Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

"Үйлөнөм деп акча топтоп жүрүшкөн". Москвадагы каргаша кырчындай өмүрлөрдү кыйды


Москва шаарында эки кыргыз жана бир тажик мигранты мерт болгон окуяга байланыштуу аларды жалдаган ишкананын жетекчиси камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады.

Суу коллекторун тазалоо учурунда Кыргызстандын эки жараны каза болду. 23 жаштагы Кайрат Баймурза уулу, 20 жаштагы Баястан Карыбек уулу Алай районунун Бүлөлү айылынын тургундары. Туугандык байланышы бар жигиттер Москвага былтыр күздө акча табуу максатында барып, люк тазалоочу болуп ишке орношкон экен.

Алардын өмүрүн алган каргашалуу окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адам агып кеткен. Алардын экөө кыргызстандык жигиттер, бирөө тажик жараны. Маркумдардын сөөгү ошол эле күнү табылган.

Кадырбек Бабыев маркум Кайрат Баймурза уулунун аталаш тууганы. Ал эми Баястан Карыбек уулу анын бир тууган таякесинин уулу.

"Ак көңүл балдар эле, мага ой-максаттарын айтып беришчү. Кайрат быйыл үйлөнөм деп, айылына акча салып, үй-жайын оңдотуп жаткан. Баястанда деле ошол ниет бар болчу. Ал да быйыл үйлөнөм деп жүргөн. Айла жок, ушундай иш болуп кетти. Өлкөбүздө иш орундары көп болуп, маяна жакшы болгондо мындай каргаша болбойт беле деп калам кейигенде".

Баястан Карыбек уулу (телефон кармап турат) жана Кайрат Баймурза уулу.
Баястан Карыбек уулу (телефон кармап турат) жана Кайрат Баймурза уулу.

Кырчындай кезде өмүрү кыйылган Кайрат Баймурза уулу бир үйдүн эң кенжеси эле. Артында ата-энеси, эки агасы жана беш эжеси аза күтүп отурат.

Баястан Карыбек уулу алты бир туугандын төртүнчүсү. Маркумдун артында ата-эне, бир туугандары калды. Анын ата-энеси жана улуу агасы да Москва шаарында иштечү экен. Тууганы Кадыча Жумабаева аны мээнеткеч жигит эле деп эскерди:

"Мүнөзү оор басырыктуу, адамга жасаган мамилеси сылык, иштерман жигит эле. Ата-энесине, жакындарына күйүмдүү болчу. Анын жакшы сапаттарын айта берсем түгөнбөйт. Москвага да быйыл ата-энесин өзү алып барган. Жакшы иштеп жүрүштү эле, минтип каргаша болуп кетти".

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан маалыматка ылайык, суу коллекторунда кырсык болгон кезде иштеп жаткан ондон ашык адамдын бешөө суу агымы көбөйгөн кезде люктан өз алдынча чыгып кеткенге үлгүрсө, калгандарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткарып калган. Ал эми үч кишини куткарууга жетишпей калышкан.

Окуяга байланыштуу Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Каргашада каза болгон жигиттердин сөөгү мекенине сот чечими чыккандан кийин жеткирилмей болгон.

"Сөөктөрү бул жактагы сот чечимдеринен кийин жөнөтүлөт деп жатышат. Балдар иштеп жаткан фирма менен биргеликте чечүүчү иштер бар экен. Учурда алардын сөөгү моргдо. Соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. Сот чечиминен кийин алар иштеген фирманын жоопкерчилиги анык болот", - деди маркумдардын тууганы Кадырбек Бабыев.

10-августта маркумдардын сөөгү мекенине жиберилгенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Ага чейин Тышкы иштер министрлиги окуя тууралуу маалымат таратып, бул иш Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин кабарлаган.

"Элчиликтин кызматкери иш берүүчү менен жолугушуп, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча аракеттер көрүлүүдө", - деп айтты "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Усубакунова.

Москвадагы кырсыкта каза болгон кыргызстандык эки жигиттин жакындарына алар эмгектенген ишканадан кенемте өндүрүү жана башка юридикалык жардам көрсөтүү үчүн "Инсан Лейлек" коомдук фондунун юристтери жеринде иштеп жатышат. Фонддун жетекчиси Гүлнара Дербишева кенемте боюнча "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

"Биздин эң негизги жумушубуз - мигранттардын эмгек укуктарын коргоо. Жогорудагы каргашаны уккандан кийин эле, элчилик маалымат бергиче эле Ватсапп, Телеграм группаларыбыз аркылуу координаторлорго, активисттерибизге "каза болгон балдардын туугандарын тапкыла" деп кабар бердик. Биздин юристтер аркылуу кенемте өндүрүп берели деп турабыз".

Былтыр февралда чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинет деген жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Расмий маалыматка караганда, учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG