Бийлик акыркы эки аптадан бери Кыргызстандын тышкы карызын утур-утур эскертип жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө карыздан убагында кутулбаса мамлекеттүүлүккө доо кетерин айтты. Президент Садыр Жапаров бересени төлөөнүн эң оор учуру анын президенттик мөөнөтүнө туш келгенин кайталады. Оппозиция болсо бийлик тышкы карызды курал кылып, коомчулуктан колдоо таппай аткан айрым мыйзам, демилгелерди өткөрүп алууну максат кылууда деп сынга алды.
Бийликтин эскертүүсү
Соңку эки аптадан бери карыз маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Президент Садыр Жапаров 2-июлда “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, тышкы карыз төлөнбөй калат деп кооптонууга негиз жок экенин билдирди.
“Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, бардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз”.
Президент 30-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөндө да тышкы карызга токтолгон. Карызды төлөөнүн эң оор учуру анын президенттик мөөнөтүнө туш келгенин, бересеге быйыл 23 млрд. сом, кийинки жылы 25 млрд. сомдун тегерегинде каражат кетерин айткан. Карызды төлөй албай калган тапта “өлкөнүн беделине шек келерин” белгилеген.
Мунун алдында, 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн алты айдагы иши боюнча парламентте маалымат берген. Ал да тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскертип, өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башкалардын колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин билдирген.
“2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 млн. доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 млн. долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 млрд. сомдон 50 млрд. сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. 80-85 пайыз тышкы карыздын 50 пайыздан ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Ал каражатты кайдан, кантип табабыз деп беш жыл катары менен ойлонушубуз керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак, Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда, Эксимбанк башкарууну кимге берсе ошол компанияга өтөт. Жакынкы Пакистан, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдө болгон фактыларды жакшы билесиздер”.
Бул үч ири долбоор тең мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда башталган. Эксимбанктан Бишкек Жылуулук электр борбору үчүн 386 млн. доллар, “Датка-Кемин” долбооруна 389 млн. доллар насыя алынган. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салууга Эксимбанк жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары 857 млн. доллар насыя берген.
Ички, тышкы карыздын таржымалы
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев президент болуп келген 2011-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. 802 млн. доллар болчу. Ал кызматын өткөрүп берген 2017-жылы карыз 4 млрд. 89 млн. долларга жеткен. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү башкарган 2017-2020-жылдары тышкы карыз 4 млрд. 217 млн. доллар болгон. 2021-жылы карыз 4 млрд. 298 млн. долларга чыкса, ушул жылдын апрель айына карата 4 млрд. 191 млн. доллар болуп турат.
Саясат талдоочу Айданбек Акматов Кыргызстандын экономикалык абалын эске алганда чын эле тышкы карыздан кутулуу оор болорун белгилеп, ошол эле маалда бийлик өкүлдөрүнүн акыркы билдирүүсүнүн себебин минтип божомолдоду.
“Бул элдин көңүлүн башка жакка буруу. “Биз көп карыз болуп калдык. Карыз деген кооптуу. Казино ачалы. Унчукпагыла. Коррупциялык жол менен табылган мүлктү мыйзамдаштырып берели. Ушулардан акча таап, карыздан кутулалы” деген да максат болушу мүмкүн. Элди улам эле коркута берүү туура эмес. Карыздан кутулуу боюнча олуттуу мамлекеттик саясат болушу керек”.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан 2016-жылдан тартып мамлекеттик карызды төлөө үчүн жылына 20 млрд. сомдон ашык каражат бөлө баштаган. Карызды тейлөөгө 2018-жылы 23 млрд. сомдон, 2019-жылы 28 млрд. сомдон ашык каражат коротулган. 2020-жылы карызга бюджеттен 30 млрд. сомдон ашык акча кетсе, былтыр 29 млрд. сомдон көп бөлүнгөн. Быйыл январь, май айларында 13 млрд. сом жумшалды.
Статистикадан азыркы бийликтин тушунда ички карыз көбөйгөнүн байкоого болот. 2017-жылы ички карыз 31 млрд. сомго жакын болчу. 2020-жылы ал 58 млрд. сомдон ашкан. Эки жылдын ичинде ички карыз 74 млрд. сомго чукулдады. Экономисттер мындай карыз аз убакытка, жогору пайыз менен алынарын эскертип, аны төлөө да оор болорун айтышууда.
Саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына “өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 млрд. долларга көбөйтүү ниетинде” деп жазган. Андан кийин, 2-июлга караган түнү Бишкектеги Ленин райондук милициясында сурак берип, өзүнүн ички иштер органдарына чакырылышын дал ушул посту менен байланыштырды.
Садыр Жапаров “Кыргызстандын карызы көбөйөт” деген маалыматты четке каккан.
“Карызды төлөө үчүн коррупцияны жок кылалы”
Оппозициялык саясатчы Бектур Асанов болсо тышкы карыз тууралуу бийлик башындагылардын айткандарын депутаттарга кулак кагыш жана ишкерлерди чочутуу аракети катары баалап жатат.
“ККМди ишке киргизе албай, салыкты чогулта албай жатканда элди, ишкерлерди чочутуу. Депутаттарга да эскертүү кылып, “мыйзамдарды кабыл алып бергиле” деген белги. Мамлекет дефолтко кабылганда гана карызды төлөй албай калат. Азыр өкмөттүн да, мамлекеттин да башында бир киши турат. “Бардык бийликти мага берсеңер жыргатам” деп айткан. Эми ошол убадасын аткарышы керек. Сотту да, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн баштап айыл өкмөткө чейин, бардыгын өзү дайындап атпайбы. Бийликтин баары колуна өткөнүнө 1,5 жылдан ашык убакыт өттү”.
Бийлик тышкы карызды төлөө үчүн Бажы менен салыктан түшкөн акчанын эле көзүн карабай, кошумча киреше булактарды да табуу керектигин билдирип келатат. Ага Кумтөр алтын кенин мисал келтирген.
Президент Жапаров 30-июнда кумарканаларды чет өлкөлүктөр үчүн ачууга уруксат берген мыйзамдарга кол койгон. Өкмөт Кыргызстан боюнча казинолор иштеп баштаса бюджетке жыл сайын 2 млрд. сомдон 5 млрд. сомго чейин киреше түшөт деп божомолдоп келет.
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров карызды тейлөөнүн жолдору тууралуу мындай деди.
“Үй-бүлөдө акчанын бир бөлүгү тамакка, дагы бир суммасы окууга, калганын кошунанын карызына деп бөлүштүргөндөй эле мамлекет да жыл сайын эсеп-кысап кылышы керек. Кыргызстан карызды 20-30 жылга чейинки мөөнөттө алган. Жыл сайын белгиленген мөөнөт менен төлөсө эле карыздан кутулат. Болгону популисттик эмес, реалдуу иш менен алек болуш керек. Бюджет ишкерлер төлөгөн салыктан толот. Демек, ишкерлерге шарт түзүү зарыл. Алардын санын да, сапатын да жакшыртып, инвестиция тартыш керек. Инвестиция алып келем десең коррупция жоюлуп, бюрократиянын азайышы маанилүү. Коопсуздук, адилет сот системасы орношу керек. Баарынан да бийлик өзү биринчи адилет болушу шарт”.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын апрель айына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 5 млрд. доллардан ашты. Анын ичинен 4 млрд. 191 млн. доллар тышкы, 901 млн. доллар ички карыз.
Негизи эле Кыргызстандын тышкы карызы, анын ичинде Кытайга болгон бересе элди кооптондурган маселелердин бири. 2021-жылы ошол кезде өкмөттү да жетектеп турган президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Финансы министрлигинде карыздан кутулуу үчүн каражат чогултууга депозиттик эсеп да ачылган. Ага түшкөн каражат тууралуу азырынча маалымат бериле элек.