Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

"Кордолгон балдар көбөйдү". Министрди кызматтан кетирүү талабы жаңырды


ИИМдин алдындагы акция. 5-июль, 2022-жыл. Бишкек.
ИИМдин алдындагы акция. 5-июль, 2022-жыл. Бишкек.

Зордукталган 13 жаштагы кыздын укугун коргоону талап кылган укук коргоочулар Бишкекте пикетке чыгышты. Алар ички иштер министринин кызматтан кетишин, зомбулукту токтотууну талап кылышты. Бул аралыкта вице-премьер министр Эдил Байсаловдун окуяны жазган жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу айткандары коомчулуктун катуу сынына кабылды.

Министрдин отставкасы талап кылынды

Зордукталган 13 жашар кыздын укугунун корголушун талап кылган укук коргоочулар, активисттер 5-июлда Ички иштер министрлигинин алдында нааразылык акциясына чыгышты. Алар министр Улан Ниязбековдун учурунда кыз-келиндерге зордук-зомбулук көбөйгөнүн айтышып, анын отставкасын талап кылышты. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына көзөмөл менен жоопкерчиликтин жоктугу себеп экенин белгиледи.

"Эмне үчүн ички иштер министри Улан Ниязбеков кызматтан кетиши керек? Анткени бул министрдин тушунда адам укугу, өзгөчө кыз-келиндер менен балдардын укуктары тебеленген учурлар арбыды. Министр Айзаданын окуясынан кийин эле реформа болорун убада кылган эле. Анысы ишке ашкан жок. Минтип милиция кызматкерлери өздөрү балдарды кордоп атышат. Демек, алар жетекчисинен коркпойт, аны сыйлабайт. Иштей албаган министр кызматтан кетсин! Мындай кейиштүү окуялар жоопкерчиликтин жоктугунан болуп жатат. Министрдин көзөмөлүнүн жоктугу, жоопкерчилигинин жоктугу анын кол алдындагы кызматкерлердин өз каалаганын кылуусуна алып келүүдө".

Адам сатуу, эмгек жана сексуалдык кулчулукка каршы иш алып барган "Оазис" коомдук уюмунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева 13 жашар секелектин колдон-колго өтүүсүнүн артында адам сатуу кылмышы турат деп эсептейт:

Мээрим Осмоналиева
Мээрим Осмоналиева

"Бул өтө оор кылмыш. 13 жашар кыздын окуясы - сексуалдук эксплуатациялоого жатат. Бул иш Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө болууга тийиш. Бул иш "зордуктоо" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген беренелер гана эмес, "адам сатуу", "сексуалдык кулчулукка сатуу", "баланы уурдоо" жана башка беренелер боюнча да каралышы керек. Кордогон адамдар катаал жазага тартылышы керек. Бул иш эл аралык стандарттардын алкагында иликтениши абзел".

Пикетке чыккандар менен ИИМдин басма сөз катчысы Тилек Оторов жолугуп, 13 жаштагы кыздын милиция кызматкерлери тарабынан кордолушу боюнча кылмыш иши сотто каралып жатканын билдирди:

Тилек Оторов
Тилек Оторов

"Иш боюнча Свердлов райондук прокуратурасы иштеп, сотко өткөргөн. Азыр сот жүрүп жатат. Ал эми төртүнчү адамдын иши да тергелип бүтүп, сотко жиберилди".

Басма сөз катчынын маалымдашынча, министр Улан Ниязбеков президенттин тапшырмасы менен аймактарды кыдырууга даярданууда.

Президенттин администрациясы бул ишке Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева да көз салып жатканын, ошондой эле Башкы прокуратуранын да көзөмөлүндө экенин билдирди. Билдирүүдө Чынбаева Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн кызматкери сот жараяндарына мониторинг жасай турганы да айтылат. Зомбулукту алдын алуу үчүн коомчулукта атайын өнөктүк уюштурууну да сунуштаган.

Кризистик борборлордун талабы

Ушул эле күнү Кыргызстандагы 30га жакын кризистик борбор, укук коргоо уюмдары жакынкы күндөрү эле аялдар, балдар кордолгон 20дай фактыны тизмелеп, президент Садыр Жапаровдон зордук-зомбулукту токтотуу чараларын көрүүгө чакырган кайрылуу таратты.

“Биз күн сайын аялдарды жана кыздарды өлтүргөнүн, асып койгонун, өрттөп жатканын, тирүүлөй көмүп жатканын, майып кылып койгонун, зордуктаганын, уруп сабаганын, уурдаганын жана никеге турууга мажбурлаганын билип жатабыз. Муну менен катар зордукталган аялдар көп учурда соттордун босогосун жыртууда. Ал эми зомбулук жасаган жана өлтүргөн адамдар тийиштүү жазаларын албай келүүдө”, - деп айтылат анда.

Мындан тышкары 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75%, ала качуу боюнча иштердин 94%, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90% кыскартылганы айтылып, аялын өлтүргөн адамга сот шарттуу жазаны берип койгон учурлар бар экенин билдиришкен.

Кайрылууга кол койгон уюмдар президенттен ыкчам жыйын өткөрүүнү, мамлекет башчынын гендердик суроолор боюнча кеӊешчиси институтун киргизүүнү сунуштады.

"Балдар менен иштеген кызматкерлерге талап жогорулады"

13 жашар кызды зордуктоого катышы бар деген милиция кызматкерлеринин иши ИИМдин өзүндөгү Ички коопсуздук кызматында каралган. Бул кызматтын жетекчиси Сталбек Рахманов жашы жете электер менен иштей турган кызматкерлерге талап жогору экенин, аларды кошумча окутуп жатышканын айтты.

"Бизде каралган, азыр сот жүрүп жатат. Соттун чечимин күтөлү, ошого жараша жазасын алышат. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, миңдеген кызматкерлердин ичинен минтип айыпталып жатканы өкүнүчтүү. Биздеги жаңы талаптарга ылайык, жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорду кызматка алууда алардын юридикалык гана эмес, педагогикалык билими болушуна да көңүл бурулуп жатат. Андан тышкары кызматкерлерди кошумча окутуп жатабыз. Президенттин тапшырмасы менен былтыр октябрда ИИМде атайын үй-бүлөлүк жана башка зомбулуктарга каршы бөлүм түзүлгөн. Жер-жерлерге көчмө кабылдама түйүндөрү уюштурулуп, алар убак-убагы менен алыс-жакынкы аймактарды кыдырып турушат. Элден түшкөн арыз-дооматтар боюнча иштер жүрүп жатат".

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган.

Эдил Байсалов маалымат каражаттарын айыптады

"Азаттыктын" макаласынан кийин окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, зордуктагандарды жоопко тартууну талап кылгандар көп болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул окуяны Твиттерде бөлүшкөн колдонуучуга жооп катары "муну жазып, сыздоону андан ары жайылтуунун эмне кереги бар?" деген өңүттө жооп калтырган.

Интернет колдонуучулар Байсаловдун жазганын бөлүшүп, социалдык тармакка жооптуу жетекчинин мындай жообу кечирилгис экенин белгилеп, айрымдар кыз кабылган кордук боюнча бийликтен адекваттуу реакцияны талап кылууда.

Социалдык тармактарда мындай билдирүүнү кызды кордогон милиционерлерди коргоо деген тариз сыпатталган карикатура да жарыяланды.

Байсалов өзүн сындагандарга жооп кайтарып, айрым маалымат каражаттарын "коомду стресске кептеп жатат" деп сынга алды.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Бул окуя албетте мага өкмөт мүчөсү гана эмес, жаран, ата катары да терс таасирин тийгизди. Мен өкмөттө маалыматтык саясатты да көзөмөлдөйм. Башка өлкөлөргө салыштырсак деле, бизде - Кыргызстанда эле терс мазмундагы маалыматтар биринчи бетке чыгарылат. Мага тоодогу малчылар да айтышты, бизде маалыматтар элди стресске кептейт экен. Бизге "маалыматтык гигиена" керек. Европада деле криминалдык маалыматтар эң акыркы беттерге, майда тамгалар менен чыгарылат. Мен мындай маалыматтарды жашырып-жапкыла дебейм, бирок мындай маалыматтарды берип, упай, көрүү жана башкаларды чогултуунун да жоопкерчилиги болушу керек. Элдин маанайы үчүн бир нече башкы редакторлордун жоопкерчилиги керек. Бул жерде 13 жашар кыздын иши эле эмес, маалымат саясатын айтып атам. Мен бийликти мактагыла дегеним жок. Бирок мындай хроника күн сайын маанайыбызды бузуп, элдин социалдык капиталын жоюп, мамлекетибиздин негизин бузуп койчу саясат болуп жатат".

Эдил Байсаловдун мындай пикири да коомчулукта кызуу талкууларга жем таштады. Айрымдар социалдык тармакты тейлеген жетекчи "адам укугу, эң ириде баланын укугу бузулган окуяны криминалдык хроникага теңеди" деп сындагандар чыкты.

"Адам укугун коргоо - өкмөттүн милдети"

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Кыргызстанда адам укугу биринчи маселе экенин эске салды:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

"13 жаштагы кыздын милиция кызматкерлери тарабынан зордукталышы - мамлекеттик деңгээлдеги эң жаман окуя! Башмыйзамда "Кыргызстан - социалдык-укуктук мамлекет" деп жазылып турат. Демек, бизде адам укугу биринчи орунда турат. Укук коргоо системасы адам укугун коргоого багытталганы үчүн укук коргоо органдары деп аталат. Алар элди коргошу керек. Эң ириде балдардын укугун коргоого тийиш, себеби алар өз укуктарын сактай албайт. Эгер вице-премьер-министр муну түшүнбөсө - бул уят! Байсаловдон эл тескерисинче "бул кылмыш өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүнө алынып, иликтенип, тез арада жыйынтык чыгарылат" деген жооп күткөн. Бул болсо теңирден тескери - журналисттерди айыптап отурат.
Өкмөткө биз салыкты төлөп коюп, унчукпай отура бергенибиз керекпи? Биз салыкты өкмөт иштесин, биздин укугубузду коргосун деп төлөп атабыз".

Өкмөттүн жообу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда Бишкекте журналист, блогер жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен жолугушуу учурунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы, күч органдарынын реформасы жөнүндө “Азаттыктын” суроосуна төмөнкүдөй жооп кайтарды:

“Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Илгери өлүм жазасын алып, демократиялык өлкө бололу дегенде каршы болуп Аскар Акаевге кайрылгам. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек”.

Жапаров зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөрүн кошумчалады. Министрдин отставкасы тууралуу талаптарга жооп бере элек.

Өкмөт башчы 4-июлда Кыргызстандагы нааразылыктардын 80% ашууну элдин укук коргоо органдарынын ишине канааттанбаганына байланыштуу экенин маалымдаган.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан дооматтарынан кабар алууну тапшырган.

Аялдардын тынчтыгы жана коопсуздугунун 2021-жылдагы глобалдык индекси (WPS) боюнча Кыргызстан 170-өлкөнүн ичинен 97-орунда турат.

Кыргызстан былтыркы көрсөткүчтөрү менен аялдарга карата зомбулуктун көптүгү жагынан Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң акыркы сабында, бирок адам укуктарынын тебеленишине байланыштуу эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылып келаткан Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак сыяктуу өлкөлөрдүн алдында турат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG