Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Украинадагы согушта мерт болгон 98 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды


Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 97 994 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Иликтөөнүн авторлору учурда алардын колунда такталып жаткан дагы 10 миңдей билдирүү бар экенин маалымдашты.

Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт. Ошондой эле согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.

Буга чейин "Азаттык" бул согушта теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Иликтөөчү журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан кеминде мындан кеминде эки эсеге көп экенин белгилешет.

“Медиазонанын” божомолунда, Орусия кеминде 165 миң адамынан айрылды.

UAlosses долбоорунун командасынын эсебинде, Украина бери дегенде 127 миңдей жоокерин жоготту, алардын арасында дайыны табылбай жаткандар да бар.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт. Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG