Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Депутат үй куруу үчүн аймактарда трансформация маселесин тез арада чечүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аймактарда жер тилкелерин тез арада трансформациялоо керек деген пикирин бүгүн 26-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Руслан Жакышев билдирди. Ал Бишкек шаарында бул маселе чечилип жатканы менен аймактар көз жаздымда калып келатканын, эгер жерлер бөлүнүп берилсе биринчи кезекте жаштарга жакшы көмөк болорун, жер сурап кезекте тургандар миңдеп саналарын айтты:

“Шаардын тегерегиндеги жерлерди трансформациялоо менен эле чектелип, аймактарыбыз каралбай калды. Тамы жок же там салууга жери жок, бир үйдө эки-үч үй-бүлө баш калкалаган жагдайлар арбын. Жумуш менен камсыздай албасак да жер тилкеси менен камсыздап койсок калкыбызга, айрыкча жаштарга жеңилдик болмок. Мамлекет тез арада алгылыктуу кадамдарга барып, жерлерди трансформациялоо маселесин чечиши керек, анткени айылдарда жер тилкесин алыш үчүн кезекте тургандар миңдеп саналат экен”.

Соңку бир жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам алкагында айрым жер участокторуна мунапыс берилүүдө.

Бул үчүн 40 райондо, 20 шаарда 60ка жакын комиссия иштеп жатканы маалымдалган.

Мындан тышкары Кыргызстанда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам 2021-жылы 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилери айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG