Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:07

Чек арадагы атышууда жараат алгандардын саны 103 адамга жетти


Ок атылган аймактардан качып бараткан кыргызстандыктар. Лейлек, Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Ок атылган аймактардан качып бараткан кыргызстандыктар. Лейлек, Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 9:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 103 адам жараат алган. Алардын ичинен бешөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Жараат алгандардын басымдуусуна ок жана снаряддын чачырандысы тийгени айтылууда.

Ушул тапта алардын ичинен Баткен облустук аймактык ооруканасында 41 адам, Лейлек райондук ооруканасында 21, Кулунду айыл аймагынын ооруканасында үч, Сүлүктү шаардык ооруканасында алты, Улуттук госпиталда 20, Улуттук хирургия борборунда бир адам, Балдардын республикалык ооруканасында алты бала дарыланууда.

16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Тажик бийлиги жоготуулары тууралуу расмий комментарий бере элек. "Озоди" радиосу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип, тажик тараптан ондой адам каза болгонун, расмий Дүйшөмбү бул маалыматты тактабай жатканын жазды.

Маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок.

Кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрда да ок атышуу болду. Кыргызстандын Чек ара кызматы таңкы саат 8:50дө Паскы-Арык аймагы, 11:15те Достук айылы аткыланганын билдирди. Тажик тарап бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда да ок атылып, ага эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG