет" укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыровдун айтымында, Крылова сот чечимине каршы апелляциялык арыз бербей турганын белгилеп, башпаанек сураган арызын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кат жазган.

"Орусиянын өзүндө Крыловага каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында аны сот алты жылга чейин эркинен ажыратып коюшу мүмкүн. Андан жеңилирээги айып пул төлөө, коомдук иштерге тартуу, үй камагы өңдүү чечимдер болушу мүмкүн. Ошондуктан ал жеңил жаза алууну көздөп, экстрадицияны тандады. Биз анын өтүнүчүн аткарып, сот чечимине каршы даттанган жокпуз. Чечимди Башкы прокуратура карап чыккандан кийин дароо Орусияга экстрадиция болот. Азыр Аленанын күйөөсү Кыргызстанда".


Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы Алена Крылованы борбор калаада жаңы колдонула баштаган адамды жүзүнөн таануучу камеранын жардамы менен табышкан.

Крыловага өз өлкөсүндө экстремисттик деп табылган “Солчул блок” кыймылынын мүчөсү катары “экстремисттик бирикме түзгөн” деген негизде кылмыш иши козголгон.

Буга "Солчул блок" уюмунун мүчөлөрү Кремлдин Украинага согуш ачкан чечимин сындап, Орусияда бир катар акцияларды өткөргөнү себеп болгон.

Июнь айында Бишкекте кармалган дагы бир орусиялык активист Лев Скорякиндин камактагы мөөнөтү 9-сентябрга чейин узартылган.

Ага карата чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган.

Скорякин Алена Крыловадан айырмаланып, өзүн Орусияга өткөрүп берүүгө каршы чыгууда.

Азыр Кыргызстандагы юристтер Скорякинге укуктук жардам берип, анын тез арада башпаанек алуусуна көмөк көрсөтүүдө.

Активист июнь айынын башында башпаанек сурап, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий кат тапшырган.

Анын негизинде министрлик Башкы прокуратурага кат жазып, камакта жаткан активистке кирип чыгууну өтүнгөн.

"Адилет" укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров башкы көзөмөл органы азырынча уруксат бере электигин айтты.

"Кылмыш-жаза кодексине ылайык, алгач бир айга убактылуу камакка алынып, эстрадициялоо боюнча материалдар Орусиядан келгенден кийин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Скорякиндин өзү Крыловага окшоп сот чечимине каршы даттануудан, башпаанек суроодон баш тарткан жок. Ошондуктан ага жардам берүү улантылууда. Башкы прокуратурага документтери келип түшкөн, бирок бул орган тиешелүү жообун бере элек".


Скорякин Кыргызстанга өзү эле келген, камакка алынгандан бери Орусиядагы жакындары, достору кабарлашып жатат.

Орусиянын бийлиги 9-июнда "Солчул блок" (Левый блок) кыймылынын активисти Лев Скорякинге издөө салган. Активист ошол эле күнү Бишкекте кармалган.

Бул маалымат алгач аталган кыймылдын Телеграм-каналына жарыяланып, Скорякинге карата 2021-жылдын декабрь айында "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун жазган.

6-июнда согушка каршы чыгып, аскер комиссариатына өрт койду деп айыпталган активист Алексей Рожков Орусияга депортацияланганы белгилүү болгон.

"Тилектештик аймагы" кыймылынын мүчөсү, укук коргоочу Евгения Шамина активисттер мурда кылмыш иши козголгону үчүн эмес, Украинадагы согуштун фонунда кыргыз-орус бийлигинин тыгыз кызматташтыгынын негизинде кармалды деп эсептейт.

"Активисттердин кармалышы - Москванын кысымы"

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов релоканттарга байланыштуу соңку окуяларды орус бийлигинин Бишкекке кысымы катары сыпаттады.

Ал экстрадициялоо Кыргызстанды дагы санкцияга кириптер кылышы мүмкүн деген пикирде.

Илья Шуманов
Илья Шуманов

"Бул орус бийлигинин Кремлге лоялдуулугун көргөзгүсү келген кыргыз бийлигине жасаган басымына байланышкан. Адамдарды өткөрүп берүү, укук коргоо органдарынын кызматташтыгы - азыркы кооперациянын үлгүсү окшойт. Кайсы бир өлкөлөр, жада калса Орусия менен "достук мамилеси" барлар да нейтралдуу позицияны карманып турат, кайсы бирлери орус бийлигинин саясий каршылаштарын куугунтукка алган укук коргоо органдарына жардам берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул башкы себеп. Ушундай окуялар Казакстанда, дагы бири Арменияда болгонун укканбыз. Бул Орусиянын башкы оппоненттерин экстрадиция кылып, кармап берүү менен алектенген өлкөлөрдүн гана тар чөйрөсү. Эл аралык коомчулук мунун баарын терс кабылдашы мүмкүн. Биз кыргыз компанияларына санкцияларды айланып өтүүгө жардам бергени үчүн америкалык бийлик "кара тизмеге" киргизгенин билебиз. Эгер кайсы бир укуктук конструкция бузулса, орусиялык режимдин саясий каршылаштарын куугунтуктоого жардам берилсе, бул учур болбосо дагы, ушуга окшош окуялардан улам адам укугун бузган кайсы бир адамдар санкциялык чектөөлөргө кабылат деп ойлойм".

Эске сала кетсек, буга чейин кыргызстандык төрт компания АКШнын кара тизмесине кирген. Айрым эксперттер муну адам укуктарын, сөз эркиндигин сыйлабаганы жана санкциялык режимди сактабаганына байланыштуу Бишкекке эскертүү катары кабылдашкан.

Буга чейин Бишкекте Орусиядан келген ыктыярчылар жана мигранттар түзгөн "Кызыл чатыр" ("Красная крыша") долбоору жабылганы жарыялаган. Бейформал кыймылдын мүчөлөрү жергиликтүү күч органдарынын кысымына кабылганын билдирген. Бишкек шаардык милициясы жана ИИМ аталган кыймылдын билдирүүсү боюнча комментарий берген эмес.

Кыргызстандык укук коргоочулар качкындар тууралуу мыйзам мурда эле жакшы иштебегенин белгилешип, согуштан улам жер которуп келгендерге жардам көрсөтүү механизмдери жок экенин айтып келет.Июнь айында Кыргызстан, Казакстан жана Орусия менен жеке маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашууга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бул документке ылайык, аталган үч өлкө бири-биринен адамдардын жарандыгы, туруктуу жашоого уруксат документи, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган жери боюнча миграциялык каттоого коюу, виза, кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды алмашып турат.

Кыргыз бийлиги бул документ мигранттардын маселесин чече турганын айткан. Бирок укук коргоочулар Украинадагы согуштун фонунда маалымат алмашуунун жеңилдеши Кремлдин саясатын колдобой, согуштан качып келген орусиялыктарды аныктоого жардам берет деп кооптонушууда.

Андан бир аз мурдараак Бишкекте адамды жүзүнөн тааныган камералар ишке кирип, Ички иштер министрлиги орусиялык күч түзүмдөрү кыргызстандык кесиптештерине мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миң кишинин сүрөттөрүн өткөрүп бергени маалым болгон.

Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салгандан бери Кыргызстан тараптарды тынчтыкка чакырып, нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет.

XS
SM
MD
LG