Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:41

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташып жатканын билдирди


Баткен-Сох-Кадамжай жолу аркылуу коопсуз жакка бараткан унаалар. Баткен облусу. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен-Сох-Кадамжай жолу аркылуу коопсуз жакка бараткан унаалар. Баткен облусу. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 8:00ге карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди. Ага ылайык, аймакта кырдаал чыңалуудан турукташууга баратат.

"Түн тынч, эч кандай окуяларсыз өттү. Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде ишин улантып жатат", - деп жазылган маалыматта.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыргыз тараптан кеминде 24 адам каза таап, 87 адам жарадар болгонун Саламатык сактоо министрлиги маалымдады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кагылыштан улам коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгондордун саны 136 миң адамга жеткенин билдирүүдө. Маалыматтарга караганда элди коопсуз жакка эвакуациялоо уланууда.

Тажик бийлиги өлгөндөр жана каза тапкандар тууралуу расмий комментарий бере элек. "Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды. Маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болбой жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG