Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Чеченстан: Кадыров кызматтан кетүүгө камындыбы?


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров.

Орусиянын курамындагы Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров кайрадан кызматтан кетиши мүмкүндүгүн ишарат кылды. Бирок серепчилер анын соңку билдирүүсүнөн күмөн санашууда. Айрым басылмалар Кадыров "Росгвардиядагы" жогорку кызматка барышы мүмкүндүгүн жазышты.

Артынан көп сын ээрчиген Рамзан Кадыровдун 3-сентябрда Телеграмга жарыялаган видеосу анын саясаттагы келечеги жөнүндө жаңы талкууларга жем таштады. Орусиянын курамындагы Чеченстандын башына келгенине 15 жыл болгон Кадыров соңку видеосунда кызматтан кетиши мүмкүндүгүн ишарат кылды.

"Менин убактым келди деп ойлойм. Мени айдап жибергиче... Абал ушундай. Көрсө, мен карыптырмын. Кезинде эң жаш, тажрыйбасыз болчумун. Азыр деле тажрыйбасыз бойдон калдым. Бирок жаштык өттү. Биз бул жөнүндө ойлоно баштадык жана убагында кеткенге аракет кылабыз", - деп билдирди Кадыров.

45 жаштагы Кадыров Орусиянын согуш көргөн аймагын 2007-жылдан бери "чоң муштум" менен башкарып келет. Ал Орусиянын курамындагы башка республика жана автономдуу аймактардын ичинен эң узакка кызматта отурган жетекчи.

Кадыров орус президенти Владимир Путин менен Кремлде утур-утур сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турат. Путин акыркы жолу аны 5-августта Сочиде кабыл алган.

Орусиядагы эң таасирдүү саясий фигуралардын бири деп мүнөздөлгөн чечен лидери чындап эле кызматтан кетери, анын соңку билдирүүсү эмнеге байланыштуу экени так белгисиз.

Кадыров мындай сөздөрдү буга чейин да айтканы менен Чеченстандын башында кала берген. Андыктан анын ишембидеги билдирүүсүн кезектеги оюн катары баалагандар көп.

Кадыровдун көздөгөнү эмне?

Кадыров (ортодо) жана анын армиясынын өкүлдөрү. 25-февраль, 2022-жыл.
Кадыров (ортодо) жана анын армиясынын өкүлдөрү. 25-февраль, 2022-жыл.

Эстониядагы Юхан Шютте атындагы саясий изилдөөлөр боюнча институттун Кавказ боюнча эксперти Иван Клищ да Кадыровдун кызматтан кетүү тууралуу билдирүүсүнөн күмөн санарын айтты.

"Адатта мындай билдирүүлөр ал Путинден бир нерсе алгысы келген учурда, бери дегенде элдин алдында колдоо көрсөтүшүн күткөн учурда болот", - деди эксперт.

Орусиялык юрист, серепчи Марк Фейгин Украинадагы "24-каналга" маек куруп, Кадыровдун Чеченстандын жетекчилигинен кетиши кыйын экенин белгиледи.

"Ал кызматтан кеткиси келерин, кандайдыр бир бизнес менен алек болорун көп жолу айткан. Бирок анын бара турган жери жок. Чеченстан эч маселесиз, өзүңө зыян келтирбестен кетип кала турган жер эмес. Чеченстандын жарымы анын өчөшкөн думшандары. Алар Кадыровдон жана анын балдарынан өч алуу үчүн кызматтан качан кетерин күтүп жатышат. Андыктан ал кете албайт. Бул кызматта түбөлүк отурушу керек", - деди Фейгин.

Ошентсе айрым саясат таануучулар Кадыров Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири согуш жүрүп жаткан учурда мындай билдирүү таратканына көңүл бурушууда.

Чеченстандын башчысы Орусиянын Украинадагы эл аралык коомчулук айыптаган согуштук аракеттерин даңазалоодо маанилүү роль ойногону, анын бийлиги Украинага орус аскерлердин катарында согушуу үчүн чечен күчтөрүн жана жалданма аскерлерди жөнөтүп жатканы белгилүү. Украинанын атайын кызматы Кадыровду жана анын Ахмат Кадыров атындагы полкун согуш кылмыштарына айыптаган.

Riddle Russia аналитикалык платформасынын редакциялык директору Антон Барбашин Кадыровдун жарыясы "өзгөчө" учурга туш келип жактанын Твиттерге жазды.

"Сергек ойлонгон бардык адамдар Кадыров "кетүүгө убакыт келди" деген сөзүн биринчи жолу айтып жатпаганын, болгону элдин кызматта калсын деп, ага кол чабышын кааларын белгилешет. Ошентсе да бул билдирүү Орусиядагы учурдагы маанайга каршы келет. Бүтүндөй система "атайын аскердик операцияга" байланыштуу "тынч отургула" билдирип жатат. Убактысы адаттан тыш", - деп жазды Барбашин.

"Путин Кадыровдун негизги коргоочусу"

Орус президенти Владимир Путин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, 31-август 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, 31-август 2019-жыл.

Орус тилиндеги "Медуза" жана "Вёрстка" басылмалары Рамзан Кадыров Орусиянын Улуттук гвардиясындагы жогорку кызматка барышы мүмкүндүгүн жазышты. "Вёрстка" коомдук медиасы Орусиянын Коргоо министрлигине жакын булактарына таянып билдиргендей, Кадыровду "Росгвардиядагы" жогорку кызматка дайындоо маселеси жакын арада чечилиши мүмкүн жана ал болочокто гвардиянын учурдагы башчысы Виктор Золотовдун ордун басышы ыктымал.

Басылма жазгандай, эгер Кадыров жаңы кызматка өтсө, Чечен Республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп, Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов дайындалышы мүмкүн. Ал чечен лидеринин атаалаш тууганы жана жакын санаалашы деп сыпатталып келет. Азырынча мындай сценарийдин чын-бышыгын аныктоо мүмкүн эмес.

Орусиялык юрист Марк Фейгин Рамзан Кадыров орус президентинин толук колдоосуна ээ экенин айтты.

"Путин эч кимге ишенбей турганы талашсыз. Бирок ал Кадыров керек болуп каларын түшүнүп турат. Кадыров жоопкерчиликтүү учурларда, бийлик аппаратындагы болжолдуу төңкөрүштөрдү токтотуп калуучу адам. Андыктан Путин анын негизги коргоочусу. Бирок төмөнүрөөк жакта аны жек көргөн Федералдык коопсуздук кызматы сыяктуу толтура түзүмдөр бар. Ал жакта Кадыровдон арылып, Кавказдагы абалды өзгөрткүсү келгендер бар. Бул алардын колунан келеби? Менимче, жакын арада келбейт", - деди Фейгин.

Укук коргоочулар Рамзан Кадыровдун бийлигин Чеченстанда адам укуктарын одоно бузду деп айыптап келишет. Кадыровдун дарегине "Европада жашаган саясий оппонеттеринин көзүн тазалаткан" деген айыптоолор да байма-бай айтылып жүрөт.

Айрым серепчилер Кадыров Украинада чоң жоготууга учураган орус аскерлерине кошумча күчтөрдү, жалданма жоокерлерди жөнөтүү менен Кремлдин көз алдында упай топтогонун белгилешет.

Март айында Кадыров согуш жүрүп жаткан Украинага барып, чечен күчтөрү менен жолугуп келгени кабарланган. Анын администрациясына баш ийген телеканал Телеграмга видео жарыялап, Кадыров 13-мартта Украинада барганын билдирген. Бирок ал Украинанын кайсы аймагында болгону, видео качан тартылганы так айтылган эмес.

Июнь айында Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп каза тапканы ырасталган эки кыргыз жаранын бири согушка Чеченстан аркылуу кеткени белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG