"Мындан ары тынч жашашыбыз керек"
Баткен шаарына жакын жердеги Чет-Булак жерлигине Достук айылынын тургундары үчүн жаңы конуш түптөлүүдө. Айыл эли өзү конушту Жаңы Достук деп атап, 14-мартта пайдубалына капсула салган иш-чарага чогулду.
Достук айылынын тургуну Касиет эне көчө турган бала-бакырага өз айылындагыдай шарт түзүлүп берсе деген үмүтүн айтты:
"Биз эми мындан ары тынч жашашыбыз керек. Анан бул жерге ошол кудум айылыбыздагыдай кылып мектеп, бала бакча, бассейн куруп бериши керек. Биздин келин-кыздар кайра бул жерде да жумуш менен камсыз болушса. Кары кишимин, түшүнбөйм, бирок үйдүн аянты кичине экенин балдар бул жердеги долбоорду көрүп айтып жатышат. Чоңойтуп бериши керек. Менде, мисалы, жолдошу каза болуп калган кызым эки баласы менен биздин пенсияга жан багып, чогуу жашайт. Кантип батабыз, тар болуп калбайбы экен деп турам".
Азырынча курула турган үйлөрдүн так саны айтыла элек. Достук айылындагылар үчүн 70 үй салынат.
Андан сырткары чек ара тактоодо алмашылган башка жерлерден да көчүп келгендер болуп калышы мүмкүн.
Достуктун тургуну Гыламидин Абдылаев мал кармап, айылдагы турмушка көнгөн эл кантет болду экен деп сарсанаа болгонун айтууда:
"Мен буга чейин долбоор менен таанышкан эмес элем. Бүгүн келип азыр бул жерден долбоорду көрүп, көңүл жылып турат. Жаман эмес, жакшы деп айтсам болот. Буюрса жакшы ниет кылсак, жакшы жашоо болсо элибиз, Кыргызстаныбыз тынч болсо, негизгиси азыр ошол болуп турат. Айылда мал кармап жашагандан кийин малсыз, чарбасыз жашай албайсың да. Өзүбүздүн жерибизге жетпейт, албетте. Туулган жерибизге, киндик кан тамган жерибизге... Эми эмне дейбиз, эч нерсе дей албайбыз.”
Жаңы конуштун долбоорун жактырганы менен Достуктун тургундары ата конушун таштап кетүү алардын жүрөгүндө өмүр бою кала турган окуя экенин айтып жатышат.
Айылдын дагы бир тургуну Халима Кунназарова балдардын келечектеги тынч жашоосу үчүн көчүүгө аргасыз экенин айтат:
"Канча уруш көрдүк, канча октон качтык. Мал-жандык багат элек, малыбызды да жарым-жартылай ала качып жүрдүк. Отура берсек Тажикстанда калып кетебизби деп коркобуз да. Жан ширин, чыгабыз да аракет кылып. Биздин айыл ого бейиш эле. Келебиз да, айла жок келебиз. Тынчтык үчүн келебиз да. Балдардын тынчтыгы үчүн. Биздин өтүнүч, эми бир бөлмөгө жертөлө кылып берсе. Айылдык болгондуктан тандырга нан жаап жейбиз, азык-түлүктү килограммдап сатып алганга алымсынбайбыз. Подвалы болсо ун, сабиз, пияз картошканы мүшөктөп сактаганга. Бала-чакалуубуз. Мен өзүм Баатыр энемин, жети балам бар.”
Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо Достук айылынан 70, Таш-Тумшуктан 59, Көк-Теректен 17, Масейиттин жеринен 17, жалпысынан Баткен районунан 179 үй жайгашкан жер алмашылары айтылууда. Район акими Данир Иманалиев элди жайгаштырууда өзү менен кеңешип жатышканын билдирди:
"Көк-Терек, Таш-Тумшук, Масейиттин жери, Тескей жана Дөбө участкалары боюнча атайын райондук деңгээлде комиссия түзүлдү. Ошол аймактарда канча турак жай, канча бош участок бар, тактап, иштеп жатабыз. Аларды да кайсы жерге көчүрөбүз, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөт, айыл башчыларына тапшырма берилди. Карап чыгып, элдин сунушуна, суранычына ылайык алмаштырып берүү иштерин жүргүзүп жатабыз.”
Ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, ар бир үй үч бөлмөлүү болору, бардык шарт түзүлөрү маалымдалды. Курулушту күз айларына чейин бүтүрүү пландалууда. Курулуш ишине президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев старт берип, кыргыз-тажик чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин айтты.
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов анда мамлекет турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Бул окуядан кийин коомдо нааразылык жаралып, президент Садыр Жапаров Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берген.
Жыйынтыгында элге 10 сотых жерге үй куруп берүү, 10 сотых тилке келечекте турак жай салганга жана дагы 10 сотых жерди айыл чарбага пайдаланууга бөлүп берүү чечими кабыл алынганы маалымдалган.
Чек ара боюнча келишим
13-мартта Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен "Ынтымак ордодо" кеңейтилген форматта сүйлөшүү өтүп, кыргыз-тажик өз ара кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Алардын негизгиси – ортодогу мамлекеттик чек ара жөнүндө келишим. Жапаров Рахмондун бул сапарын "тарыхый" деп атап, кол коюлган документтер эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрөрүн белгиледи. Рахмон да чек ара келишимин "тарыхый" деп атады.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иши натыйжалуу болгонун белгиледи:
"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болоруна, ал биздин өлкөлөрдүн элдери жана кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарына ишенем. Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө олуттуу салым кошот".
Өз кезегинде тажик президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн элдерин көп кылымдык достук жана ынак коңшулук байланыштырып турганын белгиледи:
"Биз бул байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даярбыз. Бүгүн биз өлкөлөрүбүздүн чек аралары боюнча тарыхый чечим кабыл алабыз. Чек ара боюнча келишим мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт. Ал эми кол коюла турган документтердин топтому тажик-кыргыз мамилелеринин жаңы барагын ачат. Бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыгы өз ара мамилелерди элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген жаңы деңгээлге чыгарарына ишенем".
Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясынын кыргыз тараптан жетекчиси Камчыбек Ташиев чек араны тактоо келишими эки өлкөнүн кызыкчылыктарын тең камтыганын 27-февралда парламенттеги сөзүндө айткан:
“Кабыл алынган чечимдин бардыгын бир тараптуу деп айта албайм. Мамлекеттик чек ара бир тараптуу эч качан чечилбейт, эки тараптын тең кызыкчылыгы каралат. Бир тараптуу кызыкчылык менен чечилген чек ара эч качан жакшылыкка алып келбейт. Себеби экинчи тарап дагы ыраазы болушу керек. Биз эки тарап тең бири-бирине ыраазы болгон күндө гана түбөлүк тынчтык келет деген принциптерди кармандык. Ошондуктан тажик тарап менен дагы өтө тыгыз иштеп, алар керектүү жерлеринде бизге “уступка” кылып берип жатышты. Керектүү, ыңгайлуу болгон жерлеринде биз аларга “уступка” кылып берип жаттык. Ошентип отуруп акыры келишим түзүлдү”, - деген Ташиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте 5-мартта сүйлөгөн сөзүндө чек араны тактоо боюнча келишимде Достук айылынын Тажикстанга берилишин жана Ворух анклавына бейтарап жол берилишин иш жүзүндө Дүйшөмбүнүн Союз кезинен бери эңсеп келген коридор ачуу стратегиясына жетишүү деп атаган:
“Бул келишим мөөнөтү жок жана кайра кароого мүмкүнчүлүк жок деп чекит коюлуп, тыюу салынып жатат. Тажиктер бул формулировкага келгени эмнени айтып атат? Демек, тажиктер ушул көйгөйлөр боюнча кандай стратегиялык максаттарын койгон болсо, ошол стратегияга жетиптир деп түшүнсө болот, ушундай формулировкага булар макул болгондон кийин. Себеби, башкача болгондо тажиктер мындай формулировкага эч качан макул болбойт болчу”.
2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу күчтөрү катышкан кандуу кармаш эки коңшунун мамилесине айыккыс так салган. Эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү кыйган ал жаңжал эгемен тарыхтагы эң калайман окуя болуп калды. Бири-бирин агрессияга айыптаган коңшулардын мамилеси муздап, соода-сатыгы дээрлик кан буугандай токтоп калган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда парламенттеги сөзүндө Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, аны өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Шерине