Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Зеленский: Путин менен компромисске баруу мүмкүн эмес


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын болжолдонгон жазгы чабуулу башталганын билдирди.

Ал Орусиянын Украинага басып киргенинин бир жылдыгына карата Би-Би-Сиге курган маегинде каршы тарап бир нече багытта чабуул коюп жатканын айтты.

Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү орус аскерлеринин мизин кайтарып, каршы чабуулга өтүүгө кудуреттүү деп эсептейт, бирок бул үчүн Батыш өлкөлөрүнөн көбүрөөк жардам керектигин кошумчалады.

Ал Украинанын аймактарына байланыштуу Киев Владимир Путин менен компромисске барбай турганын дагы бир жолу белгиледи. Ар кандай аймактык компромисстер украин мамлекетин алсыратарын айткан президент Путинге ишенип болбой турганын да кошумчалады.

Америкалык чалгын кызматтары жана Батыш аналитиктери жыл башынан бери Москва согуштун бир жылдыгын туштап жаңы чабуул даярдап жатканын эскерткен.

Мурдараак Владимир Зеленский орус армиясы февралда “мурдагы жеңилүүлөрдүн ордун толтурууга” аракет кыларын айткан.

Акыркы күндөрү Орусия Украинага Батыштан заманбап аскердик техниканын жаңы партиялардын келишине каршы чабуул баштайт деген божомолдор көбөйдү.

Жакында Financial Times гезити аты аталбаган Батыш өлкөсүнүн эки чалгындоо булагына таянып, Орусия Украинанын чек арасына жакын жерде учактар менен тик учактарды топтоп жатканын, аларды ири чабуулдарга колдонушу мүмкүн экенин жазды.

24-февралда Орусиянын Украинага басып киргенине бир жыл толот.

XS
SM
MD
LG