Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Кайсы партия жеңет? Сатирага айланган шайлоо


Түркиядагы шайлоолордун бири. Оппозициялык партиянын тарапкерлеринин Стамбулдагы жыйыны. 2019-жыл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Түркиядагы шайлоолордун бири. Оппозициялык партиянын тарапкерлеринин Стамбулдагы жыйыны. 2019-жыл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Айтылуу түрк жазуучусу Азиз Несин (азан чакырып коюлган ысымы Мехмет Нусрет) жаамы дуйнөгө курч сатиралык чыгармалары аркылуу белгилүү. Анын бир тобу кыргыз тилине которулган. Бул ирет сатирик жазуучунун “Кайсы партия шайлоодо жеңет?” аңгемеси тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Азиз Несиндин азан чакырган аты-жөнү Мехмет Нусрет, 1915-жылы төрөлүп, 1995-жылы дүйнө салган. Ал өзү эмнеликтен Азиз Несин ысмына көчкөнүн Түркияда жарандардын аты-жөнүн ыраатка салуу кезинде Азиз Несин деген атты жактырып, ошондой ысым менен гезиттерге макала жазып, чыгармаларын жарыялап, соңунда адабий ысымы кылып алганын белгилеген жайы бар. Алдыда кеп кылчу “Кайсы партия шайлоодо жеңет?” аңгемеси 1957-жылы жарыяланган. Сүрөткердин ири эпикалык, драмалык жанрдагы чыгармалары, айталы, “Футбол пашасы” романы дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, авторунун атын чыгарган.

1995-жылы Түркияда окуу китеп жазмакчы болуп биртоп түрк республикаларынын илимпоздору менен Анкарада жүргөнүбүздө сүрөткердин “Сиздин мамлекетте эшек жокпу?” деген китебин дүкөндөн сатып алганыбыз эсимде.

Анадолу жергесинде жазуучулар журту өз чыгармасын жарнамалап, китеп дүкөндөрүндө окурмандары менен жолугушуп, ортодо адабият, маданият, саясат жаатында сөз болорун көрүп келгенбиз. Мына ошол көрүнүш, мына убакты-сааты келген экен, биздин Кыргызстанда аз-аздан оожалып баратат. Түркия демократиялык жаңыланууларга кыйла эрте аралашып, базар-нарк мамилелери бекем орун-очок алган себептүү китеп деле рухий азык, базар баасы бар товар эсебинде жүрөт.

Азиз Несиндин “Кайсы партия шайлоодо жеңет?” аңгемесинде шайлоо көйгөйү, анын көшөгө артында калчу көрүнүштөрү, шайлоочунун көңүлүн алуу сындуу ушу тапта кыргыз коомуна да кенен жайылган көрүнүш сүрөттөлгөн. Окуянын чоо-жайы мындай.

Мурат аке баарын билерин ал шаарга келгенден кийин эле уккан. Ал кишинн үйүндө конок болгон. Сурагандардын баарынан бирдей жоопту уккандан кийин Мурат аганы чайканада жолуккан жеринен эле кайсы партия жеңип чыгарын сурап калды. Анын жообу биздин каарманды анча канааттандырбады. Алдын ала айтуу кыйын деп, кексе чал мойноп кепке келбеди.

- Кайсы партия күчтүү болсо, ошонусу жеңе албайбы?

- Жок. Андай эмес. Ак кой, кара кой шайлоодон кийин билинет. Бул шаарчадагылардын ар бирөөнөн сурап чыксаң да билишпейт. Эмнеге билесиңби? Угуп тур.

-Сол бутун баса мандаш токунуп, жыгач керебетке отурду. Оңдонуп-түздөнүп алгандан кийин чылымын күйгүзүп, түшүндүрүп баштады:

- Алгач биздин өлкөдө партия-мартия дегени жок болчу. Бар болчу, бирок аты гана бар заты жок, эч кимдин партия менен деле иши жок эле. Ошол убактарда биз партияны өкүмөт деп ойлочубуз. Заңгыраган имарат, өкүмөт имараты, ичинде партия бар дешчү. Деп жүргөнүбүздө партия дегени жарк этип жалындап чыга келди. Терзи Камил бир күнү мага келди:

- Мурат ага, экөөбүз жаңы пайда болгон партиянын филиалын бул жакка ачалы - дейт.

-Кой Камил, сенин партия дегениң темир-тезек саткан дүкөн эмес. Өз ишиң менен эле алектенчи- дедим”.

Партия дегенге, сөздүн ачыгы жакшы, башында баары ишенет. Партия келсе жашоо-турмушубуз оңолуп, кийгенибиз манат болуп калат дегенге ишенеби, айтор, партиянын кебин сүйлөп, үмүт-тилеги ошого байланып, кыйла убакыт толкундап алышат, мындайда саясат менен иши жоктордун деле кызыгуусу артып кетет тура.

Мурат ага Камилди алдап-соолап эптеп жолуна салса артынан Рыза келип атпайбы. Ал да жөн келбей партия түзөлү деп ээлигип алыптыр. Түзө коюш эле оңойбу, ага кишилерди көндүрүш керек, отурчу жерин такташ керек, ыгым-чыгымын көтөрүш, ой-боой, баягы акчанын эле шору. Рыза өзү актооч – адвокат. Ага партиянын эмне кереги бар?! Анын айтуусунда, партия болсоң сенин сөзүңдү баары угуп калышат экен. Партия түзгөндөрдүн баары эле жыргап кетпегенин, мындан аз илгерээк чогула коюшуп жаңы уюмду жарыя кылышкандан бери ага киргендер укуругу узун бийликтин кысымына калып, куугунтукталышканын айтты, болбоду.

Жашасын, жаңы партия!

Рыза да бош келбей, ал убакта башка учур болчу, азыр баары жаныланып, өзгөрүлүп, мурдагыдай катуу кол бийликтин жоктугун айтып, көздөгөн ишине көжөлүп берилип алыптыр. Эмне дейт? “Кокуйгүн, Мурат аба, ал убак башка эле. Бул партия кудум Америкадагыдай болот. Эркин партияга агылып эле киришет. Мурда кир деп мажбурлашчу” дейт. Рызанын көктүгүнө го сөз жок. Муратка эмне жок, аяк-быягына өтүп отуруп аны акыры көндүрдү, жаңы партия түзүү чечими кабыл алынып, ишке катуу киришти. Кызык анан башталды, аны Мураттан эле угалы:

Токтолбостон партияны түздүк. Биз партияны түзөрүбүз менен башка партиялардын мүчөлөрү бизге агыла баштабаспы. Партиянын каттоочусу каттаганга жетише албай калды. Ээ кокуй күн, мынча адамды эмне кылабыз? Коркконумду айтпа, денемди калтырак басты. Адвокат Рыза мырза биздин жетекчибиз эле, ага: “Рыза мырза, каттоону токтотолу, башыбызга балээ болот булар”, - дедим. “Эч нерсе болбойт”, - деди кам санабай. “Канчалык адамды көп топтосок, өкүмөттү биз алабыз”, - дебеспи.

Башка партиядан ооп келгендер аздык кылгансып, партия эмне экенин билбегендер да бизге кошулду. Кудай колдой гөр... Келгени эле кирип жатты. Бүтүндөй өлкө биздин партияга өтүп кетти окшойт. Жогору жактагылардын кулагы чалып калса, эчки тарагандай тыбыттамак. Эч болбосо мен ушул партиядан чыгып, башка партияга мүчө болоюн деп ойлодум. Ачып оозду жыйгыча эле борбордон бизге куттуктоо келди. Рыза мырза куттуктоону окуп жатканда тим эле кол чабуудан базардын аймагы ызы-чуудан кулак тунуп калды.

Мурдагысы куугун-сүргүнгө кабылып, жаңы партия түзүүдөн жалкып калган Мурат оозун жыя электе партия лидери келет экен деген кеп желдей тарап, баарысы толкундап, элеп-желеп болуп кетишти, эй. Кары-жаш дебей партия жолбашчысын тосуп чыгышты. Кылкылдаган көпчүлүк борбордон келген улук кишини бир көрүүгө куштар болуп толкуп турушту. Ошентип тосуп алган партия жолбашчысы акыйкатта да мыкты чечен экен. Рыза кыйын сүйлөйт деп жөн эле жүрүшкөн тура. Жаңы жолбашчынын сөзүн укканда кубанбаган, толкунданбаган, жашыбаган киши жок. Рыза сотто эле кыйын. Жактоочу болгон соң ала турган тыйынын акташ үчүн жаагын жанып аянбай сайраш керек го. Жанагы партия жолбашчысы эмнени сүйлөсө деле угуп отургандар жабыла кол чабышып, оозунан чыккан сөздүн баарын илип алышып, кичине шаар эли ал күнү аябай өрөпкүп, толкундап турушту.

Жаңы партия жолбашчысы сүйлөп бүтүп дароо штабга келип Рыза мырзадан калаада канча киши жашарына кызыкты. Рыза аны жакшы билчү. Жыйырма төрт миң, - деди. Ушунча адам шайлоочубу, деп сураса Рыза жок, шайлоочулар болжол менен он эки миңдей киши болорун айтты. Караңыз, мына ошол он эки миң шайлоочунун тогуз миң жаңы партияга мүчө болуп катталыптыр. Партия лидерин ушул сөз аябай кубантты. “Бул жерден биз утабыз” деп, кубанганын айтпа.

Ыраазы болгон жаңы партия жолбашчысы шаарда көп кармалбай ошол эле күнү кайтты. Ал кетери менен шаардагы башка партиялардын шаабайы сууп, жаңы түзүмдүн кантип ушунча көп адамды катарына кошуп алганына ишенип-ишенбей турушту. Мурат жаңы партиядан чыгып башкасына катталып коеюн деп жаткан. Жаңы партия лидерин көргөндөн кийин анысынан айнып, арасат туруп калса, берки партиянын жетекчиси эл алдына чыгып: “биздин партия шайлоодон жеңип чыкса банктар аркылуу ар-бир үй-бүлөгө миң лирадан карыз беребиз” деди. Лираны уккандан кийин ошол партияга күүжүм жазылып кетишпедиби. Мурат барса Рыза кеңсесинде тишин басып ыйлачудай болуп отурат.

- Эмне болду Рыза мырза, ууру тишиң ооруп атабы? – дедим.

- Тиштерим кеп тиш, оорубайт. Андан да жаманы - биздин партия мүчөлөрү тигил жээкке өтө качышты.

- Бизде эч ким калган жокпу?

- Түптөөчүлөр менен банктан карыз аларын укпагандар эле калды.

- Рыза мырза, минтип отурууга болбойт. Кана тур, биз дагы тигил партияга кошулалы. Кечигип калсак, дептер толуп калды деп жазбай койбосун.

- Токтой тур, борборго телефон чалдым, күтөлү кандай жооп келерин...

Мына сага дей бер, шаарчада соода-сатык күчөдү, мындайды ким көрүптүр. Эл акчасын чачып жатат.

- Ээ кокуй, бул эмне деген жосун, акча көчөдө жатабы? - дедим.

- Банктан миң лира алабыз, - деп коюшат.

Сууну көрбөй багалекти түрбөйсүң го? Биз түрдүк. Рыза мырза башын койгулап:

- Олдо кокуй гүн, шайлоону уттурдук, - деп сыздаганда, тоо-таш кошо боздоп жатты.

Бу балакеттүү партия акчанын кулу болуп, ким кобүрөөк акча көрсөтсө ошого көпчүлүк ооп кетерин көргөн соң Рызанын айласы куруп, лидерге телефон согуп жиберген экен анысы тез эле жетип келди. Эл аны кайрадан бир күлүп, бир ыйлап отуруп угушту. Аягында баарынын көңүлүндөгү сөздү лидер гана айтты.

“Бул жакка менден мурун бирөө келиптир, банктан миң лира берем деп силерди алдаган экен. Биз жеңип чыксак, ар бир үй-бүлөгө эки миңден карыз беребиз”, деди.

Акча көбөйдү, элдин ыраазычылыгын айт! Кыйкырып-сүйүнүп топусун көккө ыргыткандарды бир көрсөңүз болот эле. Баягы тогуз миң мүчөнүн үч жүзү гана калып, калганы тигил партиияга өтүп кетишкен эле баарысы кайтып келишиптир. Дагы миңдей адам кошулуп, партия мүчөлөрү он миңге жетип калды.

Рыза эми шайлоону чындап жеңебиз деп көңүлток басып калган. А бирок эрте сүйүнүп алышкан экен. Шайлоочулар мурдагы-кийинки акчаны “жеп”, эми дагы канчаны беришет деп күтүп калышыптыр. Анан бир күнү эле кайрадан дуулдап тигил партиядагылар: “силер ар бир үй-бүлөгө эки миң лирден берсеңер биз ар бир кишиге эки миң лирден акча беребиз” деп убаданы катуу берген экен баарысы тигил партиянын штабына чуркашып, Рызанын кеңсеси аңгырап бош калды. Байкуш Рыза “эми канттик, утулдук”, - деп шуу үшкүрүп отуруп калды.

Атаандаштардын акчасын уккандан кийин Мураттын атасы алардын жалындуу жактоочусу болуп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын ошол жакка ачык эле үгүттөөгө өттү. Шылдыңдагансып “Өлкөгө намыстуу уулдар керек”, - дегенине эмне бересиң!? Партия кеңсесинде эч икм калбай аңгырап отуруп калышканда партия жолбашчысы дагы жетип келди. Анын бул ирет убадасы укмуш болду.

“Биздин партия эки миңди дагы берет, андан сырткары пайыздын көлөмүн алып салат” деп оозун жыйгыча баягы кеткендер партия кеңсесин басып эле калышты.

Бул ирет да иш аябай кызыды.Тигил партиянын башчысы “биз керек болсо бардык карызыңардан кечебиз. Банкка карызы бар адам калбайт” дегенден кийин бул жакта эч ким калбай баарысы ошол жакка оошту. Эл удургуп атканда какаганга муштаган болуп үгүт убагы өтүп бараткан. Партия лидери жок, тигил партиянын тизмесине он сегиз миң киши жазылыптыр. Биздин шаарчада мынча киши жок дешсе банктан карыз алыш үчүн бир адам эки киши болуп жазылып алыптыр. 12 миң шайлоочу он сегиз миң болуп жазылып алгандан кийин Мурат да тигил партияга өтсөмбү деп калган. Бирок шайлоодо миңге жетпес кишиси менен Рызанын партиясы утуп чыкпаспы. Муратты ушул жагдай аябай таңдантты.

Каап ата, ошол жерде болуп, өз көзүң менен көргөнүңдө. Биздин партиянын тогуз миң мүчөсү бар эмес беле. Сегиз миң жети жүзү тигил жакка өтө качкан. Эки миң лираны уккан эл кайрадан бизге агылды. Бул жолу тогуз миң эмес он бир миң болдук. Адвокат Рыза:
- Бул ирээт шайлоону таза жеңебиз, - деди.
Бир гана Рыза эмес баарыбыз ошентип ойлодук.

Шаарчада кайрадан иш кызуусуна кирди.
- Ээ кокуй, эмне болуп атат? - деп таң калдым
- Тиги партиянын берген акчасы түгөндү, силердин партия берген эки миң лираны жеп жатабыз, - деп коюшат.

Убадага тойгон шайлоочу жыйынтыгында өзү каалаган партияга добушун берип, үгүт учурундагы узун кулач убадаларга ишенбейт экен. Убада кылынган акча шайлоодо ошол партия утуп чыкса гана колуна тиет. Анан да убадасын унутпаган партия гана айтканын аткарат. Шайлоочу алдына келгендин баарына сени шайлайбыз деп убада берип узата берет. Бул шайлоочуң Мурат айтмакчы, кайсы чокоюн киерин сыртка чыгарда гана аныктайт. Ага чейин убадалардын гана күнү тууп, баарысы ошону менен алек болуп, кимди тандарын билбей, жөн эле удургуй беришет. Шайлоодо болсо сырдакана көнүмүш орун алат, көбү эски партиясын тандап, ошого добушун беришет. Анысы алдабайт, куру убадага тойгузбайт. Америкалык деген система ошол окшойт. Аны Мурат деле жакшы биле элек.

Эми кеп соңунда айта кетчү маалымат, түрк жазуучусу Азиз Несиндин кызыктуу аңгемесин түп нускасынан Урматбек Нурсейит уулу которгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG