Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Түркияда ӨКМдин көчмө госпиталы иштеп жатат


ӨКМдин Түркиядагы талаа госпиталы. 2023
ӨКМдин Түркиядагы талаа госпиталы. 2023

Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) талаа госпиталы жайгаштырылып, жарандарды күнү-түнү кабыл ала баштады.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук госпиталдын дарыгери Матен Бактыбек уулу ар кандай жараат алган, зилзаладан кийин уйкусу бузулган, депрессияга кабылган тургундар келип жатканын айтты.

ӨКМдин медициналык кызматынын башчысы Талант Наматовдун белгилешинче, талаа госпиталында жети адамдан түзүлгөн дарыгерлер тобу иш алып барууда. Госпитал төрт бөлмөдөн турат жана он керебет жайгаштырылган.

"Топтун курамында түрк тилин билген медициналык кызматтын башчысы, эки хирург, эки травматолог, нейрохирург жана анестезиолог-реаниматолог дарыгерлер бар. Талаа госпиталына жабыркаган жарандар кайрылууда. Алардын ичинде мээси чайкалгандар, кан басымы көтөрүлгөндөр, денесинен жараат алгандар бар. Биздин дарыгерлер кайрылган жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңештер берилүүдө”, - деди ал.


6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 41 миңден ашуун адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды.

Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калгандар көп экени кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG