Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Түркмөнстан: Бийликтегилер эс алып жаткан аймактагы тургундардын кондиционерлери алынууда


Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстанда президенттин жакындары эс алып жаткан аймактагы үйлөрдүн тышына тагылган кондиционердик системалар алынууда. Бул тууралуу 7-июлда “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы жазды.

Маалыматта айтылгандай, Балкан велаятындагы Түркмөнбашы шаарындагы айрым кичи райондордо кондиционердин үйдүн тышкы дубалына тагылган бөлүгүн шаардын коммуналдык кызматтары чечип кетүүдө.

Шаардык администрация мунун себебин расмий түшүндүргөн жок. Ал эми мекеменин айрым өкүлдөрү президенттин жакындары жана жогорку кызматтагы аткаминерлер Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги “Аваз” курортунда эс алып жатышканын, алар көчөдөн өтүп баратканда кондиционердин сплит-системалары көрүнбөгүдөй болушу керектигин айтууда.

Бул күндөрү Түркмөнстандын айрым аймактарында күн ысып, абанын температурасы 40 градустан жогору көтүрүлүүдө.

Бийликке жакын адамдар “Авазга” эс алганы барганда бул шаарда тургундардын күнүмдүк жашоосунда башка да чектөөлөр, ыңгайсыздыктар жаралары, кондиционерлерди чечтирүү аракети жүрүп турары буга чейин кабарланган.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедовго бийлик быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон тийген.

XS
SM
MD
LG