Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Коммунизм аралындагы бир күн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус жазуучусу Владимир Тендряковдун “Коммунизмдин жыргал аралы” аңгемеси социализм тарыхый тактыдан кулап түшпөсө саясий зыяндуу чыгарма катары жарыкка чыгышы күмөн болчу. Совет бийлигинин соңку жылдарындагы айкындуулук шартында жарыяланган аңгеме тууралуу сөз кылабыз.

Сталин менен Хрущев

Владимир Тендряковдун бул аңгемеси сүрөткер менен өкүмдар ортосундагы мамилени баяндоого арналган. Анда эңгезер СССРдин жетекчиси Никита Хрущевдун интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуусундагы эки учур сүрөттөлгөн.

Тагдырдын тамашасы эмей эмне - Сталин Хрущевду адам ордуна деле көрбөй бир жүргөн бир пенде дечү. Кийин анын түбүнө ошол “жөн пенде” жетпедиби. Тендряков Сталинди бир жолу гана алыстан көргөн.

1945-жылы 7-ноябрда кылкылдаган көпчүлүктүн катарында Кызыл аянтта баратып өкүмдарды көрүп элди туурап кыйкырганы эсинде калыптыр. Бою пас, шапкесининин кыры көзүн жапкан кары киши өрөпкүгөн элге колун акырын булгалаган. Жанына барыш кайда, анын ордуна келген Хрущевду алыс-жакындан бир нече ирет көрдү, а бирок анын колун кармоо бактысына жетишпеди. Эңгезер өлкө башчысы убада кылган коммунизм аралын көрүп, бир күнү анын жанында болуп калары оюна деле келбептир.

1960-жылы 15-июлда Жазуучулар союзунун башкармалыгынан телефон чалышып, эртеси сөзсүз кирип кетишин айтышты. Башкармалык дайым эле чакыра бербейт, айткан убагында баш бакса, басма тамга менен жалтырак кагазга жазылган чакырууну колуна карматышты. Партия, өкмөт жетекчилеринин интеллигенция менен жолугушуусуна чакыруу экен. Ал күнү техникалык кароо маалы келгенде гана ылай-чаңдан арылчу эски “Москвичин” жууп, үлкөн салтанатка гана сактаган боз түстөгү жалгыз костюмун кийип барууну ойлонгон. Үйүнө кеч келип уктап калган экен, эртеси чала-була жуунуп шашылып жолго чыкты.

Шаардан чыккандан кийин машиненин дөңгөлөгү жарылып атпайбы. Тердеп-кургап аны алмаштырып, май колун кир чүпүрөккө аарчып, жалтыраган өкмөттүк “Чайкалар” менен “ЗИЛдерди” кууп, улуктар гана кирчү коммунизм аралына баратты. Энтеңдеп шашып баратып өкмөттүк “Чайканын” алдына тура калып эреже бузганын көргөн милициянын полковниги чакыруу кагазын деле карабай, “ашыкпай жүрүңүз, авария кылышыңыз мүмкүн, этияттаңыз” деп сылык-сыпаа эскертип кетти. Акыры бийик дубал менен тосулган коммунизм өтмөгүнө жетип кезекке туруп калышты.

Баары бекер, бепбекер

Бийик тосмо дубалдар менен курчалган коммунизм аралына киргенден кийин думуктурган ысык кабинадан сыртка чыгып, бир жагынан көйнөгү тер денесине жабышып, ысыкта таңдайы катып суусаганын айт. Каерден чаңкоомду кандырсам деп келатса, катар тизилген үстөлдөрдө сатыкта жок суулар куюлган бөтөлкөлөр туру. "Боржоми", "Ессентуки", "Ситро" - атынан баш адашат. Куюп берер бекен деп тура калса ак фартукчан болук сулуу кыз жылмайып боржоктогон сууну сунуп калды. Анын эки фужерин түгөтүп, көнгөн адатынча чөнтөгүнөн тыйын издеп калса тигилер жапайы адамды көргөнсүп кадалып карап калышыптыр. О, кокуй, бул жер коммунизм эмеспи, кайдагы тыйын, баары бекер, ал да каалашыңча ич, же, таза аба, көлөкө, апакай кийимчен сулуу кыздар, арыда фонтандын суусу көңүл көтөрүп, ашыгып келген бечара суусунун кандыргандан кийин чекесинен чыккан терди аарчып, көргөнүнө ишенип-ишенбей турду.

“Бала кезимде, мектепке бара электе “Коммунизм - тиги турган мунарык!” деген сөздү көп укчумун.

Мунарык дегениң көзгө илешпеген, алыскы бозомукка чөгүп кеткен элес, жакындаган сайын аның алыстай берет. Биз коммунизмге жакындаган сайын ал бизден кылактап алыстай берет.

А коммунизм дегендин өзү кандай нерсе? Анын өңү-башы кандай болду экен?

Туура, кедей турмушта өп-чап жашадык – эптеп карын тойгузганга канаат кылып, далыбызга колго тийген жамаачы кийимди жаап, өмүрдүн көбү дүкөндөгү узундан-узун кезектерде, топ кожолук тыгылышкан тар батирлерде өттү, мунун баары бешенебизге бекем жазылып калгансып, андан башканы ойлонбой, анан коммунизм десе аны баарыбыздын курсагыбызды кенен тойгузган майлуу эт сыяктуу элестетип алыппыз, ал да - жей бер, тойдум деш жок!

Карл Маркс андай ашказандан ары чыкпаган көз карашты шылдыңга алып аш кашык коммунизми деп атаган. Аны менен эле тим болбой жамы дүйнөгө: “Ар кимдин - жөндөмүнө жараша, ар бирөөнүн - керектөөсүнө жараша” деген сөздү жарыя кылган. Уккан адамдын курсагын тойгузчу, купуя сырдуу сөз. Ушу кезге чейин коммунизм деген эмне экенин так, таамай түшүндүрүп берген бирөө жок. Маркстын артынан чыккан акылдуулар жыргалчылыктын сөзсүз келишин ырастап: “Мунарыкта!” деп атышпайбы”.

Карапайым көпчүлүккө коммунизм бел оорутпай, кол жоорутпай тапкан жыргалчылык катары көрүнчү, жетишпеген акча деген жок, дүкөнгө бар да каалаганыңды алып, жыргап жашай бер. Мына ошол коммунизм бул жерде экен, таңдайы катып турганда аптыга ичкен суусуна акча алышпады, эми желчү чүйгүн тамагы, сый-урматтын баары бекер. Чөнтөгүндөгү акча салган намыяны - бүгүн артыкбаш. Коммунизмге чакырылгандардан эрте келген бирөө сууга түшсө болорун айтып, кубанып алыптыр. Тердеп-кургап, көйнөгү денесине жабышып турган, бир гана оңтойсуздук парпыраган кенен турсийи менен кантип сууга түшөт? Анын оюн билип койгонсуп тиги: “плавки берет экен” деди.

Дасторкон үстүндөгү сөз

Мурдагы жолугушуу кандай өткөнүн Константин Паустовский айтып берген. Анда да кездешүүнүн тамак-ашы мол, бирок аягы таарыныч-урунуч менен бүтүптүр. Коммунизм аралында баары сылык-сыпайы болот дегени калп окшойт. Катчылык жумушунан аз да болсо эс алууга убакыт тапкан Сурков күлүп-жайнап, арыта суудан чыгып алып Леонид Леонов курганып жатса, Валентин Катаев сууну жай жиреп, араактагы Доризого ушунча узак жол басып сууга түшкөнү келдикпи деп атыптыр. Жээкте шымынын кыры бырышпаган Алексей Аджубей - Никита Хрущевдун күйөө баласы болгуча “Комсомольская правда” гезитинин катардагы кабарчысы болуп иштеген жылдыздуу жигит эс алып отуруптур. Жөн убакта биринин быкыйын экинчиси чукуганды өнөр көргөн жазуучулар журту бул күнү бири-бирине жылмайып, баары башкача эле. Иса пайгамбар тирилип келгендей маанайлары ачык, башка убакта колун бергиси келбеген Эренбург Грибачев менен өбүшүп учурашып, өзүнчө бир идиллия туруп калыптыр, капырай.

Анан ошол жолугушууда, Хрущев кызып алган окшойт, сүйлөп аткандардын сөзүн бөлүп, жазуучулар катарындагы жашамал Мариэтта Шагинянды каптап: “Орустун наны менен майын бекер жеп жатасыз” деп каарып өтүптүр.

Лениндин өмүр баянын иликтеп, коммунисттер алдында сөзү өктөм дымактуу жазуучу да бош келбей: “Менин жеген нанымды милдет кылгандарды жактырбайм!” деп тойду таштап, автобуска чыгып отуруп алыптыр. Хрущев аны менен эле тим болбой идеялык ката кетиргендиги үчүн Маргарита Алигерге атырылып: “Сиз идеологиялык диверсантсыз” дептир.

Тигинин болгон айыбы “Литературная Москва” альманахын түзүп чыгарганы болчу. Алигер да бош келбей ачууга буулуккан Хрущевге коммунист экенин айтса, тиги колун шилтеп, коммунисттерге ишенбесин, ага караганда Леонид Соболев чынчыл экенин айтыптыр. Ал ирет Соболевдин маанайы көтөрүлүп, “туура, тууралап” Хрущевду колдоп, идеясыз авторлорду айыптап, башкатчыга машинасын токтотууга гараж жок кыйналып жатканын айтууга жетишиптир.

Хрущевдун буркан-шарканы күчөгөндө асман жарылып кеткенсип көктөн жамгыр көнөктөп куюп, тамак-ашы жайнаган үстөлдөрдү тегеректеген өкмөт мүчөлөрү менен интеллигенциянын үстүндөгү тосмо сууну көтөрө албай калганда жапжаңы кийимчен алыбеттүү жигиттер чатырдан сууну агызып, өкмөт адамдарына тамчы тийгизбей турушту дейт. Интеллигенцияны ойлогон деле бирөө болбоптур. Аны карап турган Самуил Маршак “Мындай Шекспирдин оюна эмес, түшүнө да кирген эмес” деп жылмайыптыр.

Хрущевдон каккы жеген Маргарита Алигер кечени таштап кетип атса, көптүн арасынан жалгыз Валентин Овечкин гана аны коштоп, калганы жетекчиден уруш уккан каламдашына жакындаштан коркуп турушту. Хрущевге жаккан кандай мактоо айтсам деп элеп-желеп болуп аткан Соболевдин жүрөгү кармап “Тез жардам” чакырышып, алып кетип атышканда кызыга карап тургандарга ал киши: “Никита Сергеевич гаражды унутпасын” улам кайталап ооруканага кетти дейт. Кийин Москвада биринчиге жакын кишилер Хрущевдун кылыгын сынга алышканы жөнүндө миш-миштер айтылып тим болду.

Өкүмдар менен кызматчы

Экинчи жолугушууда Хрущев жазуучуларды каарыбай, жаркылдап жакшы жүрдү. Никита Сергеевич жакасы кыска шара тилик украин көйнөгүн кийип, шагдам басып, аны коштоп карылыкка бой сунган Ворошилов, Микоян келди. Мурдагы жолугушуудагы Молотов менен Каганович, Шепиловдун жоктугун эстеген деле бирөө-жарым болбоду. Биринчини көргөндө оор денесин көтөрүп заматта элпек боло калган Грибачёв, гараж маселесине кошуп жаңы уюшулган орус жазуучулар союзунун башчысына жеткен Соболев, алардын жанында бийликтин дагы бир сүймөнчүгү “Степа аба” – Сергей Михалков Хрущевдун жанына башкаларды жолотушпады.

Бийликтин чыгармачыл интеллигенцияга мамилеси башынан эле катуу болчу, Ленин либералдык интеллигенцияны "буржуазиянын үй шыпыргычы" деп жактырчу эмес. Сталин бийликке бүгүлүп кызмат кылууну жаңы мамлекеттин жашоо-турмушунун негизине айланткан. Хрущев Сталиндин тарбиясын алып, анын башкаруусуна жедеп көнгөн, баладай баёо көрүнгөнү менен ачуулуу, кекчил, бир айтканын бербеген көк болчу. Ошол көктүгү совет заманында бир жакшы ишти жасоого өбөлгө түзүп берди. Сталинге жүгүнүүчүлүктү, совет өлкөсүн жыш каптаган орто кылымдык инкивизицияны, айыптуу-айыпсызын желкеден аткый кармап алып барып уруп-токмоктоп, аягында атып салууну токтотту.

Өзү жалгыз култуюп унчукпаган бюро мүчөлөрүн каратып туруп Сталиндин айыбын ачты, башкасын айтпаганда деле ХХ съезддин трибунасынан туруп атын укканда жүрөгү түшчү кудайын мавзолейден алдыртып таштаганын айтпайсызбы. Кең өлкөдөгү жайнаган эстеликтерин түрттүрүп таштап, сүрөттөрүн жок кылдырды. Антпесе, колу канга малынып калган коопсуздук кызматы көнгөн ишин уланта бермек. А бирок, Хрущев Сталинди айыптаган менен, баш көтөргөн мажарларды 1956-жылы канга бөлөп нааразылыкты күч менен басты.

Хрущев билимсиз, дардаңпоз, ишенчээк адам көрүнгөнү менен чыгармачыл адамдарга мамилесин өзгөрткөн жок, бир айырмасы Сталинге окшоп аттырбады, чыгармаларын чыгартпай, баскан-турган жерине аңдуу койдуруп басмырлоону токтотподу. Аны менен иши жок саясий аба ырайы азыноолок жылымдаганга толкунданып кеткен адабиятчылар Владимир Дудинцевдин чынчыл романын Москвадагы жазуучулар үйүндө кызыл чеке талашка салып, талкуулап жатканда керектүү кишилер атчан милицияны чакырып, ишенчээк окурмандарды кубалап таратышты. Кийинки жолугушууда Хрущев асманга ыргытылган тарелкаларды атып биринчиликти алган Мжаванадзенин байгесин алганга ыраазы болуп, жазуучулар менен сый тамакка тынч отурду.

Владимир Тендряковдун 1974-жылы жазылган “Коммунизмдин жыргал аралы” авторунун көзү өткөндөн кийин 1988-жылы “Новый мир” журналынын сентябрь айындагы санында жарыяланган. Чыгармага жазган баш сөзүндө Сергей Залыгин кандай шартта болсо да тартынбай акыйкатты айтууга батынган чынчыл сүрөткер Владимир Тендряковдун адабий мурасы эми тереңден ачыларын туура белгилеген.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG