Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” улуттук агентиги кабарлады. Ал жыйында бардык жогорку бийлик жана күч органдырынын жетекчилери катышууда.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлап, “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады. Азырынча Тажикстандын расмий органдары айыптоолорго жооп бере элек.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек чатагында 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктады. Башка каза болгондор такталып жатканы кабарланды. Министрлик саат 18:00гө карата чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 55ке жеткенин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды”, - деп кабарлаган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат төрттөн тартып “Дүйшөмбү” чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашканы кабарланды. Эки өлкөнүн жетекчилери Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушкан.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөн. Ал атышуу 1-2 саатта толук бойдон токтотуларын билдирген.

XS
SM
MD
LG