Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

“Бригадир Кулжанбектин аңгемелери”


Кубатбек Жусубалиев.
Кубатбек Жусубалиев.

Кубатбек Жусубалиевдин “Бригадир Кулжанбектин аңгемелери” жазылып жарыялангандан кийин кызык талашка кабылган.

Аңгеменин баш каарманы жазуучуга кандай айтып берсе, анысы чыпчыргасы коробой аңгемеге айланып, жалпыга жарыяланып кеткенине нааразы болуп, адабий гезитке арыз менен кайрылган. Бүгүн ошол аңгеме тууралуу кеп кылабыз.

Балдакчан козу

Кызыктуу баянды жазуучу реалдуу адамдын оозунан угуп аңгемеге айлантканын мага ыраматылык Жолдошбек Зарлыкбеков айтып берди эле.

Кубатбек Жусубалиев кино тартмай болуп Кара-Кужурга барып калып, ал жерден бригадир Кулжанбек менен таанышып, экөөнүн аңгемеси түгөнбөй, элеттик сөзмөр бригадир таланттуу жазуучу менен дос болгонуна ыраазы, кыйла күнүн киночулар менен чогуу өткөргөнүнө курсан болуп жүргөн окшобойбу. Жазуучуга көргөн-билгенин куюлуштура айтып берген элеттик ак көңүл адамдын кызык баяндары жакса, аңгемечини китеп жазчу сыйкырдуу адам менен тааныш, туз-даамдаш болуп калганы сүйүнткөн шекилдүү.

Ошол аңгеменин кол жазмалары “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланып, анын бар-жогун эсинен чыгарып койгон автор кийин-кийин кесиптеши Олжобай Шакирге: “Мен кембагал эмнем кайда калганын кайдан билем, ошол чыккан бойдон жоголуп кеткен. Кайда жоголгонун бир билсе, Алым Токтомушев билет, ошо балага калтыргамын. Мына мынча…толтура бир колтук кагазымды ошол балага аманат деп кеткем. Элден обочо кеткем, Алайга…”,- деп отурбайбы. Аңгемелерди ошол эле Олжобай Шакир таап келип берсе, автору жаш баладай сүйүнүп: “Эй, сен жаны жок экенсиң”,-деп алкап отурат.

"Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринде" айыл турмушунун сырт көзгө анча байкала бербеген өңүттөрү, келки-келки турмушу – мозаикасы мыкты сүрөттөлгөн. Аны топтомго кирген баяндардын баарынан байкоого болот.

“Коммунизм” заманында жыргап ичип жүргөн койчунун кара жүсак кою кышында талаада тууп, козусунун бутун үшүк алып баса албай калса, ага шак-шак жасап бастырып коюп атпайбы. Кулжанбектин Аалыбек деген досу согуштан сол буту жок келген, ошонун жасалма бутун көргөн соң, козуга деле жасалма бут жасап байлап койсо болот тура деген ой келип, байкуш жаныбар балдакчан жашоого өткөн. Ошол козу көпүрөктөн өтүп келатканда буту тыкылдап алыстан угулат. Байкуштун тыкылдагы угулбай калганда Кулжанбек издеп чыгат. Тентек козу таштан-ташка секирип так ойногондо буттан бут калабы. Жасалма бут козуну көргөндөрдүн баары таң калышып уу-дуу кеп айылга тез эле тарайт.

“Жанымда кошунам Жумакадыр деген бар эле, Макиш да жок, сурайын десем, эмнеден сабак бергени эсимде жок, ошонун жолдошу бар экен. Фрунзе колхозунда жашайт экен. Конокко келиптир. Жумакадыр эки музоону кошоктоп алып Кара-Кужурдун боюна аркандап келгени барбайбы, анан козу кошо барат. Бутун байкабайт. Козу жыгач буту менен тыкылдап басып баратат. Конокбай деген мугалим байкабайт… Туура айтасың, Конокбай да, дайрага барганда гана байкаптыр. Эки музоону, кошоктошкон эки музоонун жанында туруп козу оюн салат да, караса, бир буту жыгач! "Ой (Жумакадырды Жорке деп койчубуз), ой, Жорке! Бул эмне?!" дейт. "Бул баягы таякенин кылганы, бир буту үшүп калса, жыгачтан бут салып койду". Ошерден баягы Конокбай козуну көрүп күлүптүр. Күлүп атып эрибейби, үнү чыкпай атат дейт. Таптакыр эрип баратат дейт. Карасам, өлгөнү баратат дейт, мен сага азыр айтып бергендей. Кийин, Жорке мага айтып берип атпайбы. Анан Кара-Кужурдун боюна жетелеп барып, кичинекей суурдун эркегиндей мугалим болчу, шилисинен, бекем кармап туруп башын сууга тыгып-тыгып алганда гана араң эс алды дейт. Аты Конокбай болсо, анан конокто жүрсө, анан күлүп атып өлүп калса, аны кайда көмөм дейт…

Убакыт болсо өтө берди. Балдак шыйрак козу эртели-кеч көпүрөктөн өткөндө анын тыкылдагын угуп баары ыраазы, көпүрөк да. Анан бир күнү козунун тыкылдагы угулбай калды. Көрсө, койлорду ит кубалаптыр. Байкуш козунун буту ташка тийип жыгач бут сынып дагы жатып калыптыр. Козунун буту чоңойгуча үч жолу жаңыртылды".

Аудиосун бул жерден угуңуз:

“Бригадир Кулжанбектин аңгемелери”
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:41 0:00

Чач алуу

Кулжанбектин устачылыгы негизи мыкты. Колу бошой калганда бош отургусу келбей эрмекке ээр чабат. Бир жаман жери ал аялын, балтасын, тар бөлмөдөгү аспаптарын мактай берет. Курбулары аны ушул сөзүнөн кармашты, мактаган балтасынын курчтугун сынаш үчүн чачыбызды кырып алып бер деп чыгышты. Түн бир оокумда.

“Устакананын ичи тар. "Жүрү" деп үйгө алып кирдим. Чачын жибиттим. Муздак суу менен жибиттимби же жылуу суу менен жибиттимби, ошондо Макиш? Же, кургак эле алып кирдимби? Менин кургак эле алып кирмей адатым бар. Эсимде жок. Макиш билет… Түнкү саат он эки. Айтса, түнү келишкен экен. Балтанын сабы узун. Ээр чапкан, отун жарган орус балта. Анан балтаны дагы оңдоп курчуттум. "Отур" дедим. Отурду. Макиш шыпыргысын алып эле үйүн шыпырып атат. Таза жерди эле шыпыра бериптир. Анан түндөсү да үй шыпырчы беле, качан башын кесет деп коркуп аткан турбайбы, анда жаш кези, анча-мынчадан коркчу, эми балакеттен да коркпойт, а биз бала кезде бизди чоң кишилер короздорчо эле уруштура беришчү: "Эй Кулжанбек!" дешет. "Эмне?" дейм. "Конокбайдан коркосуңбу, же, кудайдан коркосуңбу?" дешет, мисалы да, "кудайдан корком, а Конокбайдан итим да коркпойт" дейм, "анда барып бир муштачы!" дешет, анан мен барып Конокбайды бир муштайм, Конокбай мени бир муштайт. Урушуп кетебиз. Мушташып кетебиз. Чоңдор тамаша кылып турушат”.

Оюн-чындап башталган тамаша менен чач алынды. Аябай өскөн, биттеп кеткен чачты башын кеспей алып бүтсө, балтанын мизи кызыл-жаян кан. Бит деле кыйла канды соруп таштайт экен. Алагүү болгондордун жиндилигин уккан үйдөгүлөр “мээң барбы” деп урушту, башка эмне кыла алышат. Кайриет, опуртал тамаша кылган эки дос аман калышты. Мындай тамашалар айылда толтура, Кулжанбек анысын алты ай айтса деле түгөнбөйт.

Кара-Кужурда чөптү күзүндө деле чаба беришет. Ошол чөп чабыкта Рай менен Ырысмамбет мелдешип атышпайбы. Ал кезде СССР АКШнын басып өтөт деген дымак күчтүү, Ырысмамбет утат дешип, ортого мыкты байге коюлду, мелдеш башталды.

“Анан эмки сапар Ырысмамбет Райды алдыга түшүрдү. Мен түшүрдүм. А байкушума алды да, арты да баары бир. Рай:

- Эй, кичине кое тур, эс алып баралы,- дейт.

-Атаңдын башы, эс алмай жок, давай кир,-дедим. Эс алдырсам, чыгып кеткени турат. Рай кирди. Солго киргенде эле узады. Рай узап кетти. Ырысмамбет, карыган неме, басып да жете турган эмес, анан дагы айлам кетти…

-Айланайын Ырыс, садага болоюн Ырыс, бологөр! Жетегөр эле жетегөр! Жеткениңде толорсукка чабагөр!- деп, алдынан ташын терип, ураан айтып мен баратам, "Рай" деп ураан салып, алдынан ташын терип бу киши баратат, Ырысмамбет келесоо чалыш неме байкушум.

-Чап, чап толоорсукка! Чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем, чап, чап, чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем! – деп койсом, Рай артына карап калат. Токтоп калат. Анан кайра баштайт. Ошентип атып, аңгыча Ырысмамбет жетип барды. Рай чалгысын ыргытып ийип, солдон чыга качты. -Эмне? Бул келесоого толоорсугуму чаптырганы жатасың,- дейт. "Жок" дейм. "Чаппайт" дейм. "Түш кайра!" дейм. Болбойт. Таптакыр болбой койду.

- Уттурдуңбу?

-Уттурдум”.

Утулган Рай айылдык дүкөндөн Фидель Кастро атайын Кубадан Кара-Кужурга жөнөтүп ийген ромду сатып алып, Ырысмамбеттин жеңишин жууп киришти.

Жумабектин кою

Иллюстарция сүрөт.
Иллюстарция сүрөт.

Кара-Кужурдун байы Кулжанбектин жоруктары толтура. Ошо Хрущевдун тушунда малы көптөрдү кысмакка алып өкмөт тартып алып жатканда Кулжанбек күлүк аттарын, жайнаган койлорун кимге каттатыштын амалын таап, айылдык баёолордун баарын макулдатып коюптур.

Кара-Кужурга сталиндик жер котортуу маалында “курулуш жок анда, сарайлар жок, осетин, татар, чечен, кавказдын элин – баарын Стакем сүрүп келип Кара-Кужурга тыккан, кыкеңдерге сарай салдырып берейин деп, сарайлары жок экен деп, сарай салып атышат, ар кайсы жерде бир сарай” тоо ичи курулушка толуп кеткен. Байкуш курулушчулар ачка. Жалдырап Жумабектикинен “сүт барбы, апай?” деп сурап келишсе, аялы бар деп куюп бере берет экен. Эки уйдун сүтүн келгиндер ичип, төшү түктүү чоочундардан корккон Жумабектин аялы жок дебей саалган сүтүн бүт эле куюп берет.

Кулжанбектин Жумабектен союшка алган коюн кайтаруусу да кызык окуя. Оң айтса тескери жыгылган Жумабекке Кулжанбек сыңар эмчек коюн бөлүп алып башкасын ала бер деп атпаспы.

“Атаңдын башы! Мамындай коюмду союп жеп ал ээ!" деп койду. "Башталды" дедим. - Карма ошону! Таалайбек, Ырысбек, Сапарбай, Сагынбек, кайдасыңар?" – деп балдардын баарын чакырып атат, бербегиле, кармагыла ошону деп. Чандайган ак кой болчу. Кармап алышты. "А эми теңтушсуң" дедим. "Мейли" дедим. Кетип калдым.

Бир күнү өтүп баратсам Кенжекан каргап калды:

- Ой, өлүгүңдү көрөйүн! - дейт.

-Эмне болду?

-Сыңар эмчек турбайбы?.

Чыпый, Асан деген эки аксакал киши бар. Ошондо жаныбызда турушкан. Экөөнү тең күбө кылып койгом. "Ата, күбө болгула, бул койду болбой алып алды".

- Анан алба дебедим беле? - дедим.

- Аны кайдан билдим, дагы алба дебедим беле деп коет, атаңдын оозун урайын мени алдап!"- дейт. Эми муну эч кимге айтпай жүр дешти. Болуптур дедим. "Ээмп туруп алып жүр" дедим. Муну өзүмө айттым”.

Айыл жериндеги аркыл окуялар: тамак жасашты билбеген ашпоз, коңшусунун коюн уурдап союп алган карыя, дагы башка окуялар баяндалат. Уурдалып союлган кой артелдин көмөкчү чарбасынын малы болчу. Кышында артелдин койлору кар тээп оттойт. Анан бир күнү Кулжанбектин койлору коңшусунун койлору менен жанаша оттоп, чоң кара кою тигилердин короосуна кошулуп кетти. Оюнда эч жамандыгы жок жаш бала кечиндеси келип алып кетем деп үйүнө келе берген.

Түн кирип, ай чыгып кышкы тынчтыкка көшүлгөн айланадан бала коңшусу тараптан куйкумдун жытын сезди. Кулжанбектин жытчылдыгы укмуш эле, жыт алар замат “өлдү” деп ойлоду. Байкуш чоң кара койду союп салышканын үйгө кире электе эле билди.

Кызыл үңкүрдүн үч тарабы аска менен тосулган короодон өтүп боз үйгө кирсе, жети-сегиз жашар кыз очок боюнда отурат. Чала куйкаланган башты чыгдан жакка ката коюп, секелек кыз от жаккан болуп отуруп калган экен. Бала аны билди. Кара койду сураса, чал менен кемпир балага анысы качып кеткенин айтып жакын жуутпады. Бала да көшөрүп кой чыгданда деп туруп алды. Чыгданга тигилер Кулжанбекти өткөрбөй, болбой тырышып туруп алган тестиерди сыртка түртүп чыгарып сабап киришти.

“Тышка алып чыгып алып сабады. Өлбөс жериме сабады. Мындай тепти. Андай тепти. Таяк менен чапты. Өзүмүн ыргай таягым. Эки бөлүнүп кетти. Арта сала чапты. "Кетейин" дедим. Оозума ушул келиптир.

- Кетесиңби?

-Кетем, - дедим. Аткарды. "Бас", "кет" деп артыман кубалап алды. Энемден калган жок. Атамдан калган жок. Тампайган жер туруптур. Карынды төккөн жер экен дептирмин. Сынык таягымын учу менен сайдым. Кум экен. Үйдүн ичинен "хы-хы-хык" деген бир үн чыгып калды. Койду эми мууздап аткан экен дептирмин. Атым өкүм болчу. Айтса, аты – Жинди Кашка. Сынык таягым менен бир чапсам, кыйын ат болчу, жаман боз үйүнө барып бир тийди. Качыр-кучур деп калды. Босогосу кыйшайды. Кайра качтым. Качырбады. Кармап алды. Аттан оодара тартты. Килейген Көк дөбөтү бар. Итин агытты. Абышка мени сабап атат. Көк дөбөт тонумду тытып атат".

Көгала койдой сабалган Кулжанбек үйүнө келип, чоң атасына болгон ишти айтты. Ал аябай ачууланып кошунасыныкына кеткен. Чыдай албай артынан баласы барса, тигиниси кошуна чал менен жайма-жай сүйлөшүп отурат. Тигилер өлүп-талып карганып атышат.

Бала уурдалган койдун катылган этин короодон таап чыкты. Эки кошуна эч нерсе болбогондой, койдун жарым этин алып ата-бала үйүнө кайтышты. Андан да кызыгы эки чал кийин куда болушуп, Кулжанбектин эжеси тигинин уулуна тийбедиби. Кара кой менен уурулук баары бир баланын эсинде калды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG