Кыргызстанда 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго аялдар менен балдардын коопсуздугу барган сайын оорлоп баратканын айтып, кайрылуу жолдошту. Президенттик администрация аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында Улуттук стратегия иштелип чыкканын билдирүүдө.
Кризистик борборлор тартыш
Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунда кош бойлуу келин эки айдан бери баш калкалап келе жатат. Айы-күнү жетип турган келин төрөгөндөн кийин кайда барары белгисиз. Кризистик борбордун жетекчиси, укук коргоочу Дарика Асилбекова төрөт үйүнөн чыккандан кийин эне-баланы ашып барса он күн карап бере аларын айтып, алакан жаюуда. Учурда активисттер коомчулукка кайрылып, элден чогулган акчага келинди төрөт үйүнө даярдап жатышат. Келиндин эки жашар дагы бир баласы бар экенин белгилеген укук коргоочу 29-июль күнү бул маселе боюнча Ош шаардык мэриясынын социалдык камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнө кайрылган.
"Кош бойлуу келин бизге май айында келген. Үч айга чукулдап калыптыр. Жакынкы күндөрү төрөйт. Бул маселе менен Ош шаардык мэриясына кайрылдым. 29-июлда социалдык бөлүмдүн жетекчиси бизге келип, сүйлөшүп кетти. Аларга келин төрөгөндөн кийин эки баласын эки колуна кармап көчөдө каларын айттым. Бизде эки айдан бери жашап жатат, мөөнөтү капкачан бүттү, эми кандай болот деген маселени кабыргасынан койдум. Алар "макул, каражат караштыралы, ойлонолу" деп кетишти.
Укук коргоочу Социалдык коргоо министрлиги, облус, шаарлардагы башкармалык, бөлүмдөр бүгүнкү күнү жардамга муктаждарды коргобой жатат деген пикирин да кошумчалады.
"Зомбулуктан жапа чеккен аялдарга убактылуу болсо да башпаанек берип, алардын укугун коргоп жаткан бир эле кризистик борбор бүтүндөй бир министрликтин ишин аткарып жатканы тууралуу кептерге аргасыз ынанасың. Эгер түштүктө биздин борбор болбосо, кандай болот эле, билбейм. Социалдык камсыздоо, коргоо бөлүмдөрүнүн алдында ар бир облус, шаарларда, райондордо зомбулуктан жабыркаган балдарга, аялдарга башпаанек берүүчү кризистик борбор болсо жакшы болмок. Ошол жерде алардын укугу корголуп, психологиялык жардам берилип, документтери толукталып, жөлөк пул же алимент ала албай жүрсө, ошол жерден алып берсе, кандай жакшы болмок. Бирок бизде андай жок. Азыр болгону бир мамлекеттик жай бар, бирок анын кандай иштеп жатканы көпчүлүккө белгисиз".
"Зомбулуктар иликтенбей жатат"
29-июлда аялдардын, балдардын жалпы эле адам укугун коргоочу 38 коомдук уюм биргелешип президентке кайрылуу жасады. Анда акыркы эки жылда өлкө гендердик саясатсыз жашап жатканы, буга гендердик теңчилик боюнча Улуттук стратегия менен аны ишке ашырууну караган план бекитилбей жатканы себеп экени белгиленген.
Кайрылууга кол койгон укук коргоочу Камил Рузиев мамлекет тарабынан аялдардын, балдардын укугуна жакшы көңүл бурулбай жаткандыктан, аларга карата зомбулук күч алды деген пикирде:
"Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө өлкө катары адам укугу жаатында көп милдеттенмелерди алып, көп келишимдерге кол койгон. Бирок ал милдеттенмелерди аткарган жок. Майыптыгы бар, жашы жете элек баланын укугу корголбой жатат. Түп районунда ушундай майыптыгы бар баланы зордуктоо иши алигиче сотко ашырыла элек. Анткени кыздын зордукталганын аныктоочу экспертизалар жок имиш... Генетикалык, соттук экспертизаларды өткөрүү өтө создугат. Көп иштер курамында кылмыш жок деген негиз менен козголбой, зордукчулар ээн-эркин жүрүшөт. Күч кызматтары эле эмес, ошол балдардын, майыптыгы бар адамдардын укугун коргоочу социалдык коргоо кызматтары неге иштебей жатат? Мисалы мен зомбулук азайды деген милициянын маалыматына ишенген жокмун. Азайган жок, иликтенбей жатат".
Кайрылуу ээлери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча 500 кызматкерди ишке киргизүүнү убада кылганы менен, ал ушул күнгө чейин ишке ашпай келе жатканын да айтышкан.
Аталган министрлик балдар менен аялдарды коргоо боюнча иштер таптакыр жасалган жок деген билдирүүлөргө макул эмес. Мекеменин басма сөз кызматы акыркы жылдарда биринчи жолу аймактарда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер уюштурулганын билдирди.
"Комитеттердин курамына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, активисттер кирген. Мындан тышкары жалпы өлкөдө балдар менен иштөөчү 697 милиция кызматкери иштейт. Мэрия, акимчиликтерде балдар боюнча комиссиялар жумуш жүргүзөт. Жыл башынан бери 105 миң үй-бүлөнү кыдыруу учурунда жардамга муктаж үч миңдей балдар аныкталган. Алардын 85% жардам берилген, калгандары да көзөмөлгө алынды. Азыркы тапта балдарды коргоо боюнча беш жылдык программа даярдалып жатат".
Министрликтин маалыматында мамлекеттик кризистик борборлор көп санда иштеп жатканы, алардын иши үчүн акыркы төрт жылда бюджеттен 10,4 млн. сом бөлүнгөнү тууралуу айтылып, бирок бул кризистик борборлор эмне иш аткарып жатканы тууралуу кабарланган эмес.
Бейөкмөт уюмдардын кайрылуусуна президенттик администрация бул жолу жооп берген жок. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн "Азаттыкка" аялдарга жана балдарга жасалган зомбулук тууралуу укук коргоочулардын 5-июлдагы кайрылуусуна берилген жоопту 29-июлдагы кайрылууга да жооп катары кабыл алууга боло турганын билдиришти.
Анда президенттик администрация өлкөнүн балдарын коргоо жалпы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири жана президент Садыр Жапаров маани берген маселе экенин белгилеген.
"Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы жана бул стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттердин планы иштелип чыккан. 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо программасынын долбоору иштелип чыккан. Анын ичинде, учурда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө үчүн социалдык кызматкерлердин кошумча штаттык бирдиктерин киргизүү маселеси иштелип чыгууда", - деп жазылган билдирүүдө.
18-июлдан бери балдарга зомбулуктун күч алышын иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жатат. Ага балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Адилет министрлигинин, Акыйкатчынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген. Асел Чынбаева "Азаттыкка" буларды билдирди:
"Биздин комиссия Түпкө барганда аялдар менен балдарды коргоочу эки борбордун иши менен тааныштык. Бул абдан жакшы демилге. Муну колдон келсе өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу керек. Анткени үй-бүлөдө зомбулук болгондо аял менен кошо бала да жабыркайт. Балдарын жетелеп алып башкалка издеген келиндерди эске алганда, бизге мындай коргоочу борборлор өтө зарыл. Бул маселени комиссияда да карайбыз. Эки топ иштеп жатат, келерки дүйшөмбүдө муну чогуу талкуулап, сунуштарыбызга кошобуз".
Балдар омбудсмени Асел Чынбаева Түп районунда зордукталган 16 жаштагы кыз жана Каракол шаарында катуу сабалган Айзат Үсөнбаевага байланыштуу кылмыш иштерин көзөмөлүнө алган. Ал Ысык-Көлдө облустук ички иштер башкармалыгынын, облустук прокуратуранын, социалдык коргоо кызматтарынын жетекчилери менен жолугуп, маселени талкуулаган.
Маалым болгондой, Айзат Үсөнбаеванын зомбулукка кабылганы боюнча кылмыш иш сотко өттү.
"Гендердик саясат мамлекеттик деңгээлде жүрбөй жатат"
Бейөкмөт уюмдардын кайрылуусунда гендердик теңчилик маселеси, аялдар менен кыздар Министрлер кабинетинин ишинде акыркы орунда калганы белгиленген. Жарандык активист Бурул Усманалинин оюн угалы:
"Мамлекеттик деңгээлде гендердик теңчилик сакталып жатабы? Жок. Идеалдуу учурда аялдар өкмөттүн, мамлекеттин башында турса, ага жетпеген учурда аялдар өкмөт башчынын орун басары болуп иштечү. Министрлер кабинетинин азыркы курамын караңыз, болгону бир аял, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри гана - Динара Кутманова бар. Анан кайдагы гендердик саясат. Өлкөдө аялдардын укугу корголуп, аялдардын өнүгүүсү үчүн мамлекеттик түзүмдө аялдар сөзсүз болушу керек. Баланс болбосо прогресс болбойт".
27-июлда Ошто аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо менен алектенип келаткан уюмдардын лидерлери президентке сунуштарын айтышкан. Алар президент Садыр Жапаровдон чукул арада алар менен жолугушуу уюштурууну, жыйын өткөрүүнү жана президенттин гендердик маселелер боюнча кеңешчиси деген кызмат ачууну сунуш кылышкан.
Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Андан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.