Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк багытта балык уулоого мораторий кирди


Президент Садыр Жапаров 11-июлда “Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Документте "аталган көлдөрдү байырлаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын", - деп жазылган. Ошол эле маалда, "ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү, балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу үчүн бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү жана илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү максатында гана балык уулоого уруксат берилери" көрсөтүлгөн.

Өткөн айда Айыл чарба министрлиги аталган эки көлдө балыктын өндүрүштүк, баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатууга жана чыгарып кетүүгө тыюу салган документтин долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документ көлдөрдөгү балыктын жок болуп бараткан түрлөрүн калыбына келтирүү максатында иштелип чыкканы жазылган.

Тыюу салуу менен маселе чечилбестиги, ушул тармакты жөнгө салып, саясатын жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, кошумча каражат бөлүү зарылдыгы да айтылган.

Долбоордо тыюу салуу эрежелерин бузгандарга акчалай айып салуу жана түшкөн каражаттын 30% тиешелүү мамлекеттик органда калтыруу сунуш кылынган.

Соңку жылдарда Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө, Токтогул суу сактагычына балык департаменти чабактарды коё бергени менен мыйзамсыз балык кармоо тыйыла элек.

Кыргыз өкмөтү 2003-жылы Ысык-Көл менен Соң-Көлдөн өндүрүштүк багытта балык кармоого мораторий киргизген.

Илимдер академиясынын окумуштуулары мораторийди балыктардын баарына эмес, эндемикалык жана коммерциялык балыктарды кармоого киргизүүнү сунушташкан. Бирок, өкмөт бардык балыктарды кармоого тыюу салып, ал 2017-жылдын май айына чейин өзгөрбөй келген. Бул мезгил ичинде жалаң браконьерлер гана мыйзамсыз балык уулап, бирок өндүрүштүк деңгээлдеги балык кармоо жүргүзүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG