Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Зордукталган секелектер, акталган шектүүлөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу судьялар маалымат жыйын өткөрүп, кабыл алган чечимине түшүндүрмө беришти. Буга майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучунун абактан бошотулушу себеп болду.

Созулган убакыт, кыскарган кылмыш иши

Бишкек шаардык соттун судьялары "жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталгандар акталды" деген маалыматты четке кагышты. Айыптуулардын ар бирин жабырлануучуга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген токтом кабыл алынып, иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эркиндикке кое берилгенин айтып жатышат.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиевдин айтымында, иш 1997-жылкы Кылмыш кодекси менен каралган, анда ушундай жумшартуучу беренелер болгон. Иш жабык каралганы үчүн жараян тууралуу коомго ачык маалымат бере албайбыз дейт.

Айвар Кубатов.
Айвар Кубатов.

Чечимди кабыл алган судьялардын бири Айвар Кубатов мындай деди:

"Окуя 2013-жылы болгон. Кылмыш иши 2015-жылы козголгон. Ошондон бери териштирүү жүрүп, аягында Бишкек шаардык сотуна түшкөн. Жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бошотулушкан".

13 жаштагы, майыптыгы бар кызды зордуктоого алты адам шек саналган. Алардын ичинен төртөө соттук териштирүү башталган учурда 14кө толо элек болгондуктан, иште күбө катары өтүшкөн. 16 жаштагы эки улан соттолгон. Алардын иши алгач Сокулук районунда, анан Чүй облусунда, Жогорку сотто жана Бишкек шаардык сотунда дээрлик жети жыл каралган.

Сокулук райондук соту айыптууларды сегиз жылдан эркинен ажыратып, бирок мунапыстын негизинде жазасын жеңилдеткен. Чүй облустук соту чечимди күчүндө калтырган. Жогорку сот ишти кайра кароону Бишкек шаардык сотуна жиберген.

"Жети жылда жети жолу эле соттук отурум болду"

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 13-июлда айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (тогуз жыл) жаза чегерген эмес. Шаардык сот жашы жете электерге кылмыштын эскирүү мөөнөтүнүн жарымы гана колдонуларын белгиледи.

Жабырлануучу кыздын адвокаты Чолпон Кудайбердиева соттор ишти атайлап создуктуруп келгенин айтып жатат.

Чолпон Кудайбердиева.
Чолпон Кудайбердиева.

"Жети жыл ичинде толук кандуу жети эле отурум болду. Калган учурларда айыпталуучулардын адвокаты келбейт же прокурор жок болуп калат. Болбосо айыпталуучулар ооруп калган болот. Судьялар окууга кетип калган учурлар да болду. Ал эми кыз апасы экөө ар бир сотко келип жүрдү".

Зордук-зомбулук боюнча кабыл алынган чечимдер, күч органдарынын аракети алгачкы жолу сынга алынып жаткан жок.

8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

27-майда жашы жете элек кызга тийишкен адамды үй камагына чыгарган Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков жетекчилик кызматтан кеткен.

Түп районунда 16 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши создугуп келе жатканына укук коргоочулар жана кыздын жакындары нааразы экенин билдирип келишет.

Араван районунда беш жаштагы кызына сексуалдык ыдык көрсөттү деп шек саналган адамдын иши "далилденбегени үчүн" кыскартылган.

2020-жылы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун "Бишкек Парк" соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айыпташкан. Коомчулуктун реакциясынан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык мөөнөтү аяктаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кайра кызматка дайындоодон баш тартып, аны иштен бошоткон.

Андан кийин 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган үч кишинин экөөнү актап, бирин жеңил жазага тарткан Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митинг өткөн.

"Өгөй атам зордуктаган".

Соңку бир-эки айдан бери блогер Назира Айтбекова социалдык тармактар аркылуу ага Кыргызстандын булуң-бурчунан зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер жазып жатканын айтууда. Алардын айрымдарынын аты-жөнүн жашырып, катын интернетке жарыялап турат.

“Саламатсызбы, Назира эже! Менин да көптөн бери ичиме батпай жүргөн арманым ушул эле. Өгөй атам зордуктап, андан боюма бүтүп калган. Апама билгизбей боюмдан алдыргам. Кийин бир жигит менен сүйлөшүп калдым. Ал мени “кыз эмессиң” деп таштап кетти. Андан соң өзүмө жакпаган эле балага турмушка чыктым. Айла жок, үйдөн кетиш керек болду. Андан бир бала төрөдүм. Бирок мага суук мамиле жасап, акыры урушуп ажыраштык. Азыркы учурда апам менен жашайм. Зөөкүрдү көргүм келбейт. Бирок балам менен каякка барам? Эч нерсем жок”, - деп жазган алардын бирөөсү.

Назира Айтбекованын баамында, кыздардын көбү жаш кезинде жакындары тарабынан зордукталган. Алардын көбү ишеничтин жоктугуган күч органдарына кайрылууга батынбайт. Айтбекова келген кайрылууларды социалдык тармакка жүктөп, көйгөйгө көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатканын, бирок укук коргоо органдары үн катпай жатканына нааразы.

"Соңку бир-эки айдын ичинде миңден ашуун кат келди. Күнүгө 49-50дөн чыгарып атам. Бир дагы орган кайрылып "кандай жардам керек?" дешкен жок. Бул темада журналисттер ар кандай талкууга чакырышат. Ошол жерден тиешелүү кызматтарга маселени айтсам, кыска номер беришет. Аны жабырлануучуларга жөнөтүп коем. Бирок кайра эле "Назира эже, алар жооп беришкен жок. Эч нерсе кылышкан жок" деген каттар келип атат. Мен өзүм ар кандай бейөкмөт уюмдар менен сүйлөшүп, кыздарга жардам көрсөтүүгө аракет кылып атам. Бирок мага деле оор болууда. Өзгөчө моралдык жактан".

Зомбулуктун жазасы катаалдаганы турат

Жогорку Кеңеш маселени чечүү үчүн жазаны катаалдаштырмай болуп, зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө тиешелүү алты мыйзамга өзгөртүү киргизген. Парламент мыйзамды кабыл алып, документ президентке жиберилген.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Мыйзамга президент кол коет деп күтүп атабыз. Эгер күчүнө кирсе, анда сексуалдык зордукка баргандарга амнистия колдонулбайт, мөөнөтүнөн мурда бошотуу деген болбойт. Аларга "жазага тартуунун мөөнөтү өтүп кетти" деген да болбойт. Андан сырткары жазага тартуунун жылдарын көбөйтүп, өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жеткирип койдук. Бул мыйзам үрөй учурган кылмыштарды азайтууга жардам берет деп турабыз", - деди мыйзамдын демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев.

Депутат парламент кабыл алган мыйзамга президент келерки аптада кол коюшу мүмкүн дейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок деп табылып токтотулган, 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деген себеп менен кыскартылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG