Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:14

Трамптын буйругунан кийин Йеменде хусилерге каршы чабуул башталды


Йемендик хусилер.
Йемендик хусилер.

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерге Йемендеги хуси козголоңчуларына сокку урууну тапшырды. Ал бул тууралуу Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды жана козголоңчулар америкалык жана башка кемелерди, учактарды бутага алууну токтотпой жатканын билдирди.

“Мен бүгүн АКШнын Аба күчтөрүнө йемендик террорчуларга – хусилерге каршы чечкиндүү жана кубаттуу аракет көрүүнү тапшырдым. Мен террорчу-хусилерге айтарым – силердин күнүңөр бүттү. Чабуулду бүгүнтөн калбай токтотушуңар керек. Болбосо силерди буга чейин башыңардан өтпөгөндөй азап-тозок күтөт”,-деп жазды Трамп.

Мындай буйруктан кийин аймакка абадан чабуул башталды.

Хусилер соңку окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, АКШ менен Британияны Сана элине каршы “каардуу агрессия” көрсөтүп жатат деп айыптады. Лондондун акыркы чабуулдарга тиешеси жок экени белгилүү.

Хусилердин көзөмөлүндөгү Саламаттык сактоо министрлиги бул чабуулдарда бери дегенде 19 адам мерт болуп, дагы 11 жараат алганын кабарлады.

Быйыл жыл башында Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.

Газадагы согуштан улам Иран колдогон хусилер Йемендин жээгин бойлой бараткан кемелерди бутага алып келе жаткан. Кызыл деңиз жана ал жердеги Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12% өтөт, жүктүн 30% ташылат.

Хусилер Йемендин аймагынын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Өткөн жылы октябрда алар Израилге каршы согушта АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму менен бириге турганын билдирген.

Ошондон бери хусилер Израилдин аймагын аткылап, дрондор менен чабуул коюп келатат. Өткөн жылдын аягында Израил Йемендин баш калаасына сокку урган.

Шерине

XS
SM
MD
LG