Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Өкмөт кризиcке каршы планын жарыялады


Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев.
Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев.

Министрлер кабинети быйылкы жылга карата антикризистик иш-чаралардын планын бекитип, аны аткаруу үчүн 126 миллиард сом бөлүүнү чечти. Жети бөлүктөн турган планда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлдү.

Каатчылыкка каршы каражат

Коронавирус пандемиясынан улам экономикасы оор абалда турган Кыргызстанга Украина-Орусия кризиси какаганга муштаган болду.

Бир ай мурда, 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин доллар кымбаттап, импортко көз каранды Кыргызстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы жогорулады.

Өкмөт абалды жөнгө салуу үчүн жети бөлүмдөн турган антикризистик иш-чаралардын планын иштеп чыгып, 24-марттагы жыйынында аны бекитти.

Планда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары бар.

Мындан тышкары калкты социалдык жактан колдоо, ишке орноштуруу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, товар жүгүртүү боюнча иштер каралды.

Ал үчүн бюджеттен 126 миллиард сом каралат жана анын 2 млрд. сому пенсияны көбөйтүүгө, 32 млрд. 900 млн. сому мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, 26 млрд. сому айыл чарба насыяларына, 7 млрд. 200 млн. сому ишкерлерге насыя берүүгө жана бюджет аркылуу доллар менен берилген кредиттерди сомго которууга 36 млрд. сом бөлүнөт.

Негизинен мугалим, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт. Маянасы көбөйө тургандарга бул жолу күч жана аскер кызматкерлери кирген жок.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн буга окшогон жакынкы убакта аткарыла турчу иштери менен кошо узак мөөнөттүү пландарына да токтолду.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Экономиканын өсүшүнө бут тосуп жаткан тоскоолдуктарды алып салып, Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алабыз. Өлкө рыногунун көлөмүн кеңейтип, энергетиканын жаңы кубаттуулугун киргизебиз. Жакынкы 3-5 жылдын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1 ишке кирет. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи фазасына 498 млн. долларды мобилизациялайт. Быйыл курулушка даярдык көрүү үчүн бюджеттен 20 млн. АКШ доллары каралып, жакынкы арада ишти баштайбыз. Жакынкы жылдары Камбар-Ата ГЭС-1 ишке кирсе, бул Камбар-Ата ГЭС-2нин толук кубаттуулукта иштөөсүнө шарт түзөт. Экинчи жана үчүнчү блокторду ишке киргизүү менен Камбар-Ата ГЭС-2нин жалпы кубаттуулугу жакынкы үч жылда 360 МВт түзөт. Ошондо эки ГЭСтин жалпы орнотулган жана ишке киргизилген кубаттуулугу 1000 мегаватт болот. Мен сыйкырчы эмесмин жана биздин команда сыйкырчылардан түзүлгөн эмес. Азыр ар бир жаран Конституциядагы милдеттерин так аткарып, салык төлөшү керек. Ал эми биздин өлкөдөн киреше таап жаткан ишкерлердин эки эсе жоопкерчилиги бар. Болгону салык төлөгүлө”.

Негизги маселе калкты азык-түлүк менен камсыздоого барып такалды.

Министрлер кабинети жакында эле алты айга Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагынан тыш жакка буудай, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, жумуртканы экспортоого тыюу салган. Бул азыктарды Кыргызстанга ташып келүүдө кошумча нарк салыгы алынбайт. Мындан тышкары уй этин, чөп, саман, арпа жана сулуну Кыргызстандын аймагынан чыгарууга болбойт.

Акылбек Жапаров ушу тапта өлкөдө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 120 миң тонна буудай бар экенин жана 30 ун комбинатынын 25и иштеп жатканын, андан тышкары 2 млн. литрдин тегерегинде өсүмдүк майы турганын айтты.

Аткезчилердин арааны ачылдыбы?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташып кетүүгө аракет кылып жатканын эскертти.

“Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат. Коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калды”.

Экономика жана коммерция министрлиги Британиянын Экономика жана социалдык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун изилдөөсүнө таянып Орусиянын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2022-жылы 8 проценттен 12,4% чейин төмөндөй турганын билдирди. Бул өлкөнүн экономикасына тыгыз байланышкан Кыргызстанда инфляция жогорулашы мүмкүн деп божомолдоп турат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Министрлер кабинети кабыл алган антикризистик иш-чаралар тууралуу буларга токтолду.

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Кырдаалга жараша планды аткаруу үчүн бөлүнө турган 126 млрд. сомдун суммасы өзгөрүп турушу мүмкүн. Эгерде өзгөрө турган болсо каражатты көбөйтүү гана каралат. Буга чейин айтылгандай 7,2 млрд. сом чакан ишкерчиликти колдоо жана пайызсыз насыя берүү үчүн планга киргизилди. Антикризистик план жети бөлүм, 51 иш-чарадан турат”.

Каатчылыктын карызга тийгизген таасири

Жыл башынан бери Кыргызстанда сомдун АКШ долларына болгон расмий курсу 17,3% төмөндөгөнү белгилүү болду. Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин эки жума аралыгында 20 сомго кымбаттап, 105 сомго чейин жеткен.

Азыр 90-95 сомдун айланасында болуп жатат. Доллардын курсу олку-солку болуп жаткандыктан быйыл Кыргызстанда тышкы карызды төлөөгө кошумча 6 млрд. сом каралып жатканын каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

“Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 700 млн. доллар. Быйыл сырткы карызды төлөөгө бюджеттен 26 млрд. 600 млн. сом каралган. Биз карызды тейлөөдө бир долларды 88,4 сом менен деп эсептегенбиз. Бирок азыр доллардын курсу өзгөрүп кетти. Ушундан улам сырткы карызды төлөө үчүн кошумча 6 млрд. сом каралып атат. Бирок бизге сырттан келе турган жардам да бар. Тобокелдикти азайтуучу, бюджетке оорчулук алып келбей турган механизмдер иштелип чыккан. Ошондуктан тышкы карыз өз убагында, тийиштүү көлөмдө толук төлөнөт”.

Министрлер кабинети доллардын курсунун туруктуу болбой жатканына байланыштуу соода өнөктөш өлкөлөр менен импорттук-экспорттук операцияларды улуттук валютада ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров өкмөт каатчылыктан чыгыш үчүн артыкбаш чыгымдардан баш тартууга тийиш деп эсептейт.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Өкмөт доллар менен алынган насыяларды конвертация кылыш үчүн 1,5 млрд. сом бөлүп атыптыр. Бул болбогон эле акча. Анткени Кыргызстанда кредиттик портфель 150-200 млрд. сомго чукулдайт. 1,5 млрд. сом бир пайызга да жетпейт. Айлыктарды көтөрөбүз дегени жакшы. Себеби, азыр баары кымбаттады. Бирок өкмөт кендерди иштетүү, туризмди өнүктүрүү деп эле ар кандай жаңы ишканаларды, агенттиктерди түзүп ар бирине млрд. сомдон бөлө бергени туура эмес. Мамлекет бизнеске шарт түзүп киришпей эле койгону жакшы. Болбосо акча дайыны жок эле коромжу болот”.

Министрлер кабинети Кыргызстан мындан да оор кризистерди баштан кечиргенин, бул кырдаалдан да чыгып кетерине убада берип жатат.

XS
SM
MD
LG