Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Жалал-Абад облусунда он айда 15 өспүрүм өз жанын кыйды


Жалал-Абад облусунда быйылкы жылдын 10 айында 15 бала өз жанын кыйган. Алардын көпчүлүгү жашы 17ге чейинкилер. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Суицидге барган балдардын айрымдарынын ата-энелери миграцияда жүргөнү аныкталган.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында 75 өспүрүм өз жанын кыйганын айтты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрт учурга аз.

Балдар арасындагы суицид тууралуу кабарлар көп тараганы менен анын себептерин талдаган иликтөөлөр дээрлик жок. (TB)

Шерине

XS
SM
MD
LG